24-БӨЛҮМ.
Аскатты узаткандан бери бир жыл өттү. Кимдер жанындай көргөн жакын адамын сагынса, менин абалымды жакшы түшүнө алат болуш керек. Канчалык көп сүйлөшүп, убактыбызды телефондо, интернетте бирге өткөрбөйлү, баары бир Аскатты сагынып жаттым. Эч кимге айта албай кыйналып жүргөн күндөрдүн биринде ал таптакыр эле жоголуп кетти. Телефонун албайт же байланышка да чыкпайт. Мындай эч качан болгон эмес эле, жаным көзүмө көрүнүп жүрдү. Атам таптакыр байланыша албаган соң Америкага учуп кетти. Дагы бир нерсенин ичинен чыкканын билип эле турдум, бирок көңүлүм жамандыкка бура албай жатты. Адам катуу кыйналганда жок дегенде көңүлдөгүсүн айтып ала турган бир адамга ыктайт экен. Илимбек байке телефон чалганда биринчи жолу сүйүнүп кеттим. Анткени көңүлүмдөгү бурганакты кимдир бирөөгө айтып албасам жарылып кетчүдөй абалда элем.
– Эмне болду?- деди ал дароо эми ыйлап жибере турган абалымды көргөндө.
– Эч нерсе...
– Көрүп турам го. Бир нерсе болгон экен. Сен менден эч кандай сыр жашырбайм деп айтканың эсиңдеби?
– Аскатты сагындым! Ал байланышка чыкпай жатат.
Ушинтип айтып ыйлап жибердим. Буркан-шаркан болуп турган сезимдерим эми бир жылчык тапкандай агылып кетти. Сагынганымды, жанымдын кыйналганын, дагы бир нерселерди айта бердим. Илимбек байке мени кучактап сооротуп жатты.
– Эмне кылайын айтчы, азыр баарын жасайм сен үчүн. Сенин бир тамчы жашың үчүн баарын жасайм. Ыйлабачы, баарын жасайын алдыңа...
– Аскатты сагындым!
Көкүрөгүмдөн мындан башка эки ооз сөз чыкпай буулуга ыйлай бердим. Анан... анан... анын ар жагын такыр эстегим келбейт. Кандайча мындай болду, ушу кезге чейин өзүм да түшүнбөйм. Көрсө, алыстан жайылган тор баары бир өз курмандыгын илет көрүнөт. Көпкө ыйлап соорондум. Күүгүм кирип калган экен, шашыла ордумдан турдум.
– Үйгө кантип барасың, апаң тынчсызданат. Жок дегенде өзүңө келип, бети-башыңды жууп ал,- деди Илимбек байке.
Чындыгында апам бул түрүмдү көрсө башымдан сылабашы анык. Анын үстүнө үйдө эмес, сыртта жүрүп оюмду жыйып алышым керек. Ушуларды ойлоп Илимбек байкенин сунушуна макул болдум. Жок, чындыгын айтышым керек, тек жалгыз калгандан корктум. Бир таяныч табылып калгандай, менин кайгымды, сагынычымды бөлүшө ала турган адамдын көңүлүн четке кага албадым. Дагы бир себеби, мен ишендим. Илимбек байке бир жыл ичинде ушунчалык ишеничиме кирип алгандыктан, аны бир тууган агамдай көрөр элем. Көрсө, турмушта баары эле мен ойлогондой апакай эмес экен.
– Жүрү, үйгө барып бети-башыңды жууп, тамактанып ал. Анан үйүңө жеткирип коём.
– Макул.
Үйүнө жетип, ваннага кирип жуунуп, кайра чыктым. Илимбек байке дасторкон жасатып коюптур, көрүп дароо баш чайкадым.
– Мени жеткирип коюңуз!
– Жүрү, бир аз тамак ичип алалы.
– Жок, апам күтүп жатат.
– Убактыңды деле албайм, мени менен бир жолу тамак ичип койчу.
– Үйгө барышым керек.
Менин өжөрлүгүм анын жинине тие баштады. Колумдагы сумкамды алып ыргытып, кыйкырып жиберди.
– Эмнеге бир айтканды түшүнбөй жатасың?! Сага айттым го...
Коркунуч тамагыма кептелип калды. Жан талаша сумкамды жерден ала эшикке бой урдум. Эки аттап жетип Илимбек байке мени кучактап калды. Анын күчтүү колдорунан чыга
албай чыңырып жибердим.
– Кыйкырба, акырын, акырын...
Демигип жаткан ал мени тез колуна көтөрүп экинчи кабатка жөнөдү. Тыпырап жаттым. Кыйкырып, колунан жулкунуп жаткан мени кучагынан чыгарбады.
– Мен сени эч кимге бербейм! Сен менин жашоомсуң! Мен сени кайра коё бере албайм. Айшам менин!
– Жок, мен Данекмин, сиз жаңылып жатасыз... Коё бериңиз мени, суранам, коё бериңиз...
– Жок, сен меникисиң!
Ушу сөздөр менен өпкүлөп кирди. Жараткан, аялды неге мынчалык алсыз кылдың экен? Мен бир гана өлүмдү тилеп жатып эсимден тандым. Кандайдыр бир муздак нерсе жүзүмө тийди. Акылым, эсим өзүмө кайрылып баштады. Ошол замат өзүмдөн өзүм жийиркендим. Ушу күндөн баштап мен Данек болбодум! Кор болгон, тытылган денем менен гана калдым. Ал денени аргасыз сүйрөгөн алсыз рухум калды. Мени бул абалга жеткирген адам өз күнөөсүнүн оордугун билип, бир сөз айта албай, кирпик көтөрүп карай албай башын мыкчыган боюнча отурду. Эсиме келтирем деген окшойт, жүзүмө, денеме суу чачкан экен.
Ордумдан турсам буттарым калчылдайт, андыктан эшикти көздөй жөрмөлөп жөнөдүм.
– Данек!
Келип сүйөй калайын деди эле, эркимден тыш чыңырып жибердим.
– Коркпо, тийбейм, тийбейм, тынчтансаң. Мен сага бир нерсе айтайын. Мен...
Эмнени айтып жатат билбейм, бир нерсени далбастап түшүндүрүп жатты. Артымдан ээрчий чыгып мен таксиге отуруп жөнөгөндө да бир нерселерди айтып жатты. Отуруп кете бердим. Тынбай чырылдаган телефонумду алсам атам экен.
– Данек, эмне албай жатасың, кызым?
– Мен...
– Мен биздин тентекти таптым. Адатынча бирөө менен урушуп кетиптир да, бир аз муштум жеп калыптыр. Бирок азыр баары жакшы. Мен жанындамын. Трубканы сурап жатат.
Берейинби?
Жок! Анын үнүн угууга бетим чыдабады. Жан талаша телефонду басып салдым. Аскаттын үнүн угууга акым жок эми. Менин эми Аскатта эч кандай акым жок. Чырылдап жаткан телефонду албай тура бердим. Безилдеп жатып ал да токтоду. Баары бүттү! Анан эмне болду? Же мындан кийин эмне болушу керек? Гүлдөп турган Данек кыз сабагынан үзүлгөн жалбырактай үч бүктөлүп жерге түштү. Окуя тууралуу эч кимге айткан жокмун, айта турган, арманымды бөлүшө турган деле адамым жок эле. Кимге эмне деп айтмакмын? Менин акмактыгым, акылсыздыгым, ишенчээктигим эмеспи бул? «Анын үйүндө эмне кылып жүрдүң?» деген суроо чыгат же «аны менен эмнеге байланыштың? » деген кеп болушу мүмкүн... Чоң апам болсо, балким, айтат белем, бирок апама айта албадым. Апама ишенбегенден эмес, болгону ал муну укса барып эмне кылып жиберет деп корктум. Бир жума нес болгон адамдай эле эптеп мектепке барып-келип жүрдүм.
Мектептен келе жатсам апам алдыман кубанып чыкты.
– Эртең атаң менен Аскат келе жатыптыр, сүйүнчү!
– Ыя?
– Аскат келе жатыптыр.
Шалдайып сумкам колуман түшүп отуруп калдым. Кантип, кайсы бетим менен карайм? Экөөбүздүн ак сезимибизге так түшүрүп коюп эч нерсе болбогондой кантип тосуп алам? Апам менин абалымды сүйүндү деп ойлоду окшойт, күлүп кайра кирип кетти. Кайдадыр жоголуп кетким келди. Аскаттын жүзүн көрбөй, ысымымды сагынычтуу атаганын укпай өлүп кетким келди. Ал күн жакындап келе жатты. Жок шылтоону айтып бир жакка кетип калайын дейм, Аскатты көргүм келип жатат. Калып калайын дейм, бирок кантип? Оюмду жыйганча атам менен Аскат да келип калышты...
Убакыт мага каршы иштеп жатабы же мен убакытка уттуруп жатамбы билбейм, көз ирмемдей тездикте үйлөнүү тоюна даярдыктар башталды. Мен эмне кыларымды билбейм, бөлмөмө камалып алып баягы төрөгөн апамдын каттарын кайра-кайра окуп отурам. «Күнөөлөрүм үчүн сенден да, Жараткандан да кечирим сурайм. Сен менден күчтүү бол, жарыгым. Сен менден бактылуу бол! Чоң энеңдин айтымында, сен акылдуу кыз болуп чоңоюп жатыпсың. Аны угуп, атаңды тартканыңды түшүндүм. Сүрөтүңө карап менин көчүрмөм экениңди билдим. Ошого каниет... Кош. Апаң Гүлай.»
Ушу саптарды кеминде 30 жолу окудум. «Менден бактылуу бол» деген экен бечара аял, бирок андан да бактысыз болорумду кайдан билди. Ал жок дегенде сүйүктүү адамынан кыздуу болуптур, а мен...
Аскат келерин билген күнү үйдөн чыгып, көчөдө басып жүрө бердим. Телефонума чалуулар, билдирүүлөр биринин аркасынан бири келип жатты. Калтыраган колдорум менен жансыз телефонду тиктеп эле тура бердим. Аскат экөөбүз көп келе турган сейил бакка, дал биз отурган жерге келдим да, бүрүшүп эки тиземди кучактап түн киргенче отура бердим. Ал келди! Мен келишин каалабай, көзүн тиктөө мен үчүн өлүм болуп турган учурда да анын мени таап келгенине жүрөгүмдүн бир бурчу тыбырап сүйүнүп жатты. Ал жаныма келди да, үңкүйүп отура берди. Мен билген Аскаттан башка адам жанымда отургансыды. Адатынча кыйкырбады, өкүрбөдү, жинденген да жок. Минтип үнсүз жазалагандан көрө менин колу-бутумду жулуп, туш тарапка ыргытып жиберсе жеңил болбойт беле.
– Эмнеге 50 жолу телефон чалдың?- дедим акыры чыдабай кетип.
– А сен эмнеге жооп бербедиң?
– Кечирип кой...
– Анан?
– Кечир мени!
Башка сөз айта албасымды билди окшойт, Аскат каткырып күлүп жиберди. Ачуу, ыза, какшык толгон күлкүсү бир топко жаңырды да, тып токтой калды.
– Айтчы, ушуну менен баары бүттүбү? Сен бир ооз кечирим сурап коёсуң, анан экөөбүздүн ортобузда эч нерсе болбогондой эки жолго түшүп кетебизби? Сен үчүн ушундай эле жеңилби? Айтчы, эмне болду?
– Мен...
– Эмне сен?
– Мен ага... турмушка чыгам!
Аскат муштуму түйүлүп барып өзүн араң токтотту.
– Сен андай эмессиң. Өз эркиң менен ушу кадамга барып жатканыңа ишенбейм. Эгерде мен үчүн, мени түрмөдөн сактап калганы үчүн ушундай болуп жатса, мен түрмөдө чирип өлгөнгө даярмын! Мени билесиң го, сен үчүн баарын кылам, сен үчүн оңолдум, адам болдум го. Эмне болду, баарын айтчы?..
Ушу күнгө чейин ойлоном. Мен ошондо баарын Аскатка айтып салсам туура болот беле? Жини менен барып тигини өлтүрүп салмак, аркасынан өзү кете бермек. Анан баары бүтмөк, мен үчүн да, ал үчүн да. Бирок мен айта албадым, коркоктук кылдым, тилимди тиштеп алдында күнөөлүү болуп туруп бердим. Аскат сурай берип тажады. Жини келип ордунан туруп басып кете турган болду.
– Аскоо!
Менин үнүмдү укпадыбы же угуп туруп кайрылгысы келбей койдубу, Аскат кетип калды. Алгач анын кайрылып келишин күтүп жаттым. Мени таштап басып кетиши мүмкүн эмес эле, бирок бир топ убакыт өткөндө чын эле кетип калганын билдим. Жанымдын жартысын жоготуу оңой эмес эле. Түндү жара бакырып-бакырып алдым. Тура калып аркасынан чуркагым келди. Өкүрүп, өксүп, боздоп ыйлап жаттым. Бир кезде темселеп аркасынан бара жатып кулап түштүм. Караңгылык мени курчап алды.
Көзүмдү ачсам, ооруканада жаткан экем. Дагы эсимди жоготуп койгонумду сездим да, кыжалат боло ордуман тура турган болдум. Эшик ачылып, палатага Илимбек байке менен атам кирип келди. Көрсө, мен жыгылып калганда Илимбек байке таап, ооруканага алып келип, атамдарга кабар берген экен.
Бир жумадай ооруканада жатып араң жакшы болдум. Тойду жылдыралы дегендерине караманча-каршы болуп туруп алдым. Мен атамдын үйүндө, Аскаттын жанында турганга кыпындай да акым жок эле. Антип жашай да албайт элем. Аскат бул күндөрү мени көрсө да көрмөксөнгө сала далысын салып бурулуп кетип жатты. Той көйнөгүмдү бөлмөмө алып кирип жатышканын көргөндө да мыскылдуу жылмайып алды. Андан кийин бөлмөмө кирип, көйнөктү сынай тиктеп, шылдыңдуу ышкырып койду. Жүзүнө тик карай албай китебиме үңүлө бердим.
– Хм, жакшы көйнөк экен. Канча турат?
– ...
– Айданек, той качан?
– ...
– Мен сени менен сүйлөшүп жатам.
– Билет экенсиң го, өзүң баарын дайындап жатыптырсың.
– Мен атама гана жардам бергим келди. Ушунча жыл бекер бакканы аз келгенсип...
Кимдир бирөө жаакка чапкандай селт эте түштүм. Ушул күнгө чейин менин бакма кыз экенимди атам да, апам да, Аскат да бир сөз кылган эмес эле. Ошондо гана көзүмдү көтөрүп Аскатты тиктеп калдым. Ал мени эзелки өчү бар адамдай муздак тиктеп турган экен, ичиркене түшүп, кайра карегимди тартып алдым. Ал мага жакын келип эңиле кулагымдын түбүнө шыбырай берди.
– Макул, карындашым, сенин тоюңдун камын мен көрбөгөндө ким көрөт эле?..
– Болдучу, Аскат!
– Болбосомчу, баары бир биздики бүткөн окуя эмеспи. Бирок эсиңде болсун, минтип бүтүп калбайт. Сен мени кандай азапка салсаң, эми мен сенин жашооңду тозокко айлантам. Сенин жана күйөөңдүн... Мени жөн гана калып калат деп ойлосоң, жаңылышасың. ..
Ушуну айтты да, Аскат чыгып кетти. Кандай ачуу сөздөрдү айтсаң да, мен баары бир эч качан сени жек көрө албайм. Ал тургай мени өлтүрүп койсоң да, миң алекет кыйноого салсаң да мен сени жек көрө албайм.
Мына, ак көйнөк кийген Данек күзгүнү тиктеп турат. Сулуу, муңдуу колукту... Кимдир бирөө башынан сылап жиберсе баа этип бакырып жиберип арманын, кайгысын айтканга даяр Данек... Бирок эч ким башымдан сылабады, эч ким жаным араң илинип турганын байкабады. Күзгүнү тиктеп турсам атам кирди. Коомайлана берип колундагы белегин сунду.
– Кызым, мен көп сүйлөй албайм, билесиң. Болгону бактылуу болушуңду каалайм. Бул чоң энеңдин жакшы көргөн билерик, шакектери. Сен турмушка чыкканда өз колу менен
салам деп жүргөн. Чындык дайыма улуу, туура, сени багып алганбыз. Бирок, кызым, өз кызымды да сендей жакшы көрбөсөм керек. Сен кантип ойлойсуң билбейм, бирок сен менин кызымсың!
– Сиз менин чыныгы атамсыз!
Мен атамдын моюнуна асылып калдым. Кучакташып турганыбызда атамдын көз жашы менин жүзүмө тамды. Туура, мындан канча жыл мурун бактысыз үй-бүлө дагы бир бактысыз наристени колдоруна алышкан. Башка адамдын кызы экенимди билем, бирок мени кучактап дирилдеп ыйлап жаткан адам – менин эки дүйнөдөгү атам экени чындык болчу.
– Бактылуу бол, кызым!
– Ата...
Сөз айта албай ыйга муунуп турган мени атам жетелей сыртка чыктык. Мына, жарданып менин тоюма келген, кубанып турган эл. Элдин арасында жерден көзүн албай Аскат турат. Көзүңдү көтөрбө, жаным, Данек сенин көз карашыңдын алдында алсыз экенин билесиң. Мага жардам бер! Ансыз бул үйдөн чыга албайм...
Колдоруң эмнеге муздак?- деген Илимбек колумду кармай салды. Мен куду ток ургандай селт эте түшүп, колумду жулка артка кетенчиктей бердим. Дароо жоругумду кимдир бирөө байкап калдыбы деп эки жагымды тиктеп алдым. Алыста турса да Аскат гана байкаптыр, көзүбүз чагылыша түштү. Жакындай түшсөм жини келе баш буруп кетип жаткан, караанымды көрсө качып кеткиси келген Аскат тез адымдай мага келе жатты. Эмнеге мындай кылды билбейм, жаныма жакын келип, колумду колдоруна алды. Бир жиндилик кылып жибербесе экен деп чый-пыйым чыгып кетти, көздөрүнө жалбарып тигилдим. Элден обочолой түштүк.
– Коркпо, колдоруңду эле жылытып берем...
Чын эле дирилдегеним басылып, жылый түштүм. Колумду көпкө кармап туруп коё берип, жүзүмө тиктеп калды. Өрттөнүп кеттим, баарын таштап, жалгыз гана ушул адамдын аркасынан кетким келди. Ак көйнөк кийгенимди да, элди да, баарын унутуп көздөрүнө чөгүп кетким келди. Колдорун күчүмдүн жетишинче кармап алып коё бербей турдум. Ал менин жан дүйнөмдө эмне болуп жатканын билди. Акмак кызмын, кандай акым бар эле, аны ушунча кыйнаганга, анын менден башка көргөн азабы аз беле? Аскат тез бурулду да, шарт чыгып кетти. Мен анын экинчи бул жерге да, менин жашоомо да кайра келбесин түшүндүм. Той өтүп жатты. Эмнегедир баары мага суз сыяктуу сезилди. Атам да, апам да кабактары салыңкы, ал тургай Илимбек да бул тойдо өз ордун таппай жаткандай, бир нерсеге кыжалат болгондой. Аскат чыгып кеткенден кийин эле мага баары бир болуп калган. Болгону жүрөктү мыжыккан бир оору турат. Кыйноом бүттү окшойт, той аягына чыкты.
Мен жаңы келин катары Илимбектин үйүнүн босогосун аттадым. Бир-эки күн өтүп келгендердин аркасы сээлдей, Илимбек экөөбүз эле кала турган болуп калдык. Аны менен жалгыз калгандан катуу коркор элем. Жаныма отуруп, саамайыма колу тийгенде шарт четке жыла бердим.
– Тийбеңиз мага!- дедим ал жакындайын дегенде эле калтырап.
– Чачыңдан гана сылайын дегем...
– Жок! Мен сизден корком.
Чынында коркуп калган экем, ал болбой эле мага кадам таштаганда жапайы үн менен чаңырып жибердим. Дароо баягы каргашалуу күн көз алдыма тартылып, сыртка кача турган болуп калдым. Ал селдейе катып калды да, артка чегине берди.
– Данек, мен эми эч качан сенин эркиңен тыш колумду тийгизбейм. Менин акмакчылыгымды кечир, мен эми эч качан... Мен...
Оозуна башка сөз келбеди окшойт, ушинтип айтты да, эки колу менен башын мыкчып туруп калды. Мен да шалак эте отуруп калдым. Эрксизден көзүмдөн жаштар ага баштады.
Жаңы үйлөнгөн эки адамдын бири минтип башын мыкчып, экинчиси көз жашын төгүп отурганы кинодо же китепте боло турган көрүнүш. Бирок бул менин чыныгы турмушум эле. Биз бир үйдө эрди-катын аталып жашап калганыбыз менен, чыныгы жубайлар болгон жокпуз. Коркунучу кетсин дедиби же мени аядыбы, же жумшарышымды күтүп жүрдүбү, Илимбек экинчи мен жакка жакындаган да жок. Ооба, сабыры түгөнгөндө окуп жаткан гезитинин аркасына жашынып алып менин ар бир кыймылымды тиктеп отурганын байкачумун. Ал мени ээрчитип жүргөнүнө, кечинде жумуштан келсе анын үйүнүн жарыгы күйүп турганына гана бактылуу.
А мен шордуу такыр көнө албай койдум. Анчалык деле акылсыз жан эмесмин, үйлөнгөндөн кийин чогуу жашашыбыз керектигин, аялы-күйөөсүнүн ортосунда боло турган мамиле экенин түшүнүп турам. Бирок...
Күндөр ушинтип уланып, таңдар ушинтип атып жатты. Анан жашоомду дагы бир жолу аласалдырган окуя болду. Өзүмдүн чыныгы атамды жолуктурдум. Мен анын жашоосуна капысынан келип чаң-будуң салсам, ал дагы менин жашоомдо капысынан пайда болду. Илимбек мени бир сыйлуу жерге кошо барышым керек экенин айтты.
– Ал жерге баары аялдары менен барышат. Сенден өтө көп нерсе сураган жокмун. Бир аз отуруп келе беребиз,- деди өтө олуттуу үн менен.
Бир аз жашасам да көнүп калгам, мындай үн менен кайрылганда баш ийбеске арга жок. Көндүм. Жалаң министрлер, депутаттар чогулган чөйрө экен. Эсимде жок, кайсы бир белгилүү адамдын юбилейи болуп жаткан. Бир аз отуруп, акырын чыгып кетем деген ой менен Илимбек бир адам менен сүйлөшүп калганда эшикке чыгып бара жаткан элем. Шашып бараткан жаным алдымда келе жаткан ак чач адамды сүзүп алдым.
– Кечиресиз...
Ыңгайсыз боло четке чыга берген мени тиги киши таң кала тиктеп калды. Жок, таң калуу эмес, бул өлүп калган адам кайра маңдайына пайда боло калганда коркунучтан чоңоюп кеткен көздөр болчу.
– Гүлай?!
– Жок, мен Айданекмин! - дедим.
– Токточу, кызым, сен... Сен анда Гүлайдын кызы болбо?..
– Жок, менин апамдын аты Алина...- деп ийинимди куушуруп коюп чуркап кеттим.
Тиги киши аркамдан көпкө тиктеп турганын, мен түшүп кеткен машинанын номерин да карап жатканын көрдүм. Ким бул? Эмнеге атымды Гүлай деди? Бул окуя унутулуп калган эле,
бир нече күндөн кийин үйдүн босогосунда ошол ак чач адам турду.
– Саламатсызбы?
– Кандайсың, кызым, мен Илимбекке келген элем.
– Ал бул учурда жумушта болот.
– Күтүп турсам болобу?
Таң кала жол бошото бердим. Анткени түштө аны эч ким сурап келчү эмес, болгондо да күтүп турам дегени эмнеси?
Ал диванга коомай отурду да, менин жүзүмөн бир нерсе издегенсип көпкө тигиле берди.
– Сен Азирет Аскаровдун кызы экениңди уктум...
– Ооба...
– Канча бир туугансыңар, кызым?
Эки дейин деп бара жатып Аскатты эстегенде эч сөз сүйлөгүм келбей кетти. Үн катпай кутулууну чечтим. Бирок тиги абышка мени жөн коё тургандай эмес, кыжалат болгон көз
карашы менен тиктеп, мен аны карап калсам көзүн ала качып жатты. Көпкө отуруп, менден эч кандай сөз чыгара албай койгондуктан түз сөзгө өтө турган болду.
– Мен сени бир адамга өтө окшоштуруп жатам. Балким, жаңылышкандырмын, бирок мынчалык окшоштук жакын адамдарда гана болот.
– Сиз мени ким деген адамга окшоштуруп жатасыз?
– Менин бир жакын адамым болгон. Бирок тагдырданбы же менин коркоктугуманбы, ал адамды жоготуп алган элем. Жолугуп, кечирим сурагым келет. Анын сенин курагыңдагы
кызы боло турган...
Жүрөгүм сайгылашып кетти. Апамдын өлүм алдында жатып мага жазган катын эстедим. Демек, бул... Жок! Жок! Оюма келген нерседен өзүм чочуп кеттим. Тиги адамдын көзүнөн
жаш сызылып турган экен. Үмүт менен караган көздөр мени жалынычтуу тиктеп турду.
– Сиз Гүлайды жакшы таанычу белеңиз?
– Ооба, мен аны катуу сүйгөм. Өмүр бою сүйдүм. Адамдардын бир келесоолугу чыныгы сүйүүнүн баркын билбей учуруп жиберет турбайбызбы. .. Кийин зар болуп, темселеп ошол
жылуулукту дербиштей издейт экенбиз. Сүйүүгө да эрдик керек экен.
Дагы бир бактысыз сүйүүнүн баяны. Жок, уккум келбейт, адамдар ушунчалык алсызбызбы?
Эгерде эчен жыл илгери сенден, сенин апаңдан баш тартып кеткен адам бой жеткениңде келип, кечирим сураса кечирет белең? Көп адамдар кечирет беле билбейм, бирок мен өтө кекчил болсом керек, кечире албай койдум. Ак чач адам кечигип болсо да кечирим сурап көп жолу келди, үн катпай көпкө отурдум да, «менин өзүмдүн атам бар, убара болбоңуз» деп жооп бердим. Анын жүзүнөн нуру күбүлүп, карегиндеги үмүтү өчүп кеткенин байкадым. Анын өмүрүндө балалуу болбогонун угуп да жүрөгүм жибибей койду. Бирок кечире албайт элем, аны жана дагы бир адамды өмүр бою кечире албасым чындык!
Мени качандыр бир кезде жумшарат деп күтүү менен, үмүт менен Илимбек жашап жүргөнүн сезип жүрдүм. Эртең менен турсам эшигимдин алдына гүл коюп, баракчага «Мени кечир!» деп жазып кетет. Муздаткычты ачсам анда да «Данек, өмүрүм өткөнчө кечирим сурап жүрүп өтөм, бир жолу жылуу тиктеп койчу...» деген жазуу болот. Эмнеге колум тийип, эмнени жакшы көрсөм, бардык жерге жазып калтырат өтүнүчүн! Башка адамды, балким, бул жорук кубандырат эле, бирок мени тек кыжырланта берди. Мунусу менен ого бетер кыжырыма тийип, жаралуу жеримдин картын сыйрып жатканын өзү да билбеди. Жек көрүү оор нерсе экен! Өз колуң менен өлтүрүп салгың келген адамдын аялы болуу, аны менен бир үйдө жашоо тозок экенин билген эмесмин. Ал канчалык жылуулук күткөн сайын менин жүрөгүм муздай берди. Илимбек баарына чыдап жатты. Ал качан менин чыдамым түгөнөрүн күтсө, мен качан анын сабыры түгөнүп, мени коё берерин же биротоло жок кылышын күтүп жашап жүрдүм. Ким сабырдуу, ким чыдамдуу деген оюн ойноп жаткандайбыз. Бул жоруктун аягы эмне менен бүтөт? Акыры бул оюн да бүтө турган күн келди.
– Данек, Аскат жакында кайра окуусуна кеткен жатыптыр, барып коштошуп келсек кандай дейсиң?- деди Илимбек бир күнү.
– Качан?
– Билбейм качан экенин, бирок жакында деп атаң айткандай болду.
Колдорум шалдырай түштү. Кеткен жатыптыр! Көрбөсөм да анын бир шаарда турганы, мен дем алган аба менен дем алып жатканы маанилүү эле. Ошол түн мен үчүн азаптуу түн болду, уйкум келбей, жүрөгүм аптыгып, аба жетпейт. Акыры баары бир аны көрбөй, коштошпой коё албасымды билдим. Төшөгүмдөн акырын туруп, атамдыкына жөнөдүм. Турмушка чыкканы келе элек элем, бир ай өтүптүр. Өз ачкычым менен эшикти ачып үйгө кирдим. Экинчи кабатта Аскаттын бөлмөсүнүн жарыгы күйүп турат! Ага жолуга албайт элем, болгону ошол жарыкты эш кылып көзүмдү албай отура бердим.
– Бечара!- деди артымдан чыккан үн.
Селт эте артыма бурулуп, Аскат мени тиктеп турганын көрдүм.
– Аскат?
Ал үн катпай жаныма жакын келди да, ортобузда эч нерсе болбогондой, бир ай өтпөгөндөй, мен турмушка чыкканымды унутуп койгондой бооруна кыса кучактай берди. Жүзүмдү жууган жаштарды алаканы менен аарчып, сагына бооруна кысып, саамайымдан сылап турду.
– Мен сени эч кимди жек көрбөгөндөй жек көрүп калам деп ойлогом. Жок, такыр жек көрө албай койдум. Акыры күнөөлүү адам өзүм экенимди сездим. Сен өз эркиң менен турмушка чыкпайт элең, башка бардык адамды алдасаң болот, бирок мени эмес, Данек! Бир нерсе болду, мен сени сактай албадым, жаныңда болбодум. Сени эмес, ушул күндөрү өзүмдү күнөөлөдүм. Эгерде мен Данекти билсем, ал мени эч кимге, эч качан алмаштырбайт болчу деп ойлодум. Айтканым келди бейм, мына, сен мени издеп келдиң го...
– Издеп келдим...
– Менсиз жашай албайсың!
– Жашай албайм!- дедим аргасыз.
– Акылсызым, акылдуум, жалгызым...
Аскат жүзүмдөн аяр сылап, эриндеримден аста өөп койду. Анан экөөбүз тең кармана албадык. Бутумдун учуна тура калып бүткүл дилим менен берилип өбүштүм. Билбейм, кантип менден алыстаганга күч тапты, Аскат өзүн тез токтото салды да, мени кучагынан чыгара колу менен акырын түртө берди.
– Аскоо!- дедим жалбарып.
– Токтот, кет бул жерден! Экинчи көзүмө көрүнбө! Мен сенден баш тарта албасымды билип туруп эмнеге келдиң? Эмне кылып жатабыз экөөбүз, билесиңби? Сен... сен эмнеге менин жашоомо кирдиң? Эмнеге чала жан кылып таштадың? Эмнеге менин жашоомдогу адамдар мени ушунчалык сүйүп туруп, кайра мени турмушунан сүрүп чыгарып салышат? Алгач апам, анан сен...
Аскат жерге чөгөлөй жыгылып ыйлап жатты. Жерди муштап, кыйкырып-бакырып жатты. Жакындай бергенимде кайрадан колумду карыштыра берип өзүнөн алыстатты.
– Жок, жолобо мага, азыр жакындасаң өзүмдү башкара албайм. Кет бул жерден! Мени узатпа! Менин жашоомдо эми сага орун жок!
Аргасыз артка чегиндим. Караңгылыкка чүмкөнгөн жолдо темселеп ыйлап келе жаттым. Мындан ары мага жол калбады. Келип, таза жуунуп, ак көйнөгүмдү кийдим да, узак кат жазганга отурдум.
«Мына, бул күндөлүктүн да биринчи барактары саргарып, дал мендей өңү өчүп бара жатыптыр. Демек, күндөлүк экөөбүздүн жашообуздун бүтүшү да ошол! Мен азыр эч кимди күнөөлөбөйм. Кандай окуя болсо да турмушумдун сыноосу эле, бирок мен бул сыноодон өтө албадым. Ата, апа, мен силерди жакшы көрөм. Мен бул өмүрдөн жашоону жаман көргөнүм үчүн кетип жаткан жокмун. Мен жашоону чексиз сүйөм, бирок мындан аркы жолумду таба албай калдым. Мен мени кордогон адам менен жашаганга аргасыз болдум. Аскатты сактап калам деп жатып ушул нерсеге дуушар болдум.
Аскат, жаңылышасың, сен ойлогондой сенин жашооңдон кетип калганым оңой эмес экен. Сенин жашооңдон кетип калуу үчүн алгач өз өмүрүмдөн баш тартышым керек тура. Көрсө, мен эбак эле сага, сенин жашооңо айланып кетипмин. Мен өмүрүмдүн акыркы күндөрүн жашап жаткандаймын. Адамдар эртеңки күнүн үмүт менен күтсө, мен өлүмүмдү күтүп жашап жүргөндөймүн. Сен өмүрүңдө окубаган бул күндөлүктү мен сага арнап жазган элем. Күндөлүк эмес, ар бир күнүм, дем алуум, жашоомдун маанисин сага арнап алыпмын. Сенсиз куурап, соолуп, акырындап баары бир жок болом. Андан көрө өзүмдү ал азаптан куткарайын дедим.
Жарыгым, сен эч күнөөлүү эмессиң! Жашооңдо сени бактылуу кыла турган адамга жолугуп, чексиз-чексиз бактылуу болушуңду каалайм. Мен үчүн да жаша, мен үчүн да бактылуу бол, эч качан артыңа кылчайба. Мен билем, сен мени көпкө чейин унута албайсың, бирок жашоо ордунда токтоп калбайт. Кээде гана эстеп, ууртуңдан жылмайып койсоң, мага ошол жетиштүү. Мен сени чексиз сүйөм! Сенин мага арналган жылмаюуң эч кимге буюрбаса экен деп тилеп жатам. Экөөбүз кандай бактылуу болот элек, көп балабыз болмок. Мен ошол кыялыбызды буздум, төрөлө элек балдарыбыздын убалына калдым.
Ата, апа, мени кечиргиле...
Силердин Айданек!»
(Окурман, эсиңизде болсо, Азирет Бегимайга жолугуп Айданектин күндөлүгүн бергени менен окуя башталган эле. Бул жерден күндөлүк аяктады.)
Бегимай Айданектин күндөлүгүнүн акыркы барактарын окуп, шалдырай көпкө турду. Ал өзүн саамга унутуп койгондой.
– Окуп чыктыңбы?- деген Азиреттин үнүн укканда гана селт этип алды.
– Ооба, окуп чыктым. Мен бул тууралуу билген эмес экенмин. Билгенде деле кандай чара кылмакмын?..
Уландысы бар....
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3