18-БӨЛҮМ.
Азирет Бегимайды колдон ала сыртка жөнөдү.
– Кайда?
– Аскатка, эми экөөбүздүн тагдырыбыз анын колунда.
Өмүрүндө мынчалык жинденип, тагдырына таарынган эмес эле Азирет. Ар дайым жакшы окуя жүз бурчудай, жүрөгүнүн түпкүрүндө бир кереметти күтүп жашачу. Бирок Бегимайдын боюнда бар экенин көргөндөн кийин эч качан андай болбошуна көзү жетти. Эми баласы... Жинденгени ушунчалык, баарын унутуп, Бегимайды түз үйүнө алып келди. Алинадан уялганды да унутуп койду. Дарбазага келип токтогондо Бегимайдын жүрөгү дирт этип алды. Бул үйдө ал бактылуу көз ирмемдерди өткөргөн. Биринчи сүйүүсү Аскат менен көп келишчү. Кудум ошол ортодогу убакыт өчүп кеткендей, кайрадан өзү 17 жаш курагына келип калгандай, ортодогу кайгы, ажыроо, жоготуулар болбогондой сезилди. Ушул дарбазадан аттап кирсе эле баары жай-жайына келчүдөй... Каректерин жаш чайып турган аялдын ички бурганагын Азирет туйбады.
– Мына, келдик,- деди ал кектүү.
– Ази...
Мурункудай жылуу, назик, сүйүү менен айтылган үндөн Азирет онтоп алды.
– Мени эми антип атаба, Ази эмесмин мен сага. Антип атаганга акың жок эми!- деди жиндене.
Бегимай үнсүз баш ийкеди. Дарбазадан кирип келгенде короодо эч ким жок экен. Азирет Аскат дайым бакчада ойноорун билчү эле, дароо ошол жакка жол баштады. Балакай өзү менен өзү алек боло, кумду салаасынан чууртуп, кайра салып ойноп отурган экен. Азирет бир нерсе дейин деди эле, Бегимай унчукпа дегендей белги берип, балага жакындады. Көзү тойбой карап жатты. Эки жыл! Эне үчүн эки жыл кылымга татып кеткен эле. Бою өсүп калыптыр. Аркасынан чыккан дабыштан улам Аскат артына кылчая берди. Апасын дароо тааный албады. Көзүн бардап ачып алып, кайра карады. Жүзүнөн жаш чууруп өзүн жалдырай тиктеп турган аялды тааныганда жүрөгү толкуп кетти.
– Апа?!- деди ал ишенип-ишенбей.
– Аскат, балам, бул мен! Мен келдим!
Бала менен эне бири-бирине кучак жая берди. Экөө менен кошулуп жер теңселип, асман ыйлап жаткандай сезилди.
– Апа, сен келдиңби, мага келдиңби?- жаштуу көздөрүнөн таарыныч да, сагыныч да чачыраган балакай апасынын мойнунан кучактап, өпкүлөп жатты.
– Келдим, кечир мени, жарыгым, чырагым...
– Мени алып кеткени келдиңби?
– Ооба, алып кетем, балам!
Азирет чырмалышкан эне-баланы көрүп, башын чайкай тегеренип кетти. «Кетет экен, кетет экен да!» деди жүрөгү канай. Аларды карап туруп, экөөнү бөлө албасын түшүндү. Ушул учурда кимдир бирөө ийинине колун аяр койгонун сезди. Кылчайып, апасын көрдү.
– Апа, ушул кантип болсун?- деди каңырыгы түтөй.
– Сабырдуу бол, балам, күчтүү бол. Андан башка эмне деп айта алам?..- деди жаны сыздаган эне. Бир топто гана апасынын кучагынан чыккан Аскат Азиретти көрүп жарк эте күлүп жиберди.
– Азирет байке, апам келди...
– Көрдүм.
– А сен эмне ыйлап жатасың?
Жашын акырын аарчыган Азирет аргасыз күлдү. Баланын жанына келди да, чөгөлөй калып жүзүн өзүн каратты.
– Чыныгы эркектер ыйлабайт дегеним эсиңдеби? Бирок, Аскат, чыныгы эркектер кээ бир учурларда ыйлайт. Кээде... жакын адамдарын жоготкондо. .. Балам, эми сен чоң жигитсиң! Андыктан чындыкты билишиң керек. Ал чындыкты сага апаң азыр айтып берет...
– Азирет, азыр эмес...
Азирет эч нерсени ойлогусу келген жок. Кийинкисин да, мурункусун да ойлогусу келбеди. Башын чулгуй берип, өжөрлөнө Бегимайды тиктеди.
– Азыр чечилиши керек. Эгерде айтканга эркиң жетпесе, анда мен айтайын.
– Мен сенин мынчалык таш боор экениңди билбедим эле.
– Мени таш боор кылган ким, ыя? Мени бардык үмүттөрүмдөн, тилектеримден ажыраткан ким?!
Жиндене бакырып алды Азирет. Жанына келип, анын колунан кармаган Аскат күнөөлүү үн катты.
– Урушпагылачы, мен баарын билем!
Баары селейип калышты.
– Мен сенин, анан апамдын уулумун! Мен экөөңдүн уулуңармын! Азирет байке, мен сенин балаңмын!
– Сен аны кайдан билесиң? Ким айтты сага?
– Алина эже сени менен урушканда мен эшиктин аркасында туруп укчумун. «Анда балаңды алып Бегимайга кет, бактылуу жашагыла, мени жайыма кой» деп урушкан. Кийин чоң апамдан сураганымда ал мага баарын айтып берген. Бирок чоң апама «бул сырды эч кимге айтпайм» деп убада берген элем. Азыр урушканыңарда коркуп кеттим. Мен экөөңдү тең жакшы көрөм!
Азирет апасын тиктеп калды. Мариям жылмая башын ийкей берди. Кубанычтан жүзү албырып кеткен Азирет баланы кучагына кысты.
– Ата!
– Уулум менин!
Дилинен сызылып чыккан бул сөздөрдө баары бар болчу. Уулун кучагына кысып туруп тагдырын, тагдырынын капсалаңдуу оюнун жеңип чыкканын түшүндү.
– Апаң сени сагынды. Аны менен кетесиңби, уулум?- деди ал жеңилдене.
– Ооба, а сен мени коё бересиңби?
– Албетте, бирок «кайра тез келем» деп убада бер...
– Убада берем...
Бегимайга уулун берип жатып көздөрү көзүнө чагыла түштү. Дагы да болсо ушул каректердин алдында алсыз экенин, ушул жандын көз жашына кайдигер карай албасын, керек болсо дагы да бир топ курмандыктарга барарын билди. Бирок өкүнгөн жок.
– Рахмат, асылым!- деп шыбырады Бегимай.
Жолдор бирикпеди... Бирок мындай махабатты баштан өткөрүүнүн өзү бактылуулук эмеспи, ээ, окурман?
(Арадан 20 жыл өттү)
Азирет саамай чачы агарып баштаган Бегимайды тиктеп туруп катуу күрсүнүп алды. Алгач таарынычы катуу эле, кийин жолугуп жүрөгүн ооруткусу келбей качып жүрдү. Бул жолу келгенге аргасыз болду. Анткени алардын колунда өздөрүнүн гана эмес, бейкүнөө эки жандын тагдыры турган эле.
– Азирет, жөн келбегениңди билип турам.
– Билесиңби, сен экөөбүз өзүбүздүн гана эмес, балдарыбыздын да алдында күнөөлүүбүз.
– Түшүнбөдүм. ..
– Мен өз тагдырыма баш ийдим, сенден белек болгон баламды медер туттум. Бирок уулумдун мынчалык кыйналышына жол бере албайм. Мына бул күндөлүктү жакында таптым.
Бегимай калтыраган колдору менен саргарып бара жаткан калың китепчени коомай кармады.
– Бул кимдики?
– Оку! Баарын окуп чык...
Бегимай китепти аяр ачты...
("Мындан ары окуя күндөлүктүн ээси Айденектин баяндоосу менен уланат")
... Мен анын биздин үйгө келгенин эмнегедир бүгүнкү күнгө чейин эстейм. Атамдын колунан бекем кармап, айланасын сонуркай, бирде коркуп карап турган балакай ушул күнгө чейин эсимде. Атам Аскатты эмнеге алып келгенин, бул чоочун бала эмнеге биздин үйдө жашап калганын түшүнбөдүм. Эч кимден да сураган жокмун. Анткени биздин үйдө көп суроолорго жооп жок эле. Аскат келгенден кийин менде биринчи жолу кызганыч пайда болду. Кызы атасына жакын болот дешет, бирок атама менин бар-жогум билинчү эмес. Атамдын көздөрү тынчсыздануу менен ар дайым Аскаттын кадамын тиктеп турганын байкачумун. Эгерде Аскат кокусунан жыгылып кете турган болсо, дароо атам жетип барар эле. Колтугуна тыгылып же бир нерселерди сурап жанында турган менин суроом дайыма жоопсуз калчу. Эч качан атамдын кабак бүркөп урушуп же маңдайыман сылап эркелеткени эсимде жок.
Атамдын мүнөзү мага ушул кезге чейин табышмак. Анын жашоосу апам экөөбүздөн өтө алыс. Бизден алыс, бизге түшүнүксүз дүйнөсү менен алек болуп жүрө берчү. Апам! Ал бечара да атамдын көңүлүнөн сырт калганына менден бетер бактысыз эле. Апам мен билгенден көзүнүн алды шишип, ар дайым бир нерсеге ачууланып, ал ачуусун сыртка чыгара албай буулугуп жүргөнүн байкаар элем. Мунун баарын 6 жашар бала билүүгө тийиш эмес болуш керек. Бирок жагдайга жараша мен ушундай чоңойдум. Ишенип койгула, ата-эне бактысыз болсо, балдары андан эки эсе бактысыз болушат. Менин бактысыздыгымды эч ким байкабады, көргүлөрү да келбеди. Алардын көңүлүн буруу үчүн оюма келген нерселерди кылып, бактын башына чыгып кетип же күнү кечке таптырбай убара кылчумун. Менин бул номерим да өткөн жок, анымды чыргоолук деп табышты да, тим болушту.
– Кызың ашыкча эрке,- дечү атам апама. Андан ашык сөзгө мен арзыбайт элем. Бул үйдө бир гана шоола бар эле. Ал чоң энем Мариям болчу. Менде кандай жакшы сапат болсо, ошол сапатты ал адамдан алдым деп эсептейм. Кичинемден китеп окуганды үйрөттү. Биринчи куткаруучум чоң энем болсо, балалыгымдагы экинчи жан жолдошум китеп болду.
Баса, Аскат менин биринчи душманыма айланды деп баштабадым беле. Жиним келгени ушунчалык, кыздарга жараша турган узун кирпиктүү сулуу көздөрүн чукуп салгым келчү. Канчалык жаман нерсе кылбайын, ийинин куушура басып кеткени, эч качан мага арызданбаганы жанымды кашайтып жиберчү.
Оо, ошол жек көрүүм менен өмүр бою калсам, мынчалык азап тартпайт элем.
"«Эркексиңби, аялсыңбы, бир күнү кимдир бирөөгө жүрөгүңдү ачасың. Сенин ошол улуу сезимиңди баккан, бапестеген адамга жолуксаң бактың, жолукпасаң суу жетпеген гүлдөй соолуйсуң. Анткени адам сүйүү үчүн жаралат...»" Бул саптарды кайсы китептен окудум билбейм, бирок чындык экенине көзүм жетет.
Мен сүйүү үчүн жаралгам, бирок мени ата-энем сүйө алышпады. Ага чейин алардын кандай жолду басып өткөнү табышмак. Атам өз дүйнөсү менен алек болсо, апам атамдан башка дүйнөнү көрө албады. Кудай акы, азыр айта албайм, ата-энемдин кимиси көбүрөөк бактысыз эле. Кайсы бир заманда өткөн махабатынан жабыркаган атамбы же атамдын жабылган жүрөгүн каккылаган апамбы? Үйдө экөөнүн эч качан үнүн көтөрүп сүйлөгөнүн, уруш-талаш болгонун көргөн эмесмин, бирок ысык мамиле, жадыраган күлкү, үй-бүлөлүк жылуулук жок эле. Айрым учурларда куду эки бейтааныш адам кокусунан жолугуп калгандай сүйлөшүшчү. Айтор, кандай болсо да, экөөнүн тең көңүл борборунда мен жок элем.
Биздин үйдө мендей эле бир бактысыз жан бар. Мен мээрим жетпегенден кыйналсам, бечара Аскат ашыкча сүйүүдөн жапа чегип, бактысыз болчу. Ал атасынын, апасынын ашыкча сүйүүсүнөн, экөө эки жакка тарткылап талашканынан жабыркачу. Эсимде, бир күнү атам менен келген бою узун, сулуу аял Аскатты жетелеп кетти. Мен мынчалык сулуу аялды көргөн эмесмин. Ал мага жомоктон келгендей сезилген. Аскаттын кеткенине апам экөөбүз тең сүйүндүк. Жаман оюмда эми атамдын көңүлү мага бурулат деген элем. Бирок атам андан ашып түшүп бизден оолактай баштады. Канча убакыттан кийин атам Аскатты кайрадан биздин үйгө алып келди. Бул жолу мен сүйүнгөн да, күйүнгөн да жокмун. Ошол убактан бери Аскат бирде апасында, бирде биздин үйдө чоңойду.
Мектепке чогуу барчубуз. Ал мени көзүнүн кыйыгы менен карап коюп тез басып кеткенге ичи түтпөй, бирде артта калып, бирде алдыга чыгып кетчү. Качан ал чыдамы кетип, мага чуркап келип сумкамды алып дикилдете колумдан жетелеп кеткиче аягымды араң шилтеп кете берет элем.
– Бол, кечигебиз!
– Басып баратам го...
Кандай учурдан башталды билбейм, бирок Аскат менин бардык маселемди чечкенге, мен үчүн жооп бергенге өттү. Ар күнү жетелеп барып классыма сумкам менен киргизип коюп, өзүнүн сабагы бүтсө күтүп турат. Үйгө чогуу кайтабыз. Кичинесинен мырза мүнөзү бар эле Аскаттын, мага тийишкен балдардын сазайын берчү. Ар дайым менин сумкам анын жонунда болор эле. Ичим жылып, акырын апам эртең менен чөнтөгүмө салып берген конфеттин бирин ага сунам.
– Өзүң жей бер,- деди ал негедир кабагын чытый.
– Жебесең кой... Мен дагы таарына түштүм.
Кайра бир аз туруп көңүлү ачылып кетти окшойт, кылчайып мага карап калды.
– Айданек, кел экөөбүз ойноп, анан үйгө барабыз.
– Апам урушат...
– Азыр эрте эле. Бир аз урушат, чыдап коёбуз да...
Аста башымды ийкедим, экөөбүз кол кармаша чуркап жөнөдүк. Кызык, ошол күндөн баштап экөөбүздүн ортобуздагы билинбеген дубал өзүнөн-өзү урап түштү. Менин ээнсиреген, мээримге канбаган дүйнөмө жылуулук кирди. Ошол убакыттан баштап мен жалгыз эмес элем. Азыр ушу саптарды жазып отуруп эч күнөөсүз, таза күндөрүбүзгө эч кимдин тилин тийгизгим келбейт. Мейли, адамдар миң жолу бизди сынасын, жүз жолу жерден алып көргө урсун, өздөрүнүн көз карашын таңууласын, бирок биздин мамилебиз алар ойлогондой ыплас эмес эле. Ата перзентин берилип сүйсө, эне баласын бардык нерседен коргосо, бир тууган өз боору үчүн курмандыкка барса, ошол күнөөбү?
Аскат мен үчүн ата да, эне да, ага да болду. Кичинемден дүйнөнү анын көзү менен караганга үйрөндүм. Бул мамилебиз ириде апама жаккан жок. Аскат атамдын көңүлүн ээлегени аз келгенсип, мен дагы андан карыш калбай ээрчип алганым жанын сыздатты окшойт, бир күнү катуу сабап салды. Мурун бир да жолу колу тийип көргөн эмес, бул жолу болгон ызасын менден чыгарды көрүнөт.
– Апа, эмнеге, эмне үчүн?- деп чырылдап жаткан мени уккан да жок. Бир маалда колум менен жүзүмдү жаап бүрүшкөн мени көрүп эсине келди. Дароо көтөрүп ала койду да, бооруна кыса берди.
– Кечир мени, кызым! Мен... мен акмакмын!
Апамдын көзүнөн жаш агып жатты. Эт жүрөгүм сыйрыла апамды аяганым менен, Аскатка деген боор толгоом да күчтүү эле. "«Экинчи Аскатка жолобойм»" деп айтыш да оор болуп жатты.
Чоңоюп калганда мага кат жазып, сүйүүсүн арнаган балдар пайда болду. Биринчи жолу сезимин билдирүү, бет албырып, кол-бут титиреген абал ар бир кыздын башынан өтсө керек. Классыбызда Изат аттуу бала мени жактырып жүргөнүн байкачумун. Телефонума келген СМСти карап отурсам Аскат келип калды.
– Ким жазды?
– Изат.
Көпкө унчукпай турду да, телефонду колумдан жулуп алып билдирүүнү өчүрүп таштады.
– Мындай нерселерге көңүл бурба, сен али балдарды билбейсиң. Кийин өзүңө эле жаман болот.
– Эмнеге? Кинодон көргөн нерселериңди айтпачы, ал мага эч нерсе кыла албайт.
Үн катпады. Бирок мен ал эмне деп айткысы келгенин түшүндүм. Аскаттын мүнөзүн кандай деп сүрөттөсөм экен... Кичинесинде ал эң тарбиялуу, боорукер, атүгүл идеалдуу болсо, жыл өткөн сайын анда бир жапайы күч, агрессия күчөп баратты. 6-7-класстарда Дон деген атка ээ болуп, өзүнүн кадимкидей тобу, анын айтканын кыйшаюусуз аткарган достору пайда болду. Үлгүлүү окуучунун «көчө балага» айланып баратканын менден башка эч ким байкабады. Чоң апам бул учурда ооруп, өз жаны менен алышып калган эле. Атам күнү кечке жумушта, апам ага көңүл буруп да койчу эмес.
Түнү бөлмөсүнө кирип, баары уктаганда чыгып кеткенин эчен байкадым. Дагы бир жаман жери, Аскат күн өткөн сайын куду журналдын бетинен түшө калгандай келишимдүү жигитке айланып баратты. Хм, мага бул жакпады. Анткени Аскат мурун меники гана болсо, эми анын көңүлүн башка кыздар да ээлей баштады. Кээде өтүп бараткан кыздарды сырдуу тиктеп калганын байкачу болдум. Экөөбүздүн жаш айырмабыз болсо да, менден кыйла узун эле. Күндө туруп боюмду өлчөп, аны кууп жете албай ызаланганым, ай! А жүзү... Мындай сулуу жүздүн эркекке эмне кереги бар эле дейм да. Аны тиктеп отуруп өмүрүмдө бир жолу көргөн анын апасын эстеп кетем. Аскат апасын тарткан. Айрыкча көздөрү ушунчалык окшош. Бой-келбети, сүйлөгөнү, жылмайганы атамдын өзү. Чоң энем атама да эмес, Аскат атын алып жүргөн атамдын эгизине окшош дейт. А мен үйдөгүлөрдүн эч бирине окшош эмесмин. Кыздар мени"«сериалдагы корей актрисаларына окшошсуң»" дешет. Билбейм, балким, окшош чыгармын... Күзгүнү тиктеп ойлонуп турганымда чоң энем бөлмөмө кирип, чачымдан сылай жылмайды.
– Менин кызым жасанып баштаган бейм...
– Чоң апа, эмнеге мен эч кимге окшобойм? Атама да, апама да...
– Ах, менин сулуу кызым, сен мага окшошсуң!
– Мен чын эле сулуумунбу?
– Албетте, азыр эле жакшынакайсың, бой жеткенде, тфү, тфү, көз тийбесин, кандай гана сулуу болор экенсиң. Бирок, чырагым, кеп сулуулукта эле эмес.
Менин мээрман чоң энемдин кандай абал болсо да бардык суроомо жообу даяр, дүйнөдөгү бардык нерселерди билгендей. Жаш кезинде бир топ шаарларды кыдырган экен, ар бир элдин салтын билет. Баарынан алакандары сонун! Шуудурак, анан жылуу. Атам мени ар дайым жатыркоо менен тиктейт эмнегедир. Чоң энемдин көздөрүндө мага түшүнүксүз бир нерсе бар. Аяныч десең ага окшобогон, тилинин учунда турган нерсени мага айта албай жаткандай," «ай, байкушум, ай, дагы кандай болуп кетер экен...»" дегендей да бир кооптонууну байкайм.
Баса, Аскат тууралуу айтып келе жатпадым беле. Ал менден бир жашка улуу болсо да, кыйла эрте чоңойду. Баарынан жаманы, кыздар менен сүйлөшкөндү да эрте баштады. Экөөбүздүн ортобузду бөлгөн да кыздар болду. Жаңы окуу жылы башталган. Ал 9-класска, мен 8-класска кирген учурубуз. Аскат сабагы бүткөндө мени ар дайым күтөр эле. Эгерде бир жумушу чыгып калса, жок дегенде сумкамды көтөрө кетчү. Мени шылдыңдап " «сен ушунчалык назиксиң, ал тургай сумкаң дагы сага оордук кылат, мен алып кетпесем үйгө жетпей каласың» " деп айтчу.
Ошол күнү да мени Аскат күтүп турат деген ой менен класстан шашып чыктым. Ал болсо жок. Эки жагымды карап элеңдей түштүм. Балким, бир иштери чыгып калгандыр деп ойлодум алгач. Классташым Изат келип чыканактан алганда гана селт дей түштүм.
– Билем, кимди күтүп турасың, бирок Аскат эбак кеткен. Алардын сабагы жана эле бүткөн.
– Кайда кеткен?- дедим мен ого бетер алайып.
– Алардын классына жаңы кыз келбеди беле. Айым беле аты?.. Ошо менен баратканын көрдүм.
Жүрөгүм эмнегедир мага түшүнүксүз тыз этти. Куду бирөөнүн колу мыжып жаткандай... Көкүрөк тушумду кармап аргасыз туруп калдым. Мына сага чыккынчылык! Менин дүйнөм ошондо биринчи жолу аласалып, биринчи жолу өзүмө таандык деп эсептеген нерсем көз ачып жумганча башканыкы болуп калышы мүмкүн экенин билдим. Изат ого бетер:
– Аскат анын сумкасын көтөрүп кетти,- деди.
Эмне кылмак элем, шалдайып үйдү көздөй бастым, артымдан кыйкырган Изаттын үнүн араң уктум.
– Данек, кел, бүгүн чогуу кетебиз!
Башымды араң чайкап жолумду улай бердим. Изат болбой эле сумкамды колумдан жулуп алып жанымда келатты. Эмнелерди айтып жатты билбейм, мен Аскаттын чыккынчылыгын гана ойлоп бараттым. Ошол түнү Аскат үйгө түнөбөдү. Терезеден улам жолду тиктейм. Качан мотоциклдин «дүр-р» эткен үнү угулат, качан кирип келет деп сааттын жебесин карай берип тажадым. Ий-ий, келип калсачы! Ал дайым кеч келген учурда уурдана кирип менин уктап жаткан абалымды тиктеп туруп, үстүмдү жылуулап жаап, өз бөлмөсүнө өтчү. Кыйналып жатып уктап кеттим.
Мен Айымды эртеси мектептен көрдүм. Чын эле сулуу кыз экен. Ошол убактан баштап Айым Аскаттын биринчи сүйүүсү, а менин айыгышкан душманым болду.
Балалык сүйүү деп баа бербеген менен, ал адамдын жашоосунда чоң роль ойнойт окшойт. Айым үчүн Аскат таптакыр башкача болуп өзгөрдү. Кийимдерди тез-тез алмаштырып, көп убакыт чачын тарап, бирде мурчуюп, бирде күзгүдөн кетпей калганын байкадым. Телефону ар дайым колунда, «чыр» этери менен шак колуна ала салат. Эмнелерди сүйлөшөт билбейм, кээде жини келип чарт-чурт дей түшөт, бир топко чейин туталана, кабагы ачылбайт. Кызык, сүйүү деген ушундайбы? Ушинтип келеби? Мага кантип келер экен? Кээде Аскат кыйналса кошо кыйналып кетчү болдум.
– Аскат, сүйүү деген ушундайбы?- дедим бир күнү чыдай албай.
– Ыя?
– Кыйналат окшойт, ээ, адам сүйүү үчүн?
Ал шалдая түштү. Бакырая тиктеп турган мени жанына отургузуп, бооруна кыса кучактап алды.
– Сен эмнеге Айымды жактырбайсың?
– Бой көтөргөн кыз.
– Ошого элеби?
– Айтор, мага жакпайт.
– Ал эле эмес, сулуу кыздардын баары бой көтөрөт. Алар сулуулугу үчүн кимдир бирөөнү кыйнашы керек. Ар дайым алардын кылык-жоругун көтөрүүгө туура келет.
– Не-а, мен эч качан бой көтөрбөйм,- дедим жан талаша.
Аскат каткыра күлүп алды. Чачымды сылап, мурдумду чымчып койду.
– А сен сулуусуңбу?
Мен ызалана түштүм. Булкуна кучагынан чыкканга аракет кылдым.
– Тамаша, сен татынакайсың. Биздин класстан деле бир топ балдар сага кызыгып жүрүшөт. Бирок менден коркушканы үчүн унчуга алышпайт. А мен тууралуу ойлонбой эле кой,-
деп тунжурай түштү. Башка нерсени ойлонуп жатканы билинип турат.
– Атам сени жакшы көрөт,- дедим эмнегедир. Бир нерсе деп айткым келди окшойт. Анын бактысыз, жалгыз отурганына түтпөй кеттим.
– А сенчи?- деди ал дагы деле тамашалай.
– Мен дагы.
Ушул учурда атам сыртка чыгып, биздин кучакташып сүйлөшүп отурганыбызды көрүп селдее түштү.
– Аскат, Айданек, силер эмне кылып отурасыңар? Уктабайсыңарбы? - деди сүрдүү. Атамдан аябай коркуп кетер элем, бул жолу да алайып кеттим.
– Ата, азыр киребиз.
Аскат менен атам көпкө сүйлөшүштү, талашып-тартышышты, акыры Аскат шылкыйып, бир нерсеге көнгөндөй болду. Атам анын желкесинен жыттап алып үйгө кирип кетти.
Ошентип, Аскаттын жашоосуна Айым аттуу кыз кирди. Сулуу, менменсине тиктеген бул кызга көптөр ашык эле. А мен эч кимди жек көрбөгөндөй жек көрдүм. Аскатты аны менен
бөлүшүүгө аргасыз болгонум үчүн болсо керек. Бир жанымды кыйнаган сезим бар эле. Аны айтып түшүндүрө албайм.
Кээде өтө оор болуп кеткенде үйүбүздөгү алманын башына чыгып алам. Аны чоң атам Аскатка жана мага арнап отургузганын чоң энем айткан эле. Кээде ар түркүн ойлор жанымды оорутканда ошол бактын башына чыгып алып асманды карайм. Бир жолу ошентип бактын башында отурсам үйдөн Аскат чыкты. Телефон менен сүйлөшүп келе жатып так эле мен отурган бактын жанына келсе болобу?!
– Айыма, кечээ кайда болдуң, эмнеге телефонду өчүрүп салдың? Ким менен жүрдүң? " «Батарейка отуруп калды»" деген шылтооңду качан коёсуң, айтчы?! Мени анча күйгүзбөчү. Айымка, мен... мен сени...
Безеленип жаткан Аскатты биринчи көргөнсүп каттым да калдым. «Сүйөм» деп айтканында кыйкырып жибербейин деп оозумду баса калдым. Мен эсимди жыйганча төмөндө Аскат сүйлөшүп жатты. Бир убакта телефонун жерге бир уруп ыргытты да, отура калып өксүп ыйлап жиберди. Менин Аскатым ыйлап жатты! Ал биринчи махабаты үчүн ыйлап жатты, а менчи? Эмнеге көз жашымды токтотоюн десем болбой ыйлап жатам? Ох, эмне мынча жүрөгүм ооруйт? Түшүнбөйм, өзүмдү түшүнбөйм. Карегимден өзүнөн өзү жаш куюлууда. Эмнеге ыйлап жатам? Бул эмне деген оору эле? Кеткиле, мага түшүнүксүз, бүдөмүк, мени эзген сезимдер! Атам бүгүн биринчи жолу мага чын дилинен жылмайып, чекемден өптү. Анткени атамдын туулган күнүнө карата Аскат экөөбүз слайд-видео жасаганбыз. Идеянын автору Аскат, бирок монтаждап жасаткан мен болдум. Ага сүрөттөрдү тандоодо апам менен атамдын үйлөнүү тоюндагы сүрөтү колума тийип калды. Кызыгы, алардын жанында Аскаттын апасы Бегимай да бар экен. Колуктунун курбусу болуптур. Демек, алар мурунтан эле тааныш болушкан. Анда Аскат кандайча менден улуу? Айтор, "«Кандай окуя болду экен?..»" деп кызыкканым менен, эч кимден батынып сурай албадым. Чоң энемден сураганымда" «билбейм»" деп кутулду. " «Балким, өздөрү айтып беришер»" деген ой келип, бул сүрөттү видеого кошуп койгом. Чыр ошондон башталды.
– Эмне, башка сүрөт калбай калыптырбы? Тигини эмнеге коштуң?- деди апам мени карап.
Көңүлүмдө жаман оюм жок эле ушул ишке барсам да, бир чоң күнөө кылгандай, эмне айтарымды билбей туттуга түштүм.
– Апа...
– Сенден күткөн эмесмин,- деди ал ого бетер көзүнөн ачуусун бүркүп.
– Данек эмес, ал сүрөттү мен коштум,- деди Аскат капысынан. Куду бирөөдөн коргоп жаткандай мени колдон тартып аркасына ката берди. Мына, ар дайым ушундай, кичинебизде
тентектик кылсак, мен жасаган кылмышты өзү ала берчү. Ай, Аскат, ушу жоругуң качан калар экен?
– Ал сүрөттү кошкондой кандай акың бар? Биздин, менин жашоомо аны киргизгендей кандай акың бар?
Апам бою кичине, сары киши, ачууланганда кыпкызыл болуп, үнү чыйылдап жаман болуп кетет экен. Мынчалык ачууланганын мурун көргөн эмесмин, чын эле сүрөт талуу жерине тийди окшойт.
– Ал атамдын жашоосунда бар экени калппы? Менин бар экеним жалганбы?- деди Аскат да токтоп калбай.
Апам шалдайып, эч ким үндөй албады. Бир топтон кийин гана атам Аскатка үн катты.
– Туура, балам, сенин бар экениң да, апаңдын менин жашоомдо болгону да калп эмес. Бирок Алинаны да сыйлашың керек, эгерде бул окуяда ким азап тартса, Алина тартты. Мен мындан ары бул маселе менен үй-бүлөмдө чыр болушун каалабайм. Андыктан силер да сак болгула, үй-бүлө болгондон кийин эч бирибиздин көңүлүбүзгө доо кетирбей жашаганыбыз оң.
Ошол боюнча биздин үй-бүлөнүн улуу сыры кайра катылды. Кайрадан бизге табышмак болгон өтмүштүн капкагы жабылды.
Күн өткөн сайын Аскаттын Айымга болгон махабаты да басаңдай баштады. Чындыгында, ага кол сунган адамдар көп эле. А Аскат жолундагы бардык кыйынчылыкты жеңип, Айымдын жүрөгүнө ээ болду. Бирок ошол замат кызыгы тарап калганын байкадым. Аскат өзүнө да, өңгөгө да катаал, кээде өтө таш боор жагы бар болчу. Алдына башка балдарды өткөрүп, өзүнөн кыйын болгонун эч көтөрө алчу эмес. Дароо мушташып кетчү. Анын кыялын билгендер андан качканга, анын муштумуна кабылбаганга аракет кылышчу. Ким билет, балким, ал өзүндөгү өксүктү, өзү таба албай, чече албаган суроолордон улам кыйналып, болгон жинин муштумга салса керек. Мен анын бул кылыгын ошентип ойлойм. Айымга да жеткенден кийин кызыкчылыгын жоготуп койгондой, кайдигер, кадимки Аскатка окшошо баштады. Айым кээде өзү чалса да, телефонун албай коюп же суз сүйлөшөт. Анда мага түшүнүксүз кубаныч пайда болот, кээде Аскатка ошол кубанычым үчүн да ыраазы болуп кетем.
Баса, ошол жылдагы менин туулган күнүм өмүр бою эсимде калды. Эртең менен мурдумду өрдөгөн жагымдуу жыттан ойгондум. Мына сага! Бөлмөм ар кандай роза гүлдөргө толуп
кетиптир.
– Туулган күнүң менен!
Жылмайган калыбында розалардын арасында Аскат турат. Таң калганымдан делдиреп төшөгүмдүн үстүндө отура берипмин.
– Эй, болду эми, эсиңе кел. Сени анчалык таң калтырайын деген эмесмин.
– Аскат!
Атып туруп жылмайып турган анын кучагына бой урдум. Билбейм, эмнеге ушунчалык ыйладым? А балким, турмушумда эң жакын болгон адамымдын жүрөгүндө дагы деле бар экениме кубандымбы же ата-энемдин да эсинен чыгып кеткен туулган күнүм анын эсинде болгонуна жетине албай кеттимби? Балким, көп жылдан бери топтолгон анын мээримине ыраазычылык билдиргенимби, көз жаш менен? Айтор, көпкө ыйладым. Аскат мени кучактаган бойдон ыйлап бүтүшүмдү күтүп турду да, көз жашымды аяр аарчыды.
Уландысы бар ...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1