⠀
🔰Халид бин Саад (р.а.) мындай риваят айтып берген:
⠀
"Бир жолу биз сапарда экенибизде, биз менен кошо Галиб бин Абжар (р.а.) да бар болчу. Ал ооруп калды. Акыры биз Мадинага жеттик, бирок Галибдин абалы улам оорлошо берди. Галиб ооруп калганын уккан Ибн Аттик ага келди да мындай деди:
⠀
❗️ "Сен дары ичишиң керек. Зиренин уругун жанчып, аны зайтун майы менен аралаштыр да, анан ошол суюктукту мурдуңа тамчылаткын. Мен бул каражат (дары) тууралуу Аллахтын Элчиси (саллаллоху алайхи уа саллам) дын
⠀
❗️"Чындыгында, кара зиреде өлүмдөн башка бардык оорулардын шыпаасы бар",-дегенин уккан Айша (р.а.) дан уктум".
⠀
📗(#Хадис. Бухари, Муслим, Тирмизи, Ибн Маажа)
⠀
🥗ЗИРЕНИ ТАМАККА КОШСО БОЛОБУ?
⠀
🔰Абу Убайй Ибн Умми (р.а.) мындай деп айтып берген: "Мен Аллахтын Элчиси (саллаллоху алайхи уа саллам) дын мындай дегенин укканмын:
⠀
❗️"Зирени май жана бал менен аралаштырып, тамакка колдонуп жүргүлө. Анткени мындай тамакта өлүмдөн башка бардык оорулардын шыпаасы бар".
⠀
📕(#Хадис. Ибн Маажа, Хаким)
⠀
🌸ЗИРЕНИН УРУГУНУН ПАЙДАСЫ.
⠀
🔰Абу Хурайра (р.а.) мындай дейт: "Бир жолу мен Аллахтын Элчиси (саллаллоху алайхи уа саллам) дын мындай дегенин укканмын:
⠀
❗️"Зиренин уругунда өлүмдөн башка бардык оорулардын шыпаасы бар".
⠀
📘(#Хадис. Муслим, Тирмизи, Ибн Маажа)
⠀
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев