9-БӨЛҮМ.
– Эй, стоп! Экөөбүз азыртадан эле бири-бирибизди кызганбаш үчүн мен өзгөчө жол таптым. Мына! Аскат чөгөлөй калып, чөнтөгүнөн кутучаны алып Бегимайга сунду.
– Ой, бул эмне?
– Ачсаң көрөсүң. Кутуну акырын ачкан кыз андагы бриллиант чөгөрүлгөн алтын шакекти абайлап сууруп алып, бакырая Аскатка тигилип калды.
– Бема, мен билем. Бул жашоо биз каалагандай жеңил эмес. Анда баары эле шыр болуп кетпейт. Оор күндөр болорун да билем. Бирок ошол оор күндөрдө да эч качан сени таштап кетпегенге, ар дайым жаныңда болгонго, сени коргогонго убада берем.
– Аскат, биз коё туралы деп чечпедик беле. Сен чет өлкөгө окууга кетсең, мен...
– Билем, бирок ичимдеги бир күч негедир мени шаштырып жатат. Ушул күнү, ушул Айдын алдында колуңду сурап калбасам, жетишпей калчудаймын.
– Макоом десе, сенден эч кайда кетпейм.
– Билем, макул дечи.
– Макул, макул, миң жолу, жүз жолу макул. Кыз жигиттин мойнуна асыла кетти. Аскат Бегимайдын колуна шакекти салып, саатын карап, жылмайып алды.
– Саат 12ден өтүптүр. Демек, сени туулган күнүң менен куттуктай берсем болот экен.
– Эртең достордун баарына айтабыз, ээ?
– Папам катуу сүйүнөт. Акыркы убакта “үйлөн” деп эле шаштырып жатат.
– А меникилер капа болот. Атамдар мени жанынан чыгаргысы келбейт эмеспи.
– Мен азыр дүйнөдөгү эң бактылуу адаммын! Бегимай “азыр мен дүйнөдөгү эң бактысыз адаммын” деп бүтүрдү эскерүүсүн. Ошентип, алар тез эле Көл кылаасына жетип келишти. Пансионаттарда эл азайып калган кез болчу. Үчөө “Голубое море” пансионатына токтошту. Бул жерге токтоону Азирет мурун эле ойлонуштуруп койгон. Аскат тууралуу изилдегенге ыңгайлуу болсун үчүн... Кыздарды номерлерине жайгаштырып коюп, өзү сыртта басып жүрдү. Пансионаттын короосун шыпырып жүргөн кароолчу абышка ага күлүмсүрөй карап калды.
– Ассалом алейкум, балам. Жанатан бери эле ары-бери басып ойлонуп жүрөсүң. Сендей жаш кезде да ойлонобу адам деген?..
– Жок, байке, ойлонгон деле жерим жок. Бир нерсени эстей албай жатам,- деп ары басып бара жаткан Азирет кайра кайрылып келди.
– Кечиресиз, сиз канчадан бери иштейсиз бул жакта?
– Көп болду, 15 жылдай болуп калды. Не болду?
– Мындан эки жыл мурун бул жерде бир жигит кайтыш болгон. Эсиңиздеби? Кароолчу аны чолуй карап алып, жооп бербестен шыпыргысын алып ары басты.
– Байке...
– Жок, андай эч нерсе эсимде жок!- чорт жооп берген кароолчу басып кетти. Жеңил кийим кийип чыккан кыздар өзүн издеп калганын көрүп, Азирет аларды көздөй басты.
– Жүрү, көлгө түшүп бир сергип келбейлиби, - деди Алина.
– Силер бара бергиле. Мен артыңардан барам,- деди Азирет. Азирет эч нерседен табылбаган жиптин учугун табам деп келген бул жакка. Эртеси райондук милиция бөлүмүнө, анан дагы башка адамдарга кайрылышы керек. Ага чейин бир аз ойлорун жалгыз отуруп жыйынтыктап албаса болбойт. Кыздар менен чогуу болгусу келбеди. Экөөнүн ортосундагы мамиле сууп кетишин каалаган жок. Көл жээгинде жалгыз бир караан Бегимайды көздөй келе жатты. Караан улам жакындаган сайын тааныш сезиле берди.
– Аскат!
– Менмин,- деди кадимкисиндей жайдары күлгөн жигит.
– Сагындым сени, мынча неге кыйнадың?- деди кыздын көз жашы төгүлө.
– Мен дайым эле сенин жаныңдамын, болгону, сен сезбейсиң. Бул жакка ырас келдиң. Экөөбүз жолукчу жай ушул жер... Бегимай аптыгып кетти. Аскаттын кучагына жыгылып, аптыгып ыйлай берди. Тим эле көз жашы дайра болуп агып жатты.
– Сени сагынбадымбы, жанымды коёрго жер таппай кыйналганымды билсең кана! Эми эч качан айрылышпайлыкчы. Мени жалгыз калтырбачы.
– Карачы, бугуң көкүрөгүңө жыйыла берип кыйналып кетипсиң,- деген Аскат аны бооруна кысты. Ошондо гана Бегимай Аскаттын кучагы муздак экенин байкады.
– Өзүңдү токтот деп канча айтам? Сен такыр мени укпай турган болдуң.
– Сени унута албадым. Кандай жаралган адам элең? Мендеги тирүү нерсенин баарын өзүң менен ала кетип, сөлөкөтүмдү эле калтырып койгонуңду билсең...
– Азирет! Ал сага жардам берет...
– Азирет?! Жо-ок! Таштаба мени ага, таштаба... Бегимай кыйкырып жиберди да, түшүнөн чочуп ойгонуп кетти. Анын кыйкырыгынан Алина да тура калды. “Аскат... Азирет... кандайча?” деп өзүнчө күбүрөп жаткан Бегимайды таң кала тиктеп калды.
– Сага эмне болуп кетти? "Азирет" деп кыйкырып тура калдың го.
– Эч нерсе. Сен укта, уктай бер. Бегимай башын кайрадан жаздыкка коюп, канчалык уктаганга аракет кылса да көзү ирмелбей койду. Көлдүн жээгине келип, кумду салаасына салып, кайра чууртуп отура берди. Канча отурду ким билсин, кимдир бирөөнүн кадамынан чочуй баш көтөрдү. Азирет экен. Ал жай жанына келип отурду да, Бегимайды аяй тиктеп алды. Анын бул көз карашынан кыздын жини келип кетти.
– Эмнеге келдиң?!
– Алина сенин чыгып кеткениңди айтты. Ал тынчсызданып жатат. Жүрү, номерге баралы.
– Жайыма койгулачы мени. Менде эмнеңер бар? Өз жашооңор менен жашагылачы! ..
– Токтот! Ордунан ыргып турган Бегимай бет келди чуркап жөнөдү. Аркасынан чуркаган Азирет жетип келди да, колунан катуу булка тартып токтотту. Эч качан эч кимге мынчалык ачууланып көргөн эмес. Көздөрүнөн түшүнүксүз учкундар учуп, башкача жинденип алыптыр.
– Катуу кармап жатасың, колум ооруп кетти, коё бер.
– Токтот дедим! Жетишер эми, качанкыга чейин кыйналасың? Эч нерсени кайрып ала албагандан кийин жашооңдун ал барагын жаап салганга кудуретиң жетпейби не?- деди энтиге.
– Коё бер колумду...- деди чыйрыга сүйлөгөн Бегимай. Тиги ого бетер колдорун сындырып жиберчүдөй булкуп, каруусунан карыштыра кармады.
– Жиндисиңби эмне?- не таң калганын, не ачууланганын биле албай калды Бегимай.
– Сен сыртыңан гана күчтүү көрүнөсүң. А түпкүрүндө алсыз адамсың. Аскаттын көлөкөсүнө айлангансың. Ал өлүп калгандан кийин өз алдыңча жашай албай, өз алдыңча кете албай жатасың. Сүйүү-күйүү эмес бул. Сен жөн гана реалдуулуктан коркосуң! Сага мен мурун эле айтайын деп жүргөм. Мына ушундай! Эми бар, өзүң бил, жаңы турмуш менен жашайсыңбы же Аскаттын аркасынан өлүп аласыңбы, өзүң бил. Мага эми баары бир... Бегимай оозун ача чоң-чоң аттап бара жаткан Азиреттин аркасынан карап туруп калды. Мынчалык жаны кашайганча жини келгендей эмне жорук кылганын түшүнбөй турду. Көл жээгинде калган кызга кылчайып да койбой Азирет кетип калды.
– Бема кана? Эмнеге аны алып келген жоксуң?- деди алдынан чыга калган Алина. Ал дагы эле тынчсызданып жата албай жүргөн экен.
– Аны не кыласың, жайына кой. А сен номериңден уктай албай жатсаң, меникине кел.
– Кандайча сеникине?.. Азирет ага кыжалаттана тиктеп алды да, бир нерсе деп айтайын деп баратып “эй, башымды оорутпагылачы” деп күңкүлдөй номерине кирип кетти.
Эртеси ал райондук милиция бөлүмүнө жөнөдү. Аскаттын ишин иликтеген райондук милициянын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы дагы деле ордунда экен. Азиретти бүшүркөй тигилип турду да, жөн жайын айтканда кыйпычыктай баштады.
– Эми андан бери 2 жыл өттү. Кылмышкер өз жазасын алды дегендей...
– Мен ал тууралуу баарын билем. Билбеген нерселерди сурап турам. Ошол түнү күзөттө болгон абышканын айтуусунда, кылмыш болгон жерге сен биринчи келген экенсиң.
– Ооба, бирок...
– Эмне бирок?
– Биз жогоруларга баш ийебиз да. Аскар Токтосуновичтин баласы болгондуктан, муну начальнигибиз, подполковник Мукашев өз колуна алган. Азирет тигинин ары-бери жүгүрүп жаткан көздөрүнөн, кубара түшкөн өңүнөн бир нерсе жашырып жатканын сезди. Жайланыша отуруп, көйнөгүнүн жакасын ачып желдетип алды.
– Күн катуу ысып кетти, ээ, майор? Жүрү, экөөбүз салкын жерде, көл жээгинде шам-шум этип келеличи. Каршы эмессиңби?
– Иш ордунда элем...- деди кысылган майор.
– Эмне, силер түшкү тамак да ичпей иштейсиңерби? - деди тамашалай көз кыскан Азирет. Бир аз убакыттан кийин эле экөө көл жээгинде отурушту. Дегеле мындай сыйды көрбөгөн майор курсагы жарылганча тамак да, шарап да ичип жатып мас болуп калды. Азирет тор жайган балыкчыга окшоп суроо берип отурат.
– Ошол түнү адаттан тышкаркы эч нерсени байкабадың беле?
– Мисалы?
– Мисалы, атайын экспертиза жүргүзүп жатканда... Майор ойлоно башын кашып калды. Жүзү чечкиндүү боло калып, Азиретке жакын отурду.
– Бар, бир нерсе... Бирок бул үчүн башымдан айрылып калышым мүмкүн.
– Экөөбүздүн сүйлөшкөнүбүздү эч ким билбейт деп жатам го. Мен эгизимди ким өлтүргөнүн гана билгим келет. Андан ашык эч нерсе...
– Экспертизадан көп нерсе табылган. Бирок тиги жигитти мойнуна алдырып коюшкандан кийин подполковник “бардыгын жогот, кокуй. Бул иштин тынч бүтүп кеткенине сүйүнөлү. Эч кимге ооз ачпа” деген. Ошондуктан тиги досу мойнуна алган боюнча шашылыш ишти жаап салганбыз.
– Ал дароо мойнуна алды беле?
– Жок, бирок... Майор эми гана эмнени жобурап салганын түшүндү окшойт, чекесинен чыпылдап кеткен терди алаканы менен аарчый берди.
– Сен эч нерседен коркпо. Айта бер,- деди анын көңүлүн уламакка Азирет.
– Менимче, Аскатты эки адам өлтүргөн. Же биринчи бирөө келип, кийин экинчиси келген. Айтор, ошол убакта бөлмөдө эки адам болгону анык. Биз “бычак сайып кеткен” деген гана версия менен токтогонбуз. Бирок алгач ага күчтүү уктатуучу дары берилген.
– Себеп?
– Ал оңой менен бирөөгө бой бере турган жигит эмес болчу. Спортсмен, кара курдун ээси, эки жолку Азия боюнча чемпион... Айтор, уктап жатканда кол салбаса, ага бир адамдын күчү жетмек эмес. Ошо, ага апельсин ширеси куюлган идиште аял кишинин бармак издери калган.
– Кандайча аялдын бармак издери? Азиреттин бүткөн бою дүрүлдөп чыкты. Шарт ордунан тура калып, тигиге курч көздөрү менен тигиле берди. Тиги байкуштун оозунан сөзү түшүп калды.
– Айт эми, аягына чейин,- деди демиккен Азирет.
– Менин оюмча, аял Аскатты жакшы билген адам. Ал муздаткычтан алып, жатар алдында дайым суу ичип уктаарын билген. Андыктан ага уктоочу дарыны кошуп койгон. Андан кийин гана башка адам келген. Анткени бычакта эркек адамдын бармак издери калган. Уктап жаткан учурда бычак менен үч жолу жүрөк тушка сайган. Мунун баарын подполковникке айтып бергем. Бирок ал “мен уктум, бул дөөдүрөгөнүңдү, башка адам укпасын. Баарын курут” деп буйрук кылган. Мен...
– Ошондо азыр сенде экспертизанын корутундулары барбы?
– Жок, дароо жок кылгам.
– Кандайча? Силер...- сөз таба албай туттугуп турду Азирет. “Мында бекер келбеген экем. Эми мага жеңилирээк болот” деп ойлоп турду. Майордун жалдырап “үй-бүлөмдүн убалынан корк. Сага азыр айтканымды эч кимге айтпа” дегендерин араң чыдап угуп, макул боло баш ийкеди. Аны үйүнө таштап коюп, пансионатка келди. Кечки тамак ичүүгө кирип келген Азиретти көргөндө Алина сүйүнгөнүнөн ордунан тура калды. Бегимай бир кылчайып карап алганы болбосо, ошол боюнча башын көтөргөн жок.
– Кайда жүрдүң күнү кечке?- деди Алина ага ыктай отуруп.
– Иштер менен.
Азирет Алинага жооп берип жатканы менен, көзүн Бегимайдан албай бир башкача тиктеп турду. Оюнда “катуу таарынып калбады бекен кечээкиге?” деп бушайман. Бегимай тунжураган калыбында нанды сындырып алып, тамагын шашпай жей берди. Маңдайлаш отурган адамдан көзүн буруп кетүү кыйын эмеспи. Азиреттин оттуу көздөрүнө көзү чагыла берип, тамагына нан тыгылып кала жаздады. Азирет күлүп жиберди.
– Эмне мынчалык карайсың?- деди кыз ызалуу, Алина шире алып келгени туруп кеткенден кийин.
– Сени караган жокмун. Терезени тиктеп жатам... Азиреттин кайдигер жообу Бегимайды өзүнөн чыгарып жиберди. "Оңбогур, качанкыга чейин адамды жинди кылат? Ыза кылгандан рахат алабы бул өзү?.." Бегимай эмне кыларын билбей туттугуп кетти. Колундагы вилканы таштап жиберди.
– Сен кандай жинди немесиң? Мени эмне эрмектейсиң сен?! Мен сени жек көрөм, уктуңбу? Жек көрөм! Сенин жаныңда беш мүнөт да тургум келбейт,- деп кыйкырып алып чыгып кетти. Азирет ийинин куушурган боюнча ордунда кала берди.
– Дагы эмне болуп кетти экөөңө?- деди Алина таң кала.
– Эрке кыз да. Мен болгону чындыкты айтсам, ошону көтөрө албай жүрөт. Бүгүн кандай эс алдыңар?.. Алина жан дили менен бүгүнкү күнүн айтып берип жатты. Анда-санда гана башын ийкеп, жасалма күлгөнү менен, Азиреттин көңүлү таптакыр башка жакта эле.
Бул учурда Аскардын үйүндө да бир катар окуялар болуп жаткан. Мариям келгенден бери Аскар менен Аиданын мамилеси таптакыр бузулду. Бир караган адамга анчейин эч нерсе болбогондой туюлганы менен, экөөнүн ортосундагы жарака дагы тереңдей түштү. Столуна үңүлүп кагаз жазып отурган Аскардын жанына келген Аида анын далысына назик колдору менен жеңил массаж жасап кирди. Эсеп-кысабынан башын көтөргөн Аскар ага таң кала тиктеп алды.
– Бир нерсе болдубу сага?
– Сени сагындым. Канчадан бери...- деп шыбырай кылгыра тигилген Аида бөлмөсүнө карай баш ийкеди.
– Аида, бүгүн сенин иштериң бар эмес беле?.. Узун колдору менен галстугун бошотуп, жаагынан сылай берген Аида ордунан чайпала туруп, ой-боюна койбой бөлмөсүнө сүйрөп жөнөдү. Бир топтон кийин Аскар энтиге дем ала ордунан турду да, шуу үшкүрүп алды. Тозок деген ушу экен да, көңүл азгырыгы дейбизби, дене талабы дейбизби, ошол нерсе гана аткарылып, көкүрөгү жайдакталып бош калат, мындай түндөрдөн кийин. Жаш колуктунун жасалма кылыгы эмес, жашоосунда чыныгы жакындык, берилүү керек эле да ага. Аны Аида кайдан билсин, Аскардын жанын ого бетер кыйнап, сагыздай жабыша бермей өнөр таап алды. Кантсе да Мариямдын таасирине берилип кетет деп ойлойт окшойт. Бирок Аскар менен Мариям бир үйдө жашап жатат деген аты гана болбосо, бири-бири менен таптакыр жолукпай, эгерде кокус жолугуп калышса, жат адамдай баш ийкешип өтүшчү. Көпкө чейин ошентип жүрүштү. Мариям табиятынан бош отура албаган энергиялуу адам эле. Заңгыраган үйдүн ичинде тажап кеткендиктен, өзүнө жумуш таап алды. Ар түрдүү гүлдөрдү алып келип, бош турган жерлерге өстүрүп, аларды баласындай карап, өзүнчө эле убара. Жумушуна чыгып бараткан Аскар чарбак жакка кокусунан баш бага калып, топуракка кык аралаштырып, өзүнчө кобуранып жаткан Мариямды көрдү.
– Бош турганча гүл эгип коёюн дедим.
– Хм, анда сага жардам кылганга бир адам жиберейин.
– Жок, кереги жок. Ансыз деле жетишем. Азирет келгенче эрмек кылайын дегем. Баса, чарбактын бир топ жери бош экен го. Менин оюмча, ал жакка алма, өрүк тигип койгон жакшы. Бир аз жылда эле мөмө байлай баштайт. Ким билет, балким, ага чейин үйдө жаш балдар да болуп калат чыгар. Мындай ой Аскардын башына таптакыр келбептир. Сүйүнүп кетти.
– Туура айтасың. Мен эртең эле жигиттерди жиберип, көчөт алдырайын. Мариям жылмайып койду. Мурункусундай эле шашмалык жайы калбаптыр. Шашканынан азыр күз жакындап калганын да байкабайт.
– Көчөттү жазында отургузуу керек. Жазында Азиретке арнап отургузуп кой. Бирок жакшы тилектерди айтып, өз колу менен тигиш керек адам.
– Ооба, чынында, жазында тигет эмеспи. А бирок сен неге күзүндө тигип жатасың?
– Бул күздө тигилчү гүл. Жаз менен баш көтөрүп калат. Андан ары экөө тең эмне дээрин билбей калышты. Мындан ары сөзү болбосо да Аскар кетип кала албай тура берди. Ал Мариям тууралуу көп нерсе билгиси келчү. Өзүнөн кеткенден кийин кандай жашоодо жашады? Анын жашоосунда кимдер болду? Азиретти кантип чоңойтту? Канчалык көңүл бурбай коёлу деген менен, ортолорунда көп нерсе бар болчу.
– Эмне туруп калдың? Бара гой, жумушуңдан кечигесиң... - деди аста үн каткан Мариям. Өз үнүндөгү жылуулуктан өзү да чочуп кетти. А Аскар... Ушу эки ооз сөз анын дүйнөсүн ала салдырып жиберди. Туура, көп аял болгон жолунда, бирок алардын бири да өзүнө Мариямдай камкор, сый, аруу мамиле жасабаган экен.
– Рахмат!- деди жылмая. Экөө терезеден жек көрө тигилип турган Аиданы көрүшкөн жок.
Алина кирип келсе, Бегимай кийимдерин чогултуп жаткан экен.
– Мен кетем,- деди ал.
– Кайда кетесиң?
– Шаарга.
– Азирет “таң атпай шаарга чыгабыз” деди. Азыр кеч болуп кетти, эртең чогуу кетебиз.
– Жол тосуп эле кетем. Анын жанында бир мүнөт да чыдап тура албайм,- деген Бегимай курбусунун сөзүн уккан да жок. Номерге кирип келген Азирет Бегимайдын сумкаларын көрүп, таң кала токтоду.
– Биз эртең кетебиз деп айтпадымбы.
– Мени менен эмне ишиң бар?!- жини келген Бегимай кийимдерин жыйнаштырганын токтоткон жок. Кыз өжөрлөнүп алганын көзүнөн байкаган Азирет алаңдап турган Алинага да ээк какты.
– Сен да жыйнала бер анда. Азыр чыгабыз.
– Биздин бир күнүбүз бар го али... Бема, эми көлгө качан келет элек? Курбусунун жалооруган көздөрүн карап туруп Бегимай аста башын ийкеди. Түн ичинде уктап жаткан Азирет кимдир бирөө бетинен сылап жатканынан ойгонуп кетти. Көзүн ачып, маңдайында турган Алинаны көрдү.
– Сен кайдан? Эмне болуп кетти?..
– Ази... Кыз буулукту. Бул адамды жанындай жакшы көрүп калганын кантип айтат? Эмне деп түшүндүрөт?
– Мен... мен сени...- мукактанып турган кыздын абалына боору ооруп кеткен Азирет тура калып бооруна кыса берди. Карылуу эркектин кучагында жүрөгү дүкүлдөгөн Алина сезимин башкара албай калды. Азиретти өпкүлөп, жалынып, эмне деп айтып жатканын да билбейт. Өзүн жулка кармап, силкип токтоткондо гана өзүнө келди.
– Азирет...
– Алина, сени түшүнүп турам, бирок сен да мени түшүнгөнгө аракет кыл. Мен сени сыйлайм, балким, жакшы деле көрөттүрмүн. Бирок сен күткөндөй чоң сезим менен жооп бере албайм. Мен башканы сүйөм.
– Беманыбы? Азирет башка эмес, өзү мойнуна толук ала электе бул ысым башка бирөөнүн оозунан чыгып турганына таң калды.
– Сен кайдан билесиң?
– Сокурга деле дайын болуп турбайбы. Бирок баары бир үмүт кылгам. Ишенгим келген эмес... Экинчи жолу Бегимай менин жолумда турат деп ишенген эмесмин.
– Аскатпы? Сен дагы аны жакшы көрчү белең?
– Аны сүйбөй коюуга мүмкүн эмес эле. Биздин компаниядагы бардык кыздар ага ашык болуп чыгышкан. Менин ага болгон сезимим деле убактылуу болчу. Бирок сен... Сен жан дүйнөмө терең орун алып алдың. Сен... Кыз эрдин кесе тиштеп туруп калды. Азирет эки аттап жетип аны кайрадан бооруна кысты. Ага жабыша кучактап ыйлап жаткан Алина:
– Ал баары бир сеники болбойт, ал Аскатты баары бир унута албайт. Мен Беманы билем го...- деп солкулдап жатты.
– Мен билем, Алина. Бема мени сүйбөйт. Кечээ буга көзүм жеткенде өзүмдөн чыгып ачууланып кеттим. Билесиңби, аны сүйүү оор, бирок сүйбөй коюу да мүмкүн эмес. Мен аны жакшы көрөм. Ар бир кыймылын жакшы көрөм. Тамак жегенин, уктаганын, сүйлөгөнүн сүйөм. Кээде кусалуу жылмайып, тиктеп калса жинди болуп кете жаздайм. Баарынан да өлгөн адамдан, өзүмдүн бир тууганымдан кызгануу оор экен. Мага оор, аябай оор болуп кетти.
– Болду, эч нерсе деп айтпачы, Кудай жалгагыр, эч нерсе дебечи,- деген Алина ыйлаган боюнча өз номерине чуркап кетти. Демейде күлкүлөрү тыйылбаган Алина менен Азирет жол бою унчукпай келе жатканын байкап, Бегимай таң калып койду. Акыры чыдабай кетти.
– Силерге эмне болгон? Же мен бир нерседен куру калдымбы? Экөө дагы деле үнсүз. Ал тургай бирин-бири карашпайт.
– Тобо, оозуңарга талкан салып алгансыңарбы? - дегенде экөө тең күлүп жиберишти.
– Биз сени тамашалап жатканбыз. Кандай экен, бир чекитти тиктеп үнсүз кете берген,- деди Азирет ага жылмая. Анан акырын кошумчалап койду.
– Атам чалды эртең менен. Азаматты бүгүн чыгарышат экен түрмөдөн...
– Рахмат сага!- деди Бегимай.
– Эмнеге рахмат?
– Сен болбосоң, ал дагы канча жыл отурат эле, ким билсин? Бегимай дагы бир топ нерселерди айткысы келди. Бирок...
Азаматтын иши кайрадан каралып, акталып чыкты. Бирок чыныгы кылмышкер ким? Жиптин түйүнү ушунда. Эртең менен чай ичип отурушкан Аскар менен Аиданын жанына Азирет келди.
– Ата, бош болсоң, экөөбүз сүйлөшө турган иштер бар эле.
– Кел, адегенде биз менен чай ич. Азирет столго отуруп, Аиданы тиктеп калды.
– Чай куюп бересизби мага да... Мурун көзүн ала качып, коркуп кетчү Аида негедир бул жолу аны тикчие тиктеди. Жүзүндөгү муздактыктан кимдин болсо да жүрөгү үшүп кете тургандай. Азиретте бир тынчсыздык пайда болду.
– Азыр... Чайнекти көтөрүп чайпалып басып кеткен Аиданы узата караган Азирет атасынан сурады.
– Сен Аскатка тиш кайрап жүргөн аял бар экенин билгенсиңби?
– Аял?!
– Билбейм, аялбы, кызбы, айтор, бир илинчек таптым. Ошол тууралуу сени менен сүйлөшөйүн дедим эле. Аскар ойлонуп калды. Бул жигит оңой эмес деп алды ичинен. Бир аз убакыт өткөн соң Аскардын кабинетинде болгон окуяны айтып отурду.
– Бирок азыр далил дегидей эч нерсе жок. Ошондой болсо да бир илинчек табылганына сүйүнүп турам.
– Азирет, башында бул идеяң мага жаккан эмес. Бирок ойлонуп көрсөм, сеники туура экен, балам. Аскатты өлтүргөн адам тирүү басып жүргөнүн билгенибизде баарыбыз тынч алып жашообузду уланта албайбыз. Сен да, мен да, эң негизгиси, Бегимай катуу кыйналып жүрөт. Ага бир канча жолу айттым “унут, жашсың, жаңы жашоо башта” деп, бирок чунак кыз уккусу жок. Мени анын тагдыры да ойлондурат.
– Болуптур, ата, бирок сага айтканым эч кимдин кулагына жетпесин. Атүгүл апама да айткан жокмун.
– Туура кыласың, уулум, ал дагы деле өзүн Аскат үчүн күнөөлүү сезип жүрөт. Атасы уулун далысынан таптай эркелетип койду.
– Бийкеч, мени күткөн жок белеңиз?.. Эшикти ача салган Бегимай жылмая тиктеп турган Азаматты көргөндө кубана кыйкырып жиберип мойнуна асылды. Чындыгында эле бул шайдоот жигитти сагынган эле. Эмнени ойлоду ким билсин, көзүнө жаш тегеренип ыйлап да жиберди.
– Эй, сен жашык болуп кеткенсиңби? Сени темирдей бекем, күчтүү деп ойлоп жүрсө...
– Кечирип кой, темирдей күчтүү кыздан эч нерсе калбай калган. Жүрү, үйгө кир.
– Андан көрө экөөбүз сыртка чыгып сүйлөшөлүчү. Үйдөгүлөрүң да кандай ойлойт? Кантсе да түрмөдөн келбедимби. Бегимай менен Азамат серүүндөп жүрүштү. Көпкө чейин сүйлөшүп чери жазылып калды. Көрсө, көптөн бери минтип эч ким менен сүйлөшпөгөн экен.
– Уф, бугум чыгып калды. Эч ким менен сырдаша элек элем.
– Сенден бир нерсени сурайын деген элем, Бема.
– Сура...
– Азирет... Ал менин оюмча жакшы жигит. Бегимай өзүнчө жылмайып алды. Бирок үн каткан жок. – Эй, сенден суроо сурадым окшойт.
– Жакшы жигит. Мыкты. Өзүнө-өзү укмуштуудай ишенет. Аскаттагы жөнөкөйлүк, тазалык, эмгекчилдик жок. Азиреттей адамдар жылдыз болуп жанып туруш үчүн жаралган. Андай адамдар менен өтө оор. Биздин мүнөзүбүз такыр дал келбейт. Жолуккан жерден урушуп кетебиз. Урушпасак деле бир тымызын тирешүү бар.
– Аскатка такыр окшобойт дечи.
– Жок, Аскат менен өзүмдү суудагы балыктай сезчүмүн. Азирет, тескерисинче, тынч жаткан дүйнөңдүн чаң-будуңун чыгарып жиберет. Кыскасы, тынчы жок адам.
– Кызык портрет түзүп койдуң алдыма,- деди күлүмсүрөгөн Азамат.
– Эх, Бема, Бема, мен сени менен ушинтип сүйлөшүп турам деп эч ойлогон эмес элем. Тиги жакта жатканда көп нерсени ойлодум. Мен көп катачылык кетириптирмин. Кызыгы, мен сени унуталбадым. Дагы деле... Бегимай бул сөздөрдү укпады, а балким, уккусу келген жок. Жерди тиктеп өз ойлору менен алек эле. Азамат не кылмак, аркасынан шалдая басып баратты.
– Апа, мен жокто кандай жашап жаттыңар? Эч ким менен урушкан жоксуңбу?- деди апасынын тизесине жата кеткен Азирет.
– Ай, балам, айтасың да. Менин бул жакта бөлүшө албай жаткан эмнем бар эле? Ким менен урушат элем? Өз иштерим менен алек болуп жүрдүм.
– А Аида?
– Аны кой, иштериң эмне болду?
– Апа, Аскат... мен аны жакындан билген сайын өз жашоомо жакшылап үңүлгөнсүйм. Мага оор, апа, бирок аягына чыгышым керек. Сенин уулуң көп жылдан кийин биздин жашообузга кирип, чыккыс болуп орноп алды. Тагдыр бу... Мариям уулунун чачтарын сылап жатты. Канчалык карманайын десе болбой көз жашы агат. Бул эненин трагедиясы эле.
– Менсиз чоңойду ал. Менин бар экенимди, аны сагынып, саргайып жүргөнүмдү билбей чоңойду. Бирок экөөбүз сыймыктана тургандай жигит болгон экен. Сенин агаң... Ал сенден жарым саатка эрте туулган.
– Апа, ыйлабачы...
– Ыйлабайм, балам. Менин жоготуум өзүм менен жерге кирет. Анын оордугун айта да, сүрөттөй да албайм.
– Атам жакшы адам, ээ?..
– Жакшы, ата деген кандай болсо да баласы үчүн жакшы болот.
– Ал мага бактысыз адамдай сезилет, апа. Аида... Балким, бир кезде жаштыгына, сулуулугуна карап үйлөнгөндүр. Бирок ал аял атам үчүн эмес. Мариям уулуна бир нерсе дейин деп барып оозун жыйып калды. Бул үйдө тургандан бери Аиданын айрым кылыктарын көрүп калган эле. Бир жолу кокусунан анын телефон менен сүйлөшүп жатканын угуп калды.
– Азырынча эч кайда чыга албайм, жолугуша албайм, жаным. Аскар азыр дайым үйдө. Бекер көзгө түшүп калбайлы,- деп жаткан экен. Канчалык оюнан кууп салайын десе да болбой бул сүйлөшүүнү эстей берчү болду. Азыр уулуна айтайын деп ооз ача албай токтогону да ушундан эле.
– Экөөбүздүн ишибиз жок, балам, алар менен. Сенин ишиң бүтсө болду, өзүбүздүн жашообуз менен жашайбыз. Азирет апасына тигиле карады.
– Сен аны дагы деле жакшы көрөсүң, апа. Өзүң да, балким, түшүнө элексиң. Сен атамды жакшы көрөсүң.
– Мен аны өмүр бою жакшы көрдүм, балам. Бирок бул эч нерсени өзгөртпөйт. Ажыраган жолдор эч качан бирикпейт. Сен дагы бул тууралуу ойлонбой эле кой. Андан көрө өзүңө сак бол. Эми сенден башка эч жакыным жок.
– А менин атам экөөңдөн башка жакыным жок. Жок, калп айтам, бар бир адам, бирок менин ага керегим жок окшойт.
– Сен Бегимай тууралуу айтып жатасыңбы? Азирет, ал кыз сен үчүн эмес. Анын үстүнө анын жарасы али айыга элек. Азирет көшөрө башын чайкады.
Азирет Аскаттын бөлмөсүнө абайлай кирди. Бул бөлмөгө эч ким баш бакпаганына көп болгон. Аскар гана уулун сагынганда кирип, буюмдарын карап, кийимдерин жыттап, көпкө отуруп чыгып кетчү. Аскат каза болгондон кийин бул бөлмөгө эч кимди киргизбеди. Терезелерин да ачтырган жок. “Уулумдун жыты калсын, сагынганда кирип турайын” деп ойлогон эле. Босогодо турган Азирет бөлмөгө көз жүгүртүп бир пас турду. Кадимки бөлмө. Жакшы жасалгаланган керебет, шкаф, Аскаттын машыга турган грушасы, гир, гантелдери. .. Терезе жакта компьютер турат. Азирет компьютердик столго жакын келип, Бегимайдын сүрөтүн байкады. Жанында Аскат экөөнүн сүрөтү. Кыязы, кезектеги мелдештен келгенде тосуп алганы барган окшойт, колунда толтура гүлдөр менен аэропортто түшкөн экен. Азирет экөөнүн сүрөтүн колуна алып, аларга жымыя көпкө тигилди. Тамчы суудай окшош агасына, өмүрүндө бир да жолу көрбөгөн эгизине кусасы ташып, каңырыгы түтөп кетти. Сүйлөшкүсү келди. Ичинен ага кайрылып:
– Биринчи эле аны көргөндө таң калгам. Анын көздөрү кандай жайнап кеткенин көргөнүмдө. .. Кийин бир да жолу андай көз карашын байкабадым. Ошондо гана ал мени биринчи көргөндө сен деп кабыл алганын түшүндүм. Сен чоң сүйүүгө, Бегимайдын сүйүүсүнө татыктуу жигит болсоң керек. А мен эмне? Жүргөн бир... Апам айтмакчы, жүргөн бир саякатчы бакамын. А бирок тагдырдын тамашасы менен мен дагы аны сүйдүм. Сенден кем эмес сүйөм, бир тууганым. Бирок... Шалак эте отуруп калды. Бир топ отурган соң компьютерди күйгүздү. Бир топко аңтарып-теңтерип отуруп, Аскаттын электрондук почтасына көзү түштү.
Уландысы бар...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев