8-БӨЛҮМ.
Учактан түшүп, жүктөрүн алган соң Мариям айланасын бир тиктеп, көөдөнүн кере дем алып алды. Ушул жытты көп жылдан бери сагынып, эңсеп жүргөнүн эми сезди. Чындыгында, көп өлкөдө болгон, кесибине байланыштуу. Бирок дилине тааныш, жүрөгүнө жакын өзүнүн гана мекени болгонун түшүндү. А балким, мурун жөн гана мойнуна алгысы келбей жүргөндүр. Абайлай тигилип туруп, уулу Азирет өзүнө кол булгалап турганын көрдү. Жанындагысы ким болду экен? Антип ойлогуча болбой Азирет жетип келди.
– Апа...
– Ази, уулум! Апасы өзүн кармаганы менен, көзүнүн жашы агып кетти.
– Эй, сизге не болду? Көп болсо 3 ай мени көрбөй калдыңыз. Ошого да ыйлайт бекен?
– Сагындым, балам... Мариям өзүн токтото албай ыйлай берди.
– Апа, дейм, уят эми... Мен жалгыз келген жокмун.
– Ыя? Апасы башын көтөрүп, өзүн суз тиктеп турган кызды көрдү. Кыздын көз карашында не таң калуу, не жек көрүү турганы билинбейт. Болгону, суз гана тигилип колун сунду.
– Куш келипсиз...
– Апа, бул Бегимай. Менин... ой, Аскаттын... не деп жатам, жөн гана жакшы таанышым. Жүргүлө эми үйгө. Апасынын сумкаларын көтөрүп жөнөй берген Азирет четте турган Аскардын машинасын көрдү. “Келген экен да, демек, түтпөгөн экен!” деп мыйыгынан жылмайып алды. Аскар чын эле түтпөдү. Бүгүн Мариям келерин билген соң эрте эле келген. Чачын кыска кырктырган, орто бойлуу, ак жуумал, татынакай аялды алыстан тааныды. Жүрөгү булкуп алды. Алар Бегимайдын машинасына түшүп жөнөй бергенде гана оор күрсүнүп алып, алардын аркасынан айдап жөнөдү. Бегимай аларды мурун Азирет жашап кеткен үйгө жайгаштырды. Апасы ысыкта сергийин деп жуунганы кирип, жалгыз калган Азирет ашканага баш бакты. Кыздын илбериңки кыймылдаган колдорун карабайын десе да карап турганын сезди. Байкабайын десе да ойлуу жүзүн, жаш денесин байкап жатты. Анын көз карашын байкаган Бегимай кашын серпип койду.
– Не болду анчалык?
– Не болуптур? Жөн эле сени карап ойлонуп жатам. Башкача жансың. Менин агам жолдуу экен сүйүүдөн...
– Жок, мен жолдуумун аны жолуктурган. Эгерде аны көрсөң, аны менен жарым эле саат сүйлөшсөң, сен антип айтпайт элең.
– Сен аны качандыр бир кезде унута аласыңбы?
Шаардын четинде жайгашкан Петровкадагы түрмөгө Бегимай менен Азирет жол тартышты. Жүрөк үшүткөн кунарсыз түрмөгө жакындаган сайын Бегимай өңүнөн кете баштады. Бул жерге келүү ага оңой эмес эле. Cоттун өкүмү чыккандагы Азаматтын абалы, эки колунан жулкулдата алып кетип бараткандагы үмүтү өчкөн каректери али да эсинде. Бул жолу кантип чыдаар экен? Азамат таң калып турду. Үй-бүлөсү кечээ жакында эле жолугууга келип кетишкен. Конвой мыскыл жылмая “керемет сулуу кыз экен” дегенде жүрөгү дүкүлдөп алды. Бегимай! Андан башка келе турган бийкеч жок. Бегимай жолугуучу бөлмөгө кирип келген Азаматты көрүп, жүрөгү сыйрыла түштү. Сакалы өсүп, көздөрү алайып, арыктап кеткен экен. Бооруна кыса кучактап турду. Азамат да кучактады, ушунча көргөн кордугу, азабы, арманы бир тең, кыздын боор тарта кучактап турушу бир тең болду. Көптөн кийин жеңи менен көз жашын аарчып, Бегимайдын жүзүнө тигиле муңайым күлүп койду.
– Эх, Бема, Бема, жүрөктү дүкүлдөтүп жибересиң да. Кел, отур эми, не жаңылык?
– Жакшы. Окуп жүрөм. Эми каникулга чыктык. Арыктап кетиптирсиң. ..
– Бул жер түрмө эмеспи,- колун жая күлүп койду Азамат.
– Аа, достор кандай? Экөө жалпы тааныштары тууралуу сүйлөшүп, чер жазыша күлүп отурушту. Бир кезде Бегимай ойлуу тарта сөз баштады.
– Аза, азыр бир адам келет. Сен таң калба, бирок ал Аскаттын көчүрмөсү. Ага өтө окшош адам!
– Аскатка окшош?.. Кандайча?
– Мен сага баарын түшүндүрүп берейинчи алгач... Бегимай болуп өткөн окуяны Азаматка айтып берди. Тиги таң кала күлүп алды.
– Өзүнчө эле сериал го бул...
– Ал Аскаттын өлүмүнө ким күнөөлүү экенин тапкысы келет. Сени менен сүйлөшкүсү келгени да ошондон.
– Ал кайдан чыккан Бэтмен экен?! Бул ишти ал эмес, андан кыйындар аягына чыгара албады го. Ушул учурда Азирет кирип келди. Окшош деген менен, мынчалык экенин ойлобосо керек, Азаматтын көзү алая түштү. Куду Аскат кирип келгендей эңгирей, ордунан кантип тура калганын да билбей калды. Көз карашы... Бир гана көз карашынан улам алдында Аскат эмес, анын эгизи турганын байкады. Жалгыз айырмасы, Аскаттай мээримдүү эмес, курч тигилген көздөр экен.
Аида Аскардын галстугун байлай албай жатканын байкап, жанына жакын келди.
– Кел, байлап берейин.
– Жөн кой, өзүм эле. Оолактата берген Аскардын сөзүндө, үрөйүндө бир дил үшүткөн салкындык байкалды. Аиданын жүрөгү шуу дей түштү. Азыр гана Аскардан айрылса эч ким болбой кала турганын, жашоосу ала салынып, көчөдө каларын ойлоду.
– Кечинде эмне тамак жасатып коёюн? Канчада келесиң? Аскар таң кала каштарын көтөрүп алды.
– Сага эмне болгон, эзели качан келеримди сурачу эмес элең?
– А сага эмне болгон, мынчалык жасанчу эмес элең? Аскар ички сырын бирөө билип койгондой дирт дей түштү. Аялына жооп бербестен костюмун алып, сыртка шашылды. Аскардын толкундап жатканынын себеби бар эле. Болжолдогон жерге келип, көзү менен Мариямдын караанын издеди. Ал четки столдо ойлуу отурган экен. Аял Аскар жакын келгенде гана көзүн көтөрө берди. Чачын буурул баскан, олбурлуу адам бир кездеги Аскар экенин көптө тааныды. Таң кала көзүн албай туруп калды. “Ушундай болуп калган экен да. Кызык, а мен эмне, ошол кездегидей болуп турамбы? Мезгил деген баары бир өзүнүкүн алат тура”.
– Эмне, өтө өзгөргөн бекем?- деди Аскар.
– Баарыбыз өзгөрөбүз. Мариям менен Аскар официант бала алып келген чайдан ооз тийип, көпкө тунжурап отуруп калышты. Экөөнүн ортосунда көп нерсе бар эле. Эч нерсе менен ченегис, эмне менен баштап, эмне менен бүтөрү билинбеген зор нерсе жаткан. Алтургай бири-бирин тиктөөгө даабай, эбак жабылып калган дарбазаны ачып алыштан коркуп отурушту. Анан да алар бирине-бири чоочун эле. Алдында кайгыдан, оорудан жүзү жүдөгөн, капалуу отурган Аскар менен мурунку Аскар эч коошпой турду. Бир кездеги камкор, жароокер, көздөрү күлүп турган Мариям мынчалык муздак аялга айланганын Аскар кабыл ала албай жатты. Жалпы иштери тууралуу супсак сөздөр гана айтылып жатты. Канча убакыт өткөнүн ким билет, бирок бир учурда кетүүгө да камынышты.
– Мен сенден бир гана нерсени өтүнөм,- деди Мариям кетеринде.
– Айта бер.
– Азиретти өзүмө кайтарып бер. Ал... ал балада сенин акың жок. Анын жолу башка, тилеги, каалоосу башка. Ал менин уулум, менин Аскатта эч кандай укугум жок болчу. Ошол укугум жоктугунан азасына да келе албайм деп чечкем. Менин анда канчалык акым жок болсо, сенин Азиретте эч кандай акың жок. Коё бер уулумду... Аскар муздак жылмайды.
– Мен сага окшоп эч качан Аскатты тагдырдын буйругуна таштай салып качкан эмесмин. Сенин энелик укугуң жок, ал туура. А бирок мен Азирет бар экенин билсем, жер жүзүн кыдырып болсо да тапмакмын. А сен Аскаттын бар экенин билип туруп кайдигерлик кылгансың, билгиң келген эмес. Ошондуктан экөөбүз укук жактан салмакташпай эле коёлу.
– Сен билбейсиң, менин ошондогу абалымды!
– Билгим дагы келбейт!- жараатына кол салгандай Аскар атырылып кетти. – Бир билгеним, ак никелүү жарым менин ишеничимди актаган жок. Жок дегенде бир жыл күтө албады. Мен бир жылдан кийин эле чыккам. Бир аз чыдасаң...
– Бир жылдан кийин?
– А сен мени түрмөдө чирип өлөт деп ойлодуң беле? Мени ошол боюнча көрбөй калам деп жаныңды ала качтың беле? Мен сага ишенген элем, өзүмдөн да көбүрөөк сага ишенгем. Мариям үн ката албады. Чындыгында, мунуку туура. Эгерде барга-жокко чыдап бир жыл чыдаса, мунун баары болбойт беле? Аскаты, балким, жанында өсмөк. Балким, ал мындай кырсыкка учурабайт эле? Оо, эгерде баары мындай болорун билгенде...
– Эмне үчүн өзүңдүн гана кызыкчылыгыңды ойлойсуң? Менин жашоом ширин болгон жок. Сен түшүнбөйсүң, жаныңдын жартысын таштап, жүрөгүңдүн жарымын бөлүп, эгиздин түгөйүн таштоо эне үчүн кандай экенин?..
– Актанба, сен баарын өз колуң менен иштегенсиң, эми өз мойнуң менен тартасың. Азирет эч кайда кетпейт. Эгерде аны алып кетем деп келген болсоң, ал үмүтүң менен коштошо бер. Азирет – менин уулум! Эми аны сага бере албайм. Кел, жигит, тамагыңдын акчасын ал,- деген ал столдун үстүнө акчаны ыргытып жиберип, сыртка чыгып кетти. Мариям үн ката алган жок. Аркасынан узата тиктеп кала берди. Чындыгында эле Азиретти алып кетүү үчүн келген. Өмүр бою тарбиялап чоңойткон апасына караганда атасынын таасири күчтүү болорун сезип жүрчү. Азирет атасына өтө окшош эле. Кыялы, жүрүш-турушу, ойлонгону да атасыныкындай болчу. Ошондуктан тез эле атасын жанындай көрүп калды. Жок, тагыраагы, атага болгон сүйүү, мээрим анда бала болуп башына жүн чыкканы болсо керек. Ошондой эле атасыныкындай жолго түшүп кетүү коркунучу бар. Мариямдын эң негизги коркунучу ошол эле.
Аида телефон менен сүйлөшүп жатты.
– Билбейм эмне кылам, биздин үйдө жомоктогудай нерселер болуп жатат. Аскаттын эгизи бар экенин, ал кайдан-жайдан пайда болгонун айтпадым беле. Эми ал бир нерселерди изилдемиш этип жүрөт. Мен андан корком. Аскар да түшүнүксүз болуп жүрөт. Бүгүн...- деп келе жатып, Аскардын машинасын көрүп шашып кетти.
– Аскар келе жатат. Анан чалам, өзүң байланышка чыкпа... Ордунан тура калып, Аскардын алдынан тосуп чыкты. Аны барсыңбы-жоксуңбу деп койбой жанынан өтүп бара жаткан күйөөсүн жеңден тарта берди.
– Өңүң эмне купкуу, жүрөгүң кайра кармап калдыбы?
– Жок, мени жайыма кой. Чалгандарга эс алып жатат де... Өз бөлмөсүнө кирип, галстугун чечкен Аскар креслого отуруп калды. Көз алдында Мариям! Анын талаптары... Кайрадан жини келип, көйнөгүн булкуп жиберди эле топчусу ыргып кетти. Ачуусунан өңү кадимкидей карарып кетти. Бирок эстегиси, кезигишүүнү майда-баратына чейин көз алдына келтирүүнү да каалап жатты. Бул жек көрүүбү же сүйүүбү, өзү да түшүнө албай, ээн бөлмөдө өзү менен өзү алпуруша берди.Азирет Бегимайга карады да:
– Биз эркекче сүйлөшүп алалы. Жалгыз калтырасыңбы? - деди. Бегимай Азаматка суроолуу тигилип, ал “бара бер” дегендей баш ийкеп койду. Бегимай сыртка чыгып кетти. Ээн калган экөө бири-бирин тиктешип калышты.
– Тамеки чегесиңби?
– Чегем. Чөнтөгүнөн сигарет алып сунган Азирет тигиге чылым түтөтүп берди да, бет маңдайына отурду.
– Сен чекпейсиңби? - деди Азамат.
– Жок, чекпейм.
– Аскат да чекчү эмес. Экөө көпкө унчукпай отуруп калышты.
– Мен Аскат тууралуу билгим келет. Элдер экөөңдүн жакын дос болгонуңарды айтышат... Азаматтын чекеси тырыша түштү. Туура, жакын дос болгондугу чын. Тээ бала бакчадан Аскат, Азамат, Нурбек жан достордон эле. Кийин бир мектепте, бир класста окуп калышты. Ушунча ынтымактуу эле алар. Бирок Бегимай алардын жашоосунда пайда болушу менен Азамат өзгөрдү. “Эмне үчүн бардык жактан Аскат эң мыкты болушу керек? Окуудан да, спорттон да, атүгүл сүйүүдөн да ал жолдуу...” деген ичи тардык кийин жек көрүүгө айланып кеткен. Кийин мобу асты-үстү бетон, кай жакты карабасын темир тор болгон жайга келип түшкөндө гана өзүнүн жаңылганын түшүндү. Ошондой сокур кызганыч, ичи тардык болбогондо, ошол каргашалуу кечте экөө урушуп кетпегенде минтип бул жерде отурбайт эле. Азамат сигаретин дембе дем соруп алып, акырын үн катты.
– Аскатты менден жакшы билгендер бар. Эмне үчүн мага келдиң?
– Мен чындыкты билгим келет.
– Чындыкты билдиң дейли, анан эмне кыла аласың? Колуңдан не келет?
– Аракет кылам, келбесе да...
– Чындык керек болсо, сага айтайын. Бирок мени сенден бир нерсе үмүт кылып жатат деп ойлобо. Жөн гана Беманы сыйлагандан сени менен сүйлөшкөнгө макул болдум.
– Чырдын башы Бегимайда болчу дечи... Сезип турам!
– Балким, Бегимайда чыгар, балким, өзүбүз эле тил табыша албай калгандырбыз. Кандай болсо да... Азамат ошол түнкү болгон окуяны ийне-жибине чейин айтып берди. Эч нерсени жашырган жок. Эң акырында “мен аны өлтүргөн жокмун. Бегимай – мен үчүн эң кымбат адам. Бирок ошол кымбат адамым үчүн да бул ишти кылмак эмесмин. Чыныгы кылмышкер мен эмес. Мен да бул тууралуу көп ойлондум. Менин оюмча, бул иш тууралуу Аскар байке билет. Сен чындап киришсең, кылмышкерди Аскар байкеге жакыныраак адамдардан изде...” деп айтты.
– Апа, атам менен эмне деп сүйлөштүңүз? Азирет апасына тынчсыздана карады. Анын ооруп жатып калганына караганда ортолорунда оор сөз болгон.
– Апа дейм...
– Аны эмне кыласың? Андан көрө кайда жүрдүң күнү кечке?
– Бема менен түрмөдө жаткан бир шордууга барып келдик. Ал Аскаттын өлүмүнө күнөөлүү деп 7 жылды мойнуна илип алып кете бериптир. Мариямдын жүрөгү шуу дей түштү. Бүгүн минтип түрмөгө барса, эртең дагы бир чуулгандуу ишке аралашат. Тезинен алып кетпесе болчудай эмес.
– Ази, баарын токтот, эртең кетебиз. Мунун баары бир көргөн түштөй унутулат. Суранам, уулум, жүрөгүм бир нерсени сезип турат. Кетеликчи... Апасынын түрү ага күлкүлүүдөй сезилди. Андан да “мени дагы деле бала көрүп жатат” деген ой болуп таарына түштү да, чалкасынан түшө керебетке суналды.
– Ази...
– Мен эч кайда кетпейм, апа. Балким, окуумду да бул жактан улантармын. Атам мага ылайыктуу иш карап көрмөкчү болгон. Мен кетпейм... Кете албайм, апа. Мен бул жерден көп нерсе таптым. Кайда болбосун, мени кимдер курчабасын, жалгыздык деген нерсе жанымды кыйнай берчү. Мен бул адамдардан бир жылуулук, жакындык таптым, апа. Атам, Бема, Алинка, атүгүл Аскаттын досу Азаматтан бир жылуулук таптым. Апа, ал жакка барыштын сага деле кереги жок. Бул жактан деле сонун иштей бересиң. Мариям уулун тиктеп турду да, күлүмсүрөп койду. Чунак бала, бул жактан кете албаганынын бир гана себеби – тиги кыз экенин мойнуна алгысы жок.
– Болуптур, калдык деп коёлу... А кайда жашайбыз?
– Атамдыкында. .. Анын укмуш үйү бар. Аялы экөө гана жашайт. Мен да алар менен жашабадымбы. Бул тууралуу атам менен сүйлөшүп койгом,- деди камырабаган Азирет.
– Макул, анда мага билет алып кой. Эртең учам.
– Апа?
– Сен өмүр бою издеген жылуулукту таапсың. Эми сага менин эмне керегим бар? А мен... Менин ордум башка, балам... Мен кетишим керек. Мариям уулун алып кетүү максатын көздөгөн эле. Аскар менен жолуккандан кийин уулуна болгон анын таасиринен андан бетер чочулай баштады. Мен кетсем, аркамдан келет деген акыркы үмүтү эле. Бирок Азирет сыр алдырбай ордунан туруп, сыртка бет алды.
– Сен кайда?
– Менби? Атамдыкына. .. Андан чыгып сага билет алам. Эч нерсе болбогондой ышкыра чыгып кетти. Азирет апасын жакшы билчү. Ал эч качан өзүн таштап башка өлкөдө жашай албасын билер эле. Сыртка чыгып, апасы өзүн балкондон тиктеп турганын далысы менен сезип, мыйыгынан жылмайып койду. “Билет алып кой” дейт. Кайра сатышка туура келсе керек, алып койсом...”
Аскар Азиретти көрүп сүйүнүп кетти.
– Кел, азыр эле чай ичейин деп жаткам. Кандай ал-акыбал?
– Жакшы эле.
– Апаң качан жолго чыгайын деп жатат?
– Жакында...- табышмактуу сүйлөгөн Азирет атасынын жүзүнө тигиле калды. Бул көз карашта “чындап эле анын кетишин каалайсыңбы? ” деген суроо турган эле.
– Мен.. тиги... Сен жок үй аңгырай түшөт экен. Апаң кетсе, сен бул жакка келесиң го деп жаткам.
– Мага да Беманын үйүнө апамды алып барган ыңгайсыз сезилип жатат. Ошондуктан сиз менен эркекче сүйлөшөйүн дегем.
– Айта бер, балам.
– Апам сенин үйүңдө, менин жанымда жашашын каалайм! Аскар таң кала карап калды. Мындай нерсе оюна да келген эмес. Не деген оюнду баштаган турат бу бала? Азирет куулана тамагын кыра жөтөлүп алды да, сөзүн уланта берди.
– Апамды бул жакка алып калгым келет. Өзүм иштеп тапканча бул үйдө жашап турсак болот да... Ансыз деле 3 кабат үйдө экөөң эле турасың. Орун кенен, апам жанымда.
– Уулум...
– Капа болбо, биз Аидага ыңгайсыздык жаратпайбыз. Мен өзүм иштеп тапкан соң үй сатып алып, апамды алып кетем. А балким, тиги жактагы үйүбүздү сатабыз. Бирок азырынча бул үйгө жашап турганга неге болбосун?
– Мен силерге мындан мыкты үй сатып бергенге күчүм жетет.
– Мен сени менен жашагым келет, ата! Сени дагы жакшылап билгим келет. Бул эки ооз сөз бардыгын, кийинки тагдырын чечип коёрун билген жок Азирет. Жөн гана колдору менен столду черткилеп, жайдары тиктеп турду. Аскар бир топ ойлонуп турду да, чечкиндүү үн катты.
– Макул, апаң макул болсо эле болду. Аида менен өзүм сүйлөшөм. Эң негизгиси, уулум жанымда болсо болду.
– Уулуңа да эң негизгиси сен болсоң болду. “Оппа, бардыгы менин планым менен кетип баратат. Мынчалык оңой чечилерин ойлогон эмес элем” ушинтип ойлогон ал чай көтөрүп кирип келген Аидага жеңиштүү тигилип, көзүн кысып койду.
Азиреттин суранычы менен Аскар Азаматтын ишин кайрадан каратууга макул болду. Балким, көңүлүнүн түпкүрүндө анын күнөөсү жок экенин ал деле билсе керек. Бирок уулунан жаңы айрылган учурда ага баары бир болчу. Азаматтын күнөөсү барбы же жокпу, териштиргиси келген эмес. Дүйнөгө, адамдардын кайгысына кайдигер карап калган эле. Өз уулун жоготуп жатканда башканын уулу тууралуу ойломок турсун, дүйнөңдү сел алсын дегендей абалда эле. Азирет “ата, өз башыңдан деле өткөн экен. Сени да бир кезде күнөөсү жок эле түрмөгө салып коюшса, анын абалын менден да жакшы түшүнүп турасың. Ал жигит менен жолугуп келдим. Менимче, ал – ак. Эгерде аны чыгарып алсак, чыныгы кылмышкерди табуу да оңой болчудай” деп кайра-кайра айтып жатты. Акыры Аскар Азиреттин сөзүнө муюду. Бул иштин башталышы гана болчу. Азирет эми Аскаттын ар бир досуна жолугуп, ал тууралуу билгенге аракет кыла баштады. Бирок ага ачык кастарын тиккен деле адам жок экенин билди. Эч кандай илинчек таппаганынан улам окуя болуп өткөн жерге, Ысык-Көлгө жөнөмөк болду. Бирок ага чейин апасын жайгаштырышы керек. Антпесе көңүлү тынгыдай эмес.
– Апа, мен экөөңдүн тең уулуңмун. Андыктан экөөңө тең керекмин. Мени экиге бөлүп ала албагандай эле, экөөңдүн тең мага болгон сүйүүңөрдү бөлө албайм. Мен атама да, сага да керекмин азыр. Эмнеге чогуу жашоого болбосун?..
– Дагы эмнени баштаганы турасың, уулум? Тынч эле кетип калалычы, суранам. Эмнеге минтип көжөлүп жатасың? Экөөбүз жаман жашадыкпы?
– Апа, мен сенден эч качан эч нерсе сурап көргөн эмесмин. Ушу суранычым биринчиси да, акыркысы да болсун. Андан да биз ал жакка түбөлүккө калып жаткан жокпуз да. Мариям эч нерсеге түшүнө албай турду. Анын жашоосу минтип түп тамырынан өзгөрүп кетишине өзү да даяр эмес эле. Бул учурда Аскар менен Аиданын ортосунда да айыгышкан күрөш жүрүп жаткан. Азирет менен Мариямдын бул үйдө турарын укканда Аиданын көздөрү чоңоюп кетти.
– Кандайча?
– Азирет менин үйүмдө, жанымда болушун каалайм. Ал болсо апасын жалгыз таштабасын айтып жатат. Бул аз эле убакытка, анан өздөрүнө үй сатып берем,- деди Аскар токтоо гана.
– Сенин азыр деле сатып берип койгонго мүмкүнчүлүгүң бар го... Аиданын муздак каректери жарк эте жаалданып кетти. Биринчи жолу чектен ашып кыжырланып, эмоциясын жашыра албай турганы ушу.
– Түшүнсөң, мен уулумду 21 жылдан кийин таптым. Анын өзүмдөн алыс болушун каалабайм. Аны күндө көрүп тургум келет. Эртең менен чогуу тамак ичип, кечинде коңшу бөлмөдө уктап жатканын сезгим келет. Аскатты жоготуп алгандагы абалымды билесиң.
– А мен тууралуу ойлонуп көрдүңбү? Сенин мурунку аялың менен чогуу жашай албасымды түшүнөсүңбү? Аскар ага кайдигер тигилип койду. Оюнда “ал биринчи сени менен турууга макул болот болду бекен? Азыр мени ошол нерсе көп тынчсыздандырып жатат!” деп санаасы сапырылып жатты. Мойнуна алышы керек, канча жыл бул аялга деген жек көрүү муунтуп келсе да, жүрөгүндө бир ысык нерсе калган экен.
– Мен Азиреттин мында жашашына араң макул болгом. Өлдү деген адам эле маңдайымда көзүн бакырайтып турганына араң көнүп келе жатсам, эми мунусу... Жок, мен чыдай албайм. Аскар жаш аялды бир тигилип тиктеп токтотту. Көз карашында ушунчалык кыжырлануу, араң чыдап тургандай жатыркоо бар эле.
– Токтот! Баары мен айткандай, мен чечкендей болот! Эгерде көңүлүңө жакпаса, анда...- деп колун жайып коюп бөлмөдөн чыгып кетти. Мындайды күтпөгөн Аида шалдырай отуруп калды. Чын эле, эгерде каалабаса эмне кыла алат? Жок дегенде баласы болсо, сөзү чоңураак болмок. Азыр көңүлүнө жакпаган иш кылса, ажырашам дегенден кайра тарта турган түрү жок. Анда кайда барат? Жыргал турмушка, эч нерсени ойлобогон, эртеңки күндүн камы жок жашоого эбак көнүп алган. “Эмне үчүн Аскардан балалуу болуунун камын көргөн жокмун? Аскардан азыр балам болгондо бардык көзүрлөр менин колумда болмок. Эми эмне кылуу керек? Тиги аялдын бул үйдө жашашына жол беремби?” Аиданын мээси тынбай иштеп жатты.
– Кел, кош келипсиң, Мариям.
– Аскар, кечирип кой. Сага оордук кылайын же жашооңо кийлигишейин деген оюм жок эле. Бир ойлогонум Азирет...
– Мен дагы Азиретти ойлогонумдан макул болдум. Мариям башын чайкай жумшак күлүп койду.
– Эмне болду?
– Ал мага “бул идеяны атам айтты. Мен макул болдум” деген эле. Бирок демилге өзүнөн чыкканын айтпаса деле түшүнүп тургам. Уулумдун айлакерлигине күлдүм.
– Уулубуздун де, Мариям, уулубуздун. .. Аскардын үнү катаал чыкты. Мариям ага таң кала тиктеп алып, айласыз курч көздөрдөн тайсалдай карегин ылдый түшүрдү.
– Мени жек көргөн адамыңдан да жаман жек көрсөң керек, ээ?- деди акырын гана.
– Жок, мен сени көбүрөөк аясам керек. Аялдык акылсыздыктан үч эркектин тагдырын бүлдүрдүң. Сени аяйм, анткени Аскаттын жанында болгон жоксуң, анын кандай адам экенин, анын жеңиштерин, анын сүйүүсүн сезе албадың. Аскат – менин жашоомдогу эң чоң жеңишим жана бактысыздыгым. Эне катары...
- Аскар дагы кызуулана бир нерсе деп баратып, Мариямдын жүзүндөгү салаалаган жашты көрүп унчукпай калды.
– Уланта бер.
– Сен туура эмес кылгансың, Мариям. Барып турган акылсыздык. ..
– А сен менин ордумда болгондо эмне кылат элең? Эки баланын бирин бутуна тургузуп кетсем, ошо олжо дедим мен. Менин жалгыз эгиз балдар менен калган абалымды элестетсең. .. Бирөөнү күнөөлөш оңой, Аскар.
– Мен өлүп калбайт элем го. Сен мага ишенген жоксуң. Ак экениме ишенген жоксуң. Алдың да, баланын бирин таштай салып, бет келди качып жөнөдүң. А мен сени күчтүү аял деп ойлочумун. Болуптур, ал ал болду, эмне үчүн мага Азирет тууралуу айткан жоксуң? Эгерде бактылуу кокустук болбогондо, мен уулумду өмүр бою көрбөй калмак экенмин да, ээ? Ушул учурда эшик шарт ачылып, күлүп-жайнаган Азирет кирип келди. Анын аркасынан Аида...
– Апа, сенин бөлмөң менин оң жагымда, ал эми атамдыкы сол жагымда. Чыныгы керемет эмеспи...- деп келе жатып, тиги экөөнүн өңүн байкай калып токтоду.
– Эй, силерге не болду? Аскар ачуусун токтото берип, Азиретке күлүмсүрөй тиктеди.
– Эч нерсе, апаң Аскат тууралуу бир нерсени сурады эле, айтып берсем, ошого капа болуп турган кези. Мариям, таанышып кой. Бул – үйдүн кожойкеси, менин сүйүктүү жарым Аида. Аскардын үнүндөгү какшыкты Мариям гана эмес, Азирет да туйду. Мариям башын көтөрө берип, өзүн тикчие тиктеп турган Аиданы көрдү. Мариям өз учурунда психология илимин да жакшы өздөштүргөн. Алдында турган суйкайган келинди бир тиктеп эле кандай адам экенин түшүндү. “Эх, Аскар, жетер жериңе жеткен экенсиң да” деп ойлоп турду ичинен.
– Ата, азыр айтып коёюн. Апама бул үйдө эч кандай кысым көрсөтүлбөсүн, үй-бүлөнүн кадимки мүчөсүндөй кабыл алышыңыздарды сурайм. Болбосо, апам менен башка үй караштырууга туура келет. Эрте айтып коёюн дедим силерге. “На всякий случай” дегендей,- деп тамашалай сөзүн бүтүрдү Азирет.
– Азирет айтты, демек, бул – мыйзам,- деген Аскар уулуна мээрим төгө тигилип, далысынан таптап койду. Сыпайы сүйлөп, күлүп, ашканага чогуу бет алышты. Азил-чыны аралаш болгону менен, бардыгы жашоосунда чоң өзгөрүү болорун дилинде сезип турушту.
– Мен Ысык-Көлгө барышым керек. Сени кыйноонун кереги жок деп ойлоп, Алинага мени менен барып келүүсүн сунуштагам. Ал жакка барып келбесем, жаным жай алчудай эмес,- деди Азирет. Бегимай унчукпай угуп турду. Ошол каргашалуу окуядан кийин чындыгында эле Көлгө бара элек эле. Мына, эки жылдай убакыт өтсө да, ал кездеги өзүнүн абалын унута албайт. Бирок Аскатка тиешелүү нерседен өзүн тышкары алып жүрө албасын ойлоду. Анын үстүнө Алина менен Азиретти чогуу жиберүүдөн да чочулап турат. Кыз Азирет дегенде эт-бетинен кетип жакшы көрөт. А Азирет үчүн утурумдук көңүл ачуу болушу ыктымал. “Мен акыры курбумунбу же киммин? Алинанын жанында болгонум жакшы эмеспи мындай учурда. Экөөнө жакшы абал түзүп берем. Бирок Алинаны жаман жоруктан сактап калышым мүмкүн. Эгерде Алинка мени менен барса, албетте, экөөбүз чогуу номер алабыз” деп ойлоп турду.
– Мен дагы барам,- деди чечкиндүү.
– Макул, бирок сага оор болбос бекен?
– Акыры бир күнү баары бир барышым керек да. Качанкыга чейин ушинтип качып жүрөт элем? Силер менен барган мага алда канча жеңил болор.
– Болуптур анда, эртең менен жолго чыгабыз. Камынганга жетишерсиң дейм,- деген Азирет машинасын көздөй басты.
– Машинаң кут болсун!
– Аа, муну айтасыңбы, атам ушул дем алышта сатып берди. Сен машинаңды айдабай эле койсоң болот. Меники менен барабыз. Бегимай макул дегендей башын ийкеди. Азирет адатынча шоктоно көзүн кысып коюп машинасын учурта айдап кетти. Бегимай деми кысыла отуруп калды. Мына, бардыгы ордунда, баары жай жайына келип баратат. А Аскат келбейт. Кайрылбайт дагы. Адатынча жылуу сүйлөп, маңдайынан сылабайт. Жоготуунун орду толбос болду. Эртеси таң эрте Азирет, Бегимай, Алина болуп жолго чыгышты. Бегимай үн катпай, өз алдынча ойго чөмүлгөн. Шамалга чачы иретсиз жайылып, ак жүзүн жаап калып жатты. Алина адатынча шоктоно тамашаларды айтып, бир нерселерди Азирет менен кызуу талашып бара жатты.
– Болду эми, азыр күлө берип рулду башкара албай калам,- деди Азирет Алинанын кытыгылап жатканына чыдай албай.
– Анда мага да тийишпе.
– Бема, эмне тууралуу ойлонуп келе жатасың?- деди Азирет арткы орундукта отурган Бегимайга күзгүдөн тигиле.
– Жанатан бери уктап келе жатасыңбы десем, ойгоо элесиң. Же сүйлөбөйсүң. ..
– Мен силерди угуп келе жатам,- деди күлүмсүрөгөн Бегимай.
– Бема жакында жомоктогу кар канышасына айланып калбаса болду,- деди Алина ичи тарый. Ал Азиреттин көңүлүн өзү гана ээлегиси келип турду.
– Мен Аскат менен Көлгө келе жаткан күндөрүмдү эстеп жатам. Экөөбүз тынчтыкты жакшы көрөр элек. Билесиң го, Алина, силер тобуңар менен дискотекага кеткенде ал экөөбүз көл жээгинде кол кармашып басканды жакшы көрчүбүз. Ошол күндөрдү эстеп жатам.
– Айтып берчи, Бема, кулак сенде,- деди Азирет ойлуу түр менен.
– Нени?
– Силердин сүйүүңөрдү. Мен Аскат тууралуу уккум келет. Бегимай бир чети сүйүнүп кетти. Анан баяндай баштады. Өзүнүн да көз алдына ошол күндөр тартыла берди. Өмүрүнүн кереметтүү, кайталангыс күндөрүн эстеп, экөөнө муңайым жылмая айтып берип жатты.
– Көлгө көп жолу келсем да, ушунчалык кооздугун байкабапмын. Айды карасаң...- деген эле. Анда Бегимай айланага суктана карап, Аскат тамашалай свитеринин жеңи менен Бегимайдын жүзүн калкалай койгон.
– Кой, анда бетиңди жаап турайын. Сага Айдын көзү тийип кетпесин.
– Айдын ичине кыз кирип кеткен деп уккам. Балким, сага тигилип, суктанып жаткандыр,- деген анда Бегимай кызга.
Уландысы бар...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3