6-БӨЛҮМ.
Алина телефонун тыңшап отуруп тажап кетти. Азиретке чалып жаткан. Бир жолу алып “бошобой жатам” деген боюнча телефонун көтөрбөй койду. Биринчи Азирет келгендеги кубанычында чек жок болчу. Күнүгө жанында, чогуу... Чын эле экөөнүн көп жерлери окшош болчу. Табити, жашоо образы, ар дайым тынып-тынчыбаган ойноок кыялы да окшош эле. Экөө чогуу жүргөндө күндүн кантип өткөнүн билбей калышчу. Анан эмне болду? Бардыгы эле мурункудай сезилчү. Бирок... Азиреттин көңүлү башка жакта болуп эле калды. Сүйлөшүп жатса деле көзү менен издегени башка.
Себеби Бегимай деп ойлоюн десе, ал Азиреттен оттон качкансып качып жүрөт. Бир канча жолу Азиреттин сунушу менен киного чакырды эле, караманча барбай койду. Башка ким? Шаарда эч ким менен тааныш эмес. Ал эми өзүнө күндөн күнгө Азиретсиз жашоо токтоп калчудай сезилип жүрөт. Ушундай ойлорго кабылып, өзүнөн-өзү кыйналып келе жаткан. Алдынан чыккан курбусу ой-боюна койбой кафеден тамактанабыз деп ээрчитип алды.
Алинанын көңүлү эч нерсени сүйбөй турган эле. Кенедей жабышкан курбусуна:
– Самара, үйгө барыш керек болуп жатат. Кийин баралыкчы кафеге...
– Сен эмне башкача болуп кеттиң? Боюңду көтөрүп эле болбой калдың. Баса, тиги виртуалдык сүйүүң сенин курбуң менен эле ээрчишип басып жүрөт экен го.
– Азиретпи?
– Ии.
– Эмне? Бема мененби? Ким айтты?
– Биздин кыздардын баары эле айтып жатышат.
Алина туттугуп, эмне деп айтарын билбей калды. Үн катпай, коштошуп да койбой жулкунуп жөнөдү. Кызганыч дүрт жанган өрттөй. Көкүрөгүңө кирди дегиче мээңди, жүрөгүңдү ээлеп алып айлаңды кетирет. Жалбырттап, жалындап азыр Азиретти, Бегимайды, деги ааламдын баарын өрттөп жиберчүдөй болуп буулугуп баратты. Бирок ошол күнү Кудай жалгап, экөөнө тең жолуга алган жок.
Бегимай Аскаттын мүрзөсүнө келип, Азирет Аскардын үйүндө калган эле. Бул жерге Бегимай кусасы толуп, айтарга жан адам калбай калганда келет. Айланасында адамдар бар, керек болсо жанын бергенге даяр адамдар бар эле. Бегимай алардын бирине да кайрыла албайт. Анткени Аскат билген Бегимайды эч ким билчү эмес. Бир да адам анын жан дүйнөсүнө кире албаган.
“Аско, неге мен тынчый албайм? Неге мен бул жакка келбейм деп коюп эле келе берем? Айтчы, мындан ары мен кантип жашашым керек?”
Ар дайым ушул суроо көкүрөгүндө. Күнүмдүк тиричилик менен алпурушуп, жашоосу бир калыпта өтүп жатканы чын. Бирок Аскат менен байланышкан жипти эч үзө албай койду. Унута албай койду Бегимай.
Ал эми Азирет... Ал Аскардын үйүнөн чыгып, дубалды таянып отура калды. Ал тагдырдын мындай оюнун таптакыр күткөн эмес эле...
Окурман, чиеленишкен түйүндүн башы тээ алыскы жылдарда жаткан. Адам өзүнө оор нерселерди эстебегенге аракет кылып, өткөндүн дарбазасын жаап коёт эмеспи. Аскар да өмүрүнүн ошол күндөрүн эч эстегиси келчү эмес. Оор болду ошол түн Аскар үчүн. Азирет кеткен соң креслосуна шалак эте отуруп, альбомду колуна алды. Сүрөттө өзүнө тигилип турган жаш келин үчүн бир кезде өлүмгө да барганга даяр болчу.
“Мариям, Мариям де. Сен дагы деле менден акылдуулук, куулук кылган экенсиң” деди ичинен тына. Эми эстегенге аргасыз эле.
90-жылдар. Канына сиңип калган советтик система кулагандан кийин көп адамдар баш аламан жашоонун кай агымына бой урарын билбей алдастап калышты. Аскар бул учурда жаңы үйлөнгөн. Өмүр бою тоодо мал баккан ата-энеси уулунун келечек камын көрүшкөн эмес. Бардык эле советтик адамдардай алар заман дайыма эле ушундай болуп турат деген сокур ишеним менен жашап келишкен. Бардыгы жеке менчикке таралганда деле ошол тоо боорунда жашап, колунда бар малын кайтарып кала беришкен. Аскар Политехникалык институтту бүтүп жаткан учур болчу. Беш жыл жан үрөп окуган окуусунун үзүрүн көрө албай, ылайыктуу жумуш чыкпай жүргөнүнө көп болду. Келинчеги Мединституттун акыркы курстарында эле. Караңгы каптаган сайын Аскардын эки буту үйүнө карай шилтенбей, шалдайып келе жатты. Көз алдында батиринин акчасын доолаган кожойкеси, өзүн күтүп, азык-түлүк алып келсе тамак жасайм деп отурган келинчеги Мариям тартылды. Аргасыз эки колун чөнтөгүнө тыгып, үйүнө кириш тозок болуп турганда келинчеги чыга калды.
– Не турасың? Кечигип жатканыңдан сени издейин деп чыккам.
– Келем да. Мени Кудай алмак беле?
Өзүнө-өзү нааразы болгон Аскар не деп жооп айтышты билбей турду. Келинчеги анын абалын түшүнүп турду. Жакын келип, жаагын жаагына тийгизип жароокерлене кетти.
– Баары жакшы болот. Бүгүн таппасаң, эртең табасың жумушту... Мен бүтсөм, экөөлөп иштейбиз. Гуля эжеден бир аз карыз алып келип, тамак жасап койдум. Жүрү, тамак ичели.
Аскар жылмайып алды. Не дейсиң, мындай ысык, мындай жароокер, камкор жанга? Болгону, татыктуу жашоо берүүгө тийиш. Алаканына салып бөпөлөшү керек. Жакында наристелүү болушат. Орустун эски тамында ыңгайсыздыкта кантип баланы багышат? Үй-бүлөсү үчүн Аскар баарын кылганга даяр эле. Оң каруусунда терең дем алып уктап жаткан келинчегин тиктеп, ошол түндү уйкусуз өткөрдү.
Жүгүрүп жүрүп эптеп тапкан жумушунан да убактылуу кыскартылып калды. Эми эмне кылат? Жаш үй-бүлөнүн кыйналып жатканын байкап, кожойкеси бир аз күн батиринин акысын азайтканга көндү. Бирок андан ары эмне болот? Ошентип жүрүп Аскар жүк ташуучу болуп базарда иштегенге өттү. Жаш үй-бүлө үчүн каргашалуу бороон ушинтип башталарын эч ким билген эмес. Таң азандан турмай. Төшөгүнөн колуктусун ойготпоюн деп акырын туруп бараткан Аскарды Мариям токтотту.
– Аскар, бүгүн, балким, барбай эле коёсуң...
– Эмнеге?
– Жакында мен стипендия алам. Бир аз акчабыз бар. Аябай арыктап, жүдөп кеттиң. Бир күн болсо да эс алып алсаң. Анын үстүнө жаман түш көрүп жатыптырмын.
– Сен мени ойлогондон көрө окууңду ойло. А мен иштешим керек. Барбай койсом болбойт. Эми түш көрдүм деп жумушка барбай койгон кантип болсун?!
Аскар колуктусунун саамайынан жыттап алып чыгып кетти. Ушундай кыйылып турду жаш колукту. Чыгып баратканда да башкача бир көз караш менен тиктеп алды.
Жүк көп болгондуктан, Аскар ошол түнү калып иштемей болду.
– Кел, бир аз болсо да отуруп эс алалы,- деди жанында чогуу иштеп жаткан Кайып.
– Жок, сиз эс ала бериңиз.
– Ой, жоо алгырдын иши кайда качат эле?! Өлө турган болдук. Бир аз чылым чегип, эс алалы.
– Мен чекпейм.
Өзүң бил дегенсиген Кайып ага мурчуя нары басып кетти. Дугдуңдап көпкө иштеген Аскарды байкап туруп, тиги кайра басып келди.
– Эй, сен бир аз чырм этип ал. Дегеле өлөрүңө карабай иштейт экенсиң,- деди нааразылана.
Ошол боюнча Аскар аны көргөн жок. Чарчап, таң агарып калганда вагонго кирип, караңгыда керебетти таап жатып калган. Эртең менен милиция кызматкерлеринин тапыраган үндөрүнөн ойгонуп кетти. Аларды көрөрү менен келмеси оозунан түшүп, ордунан тура калган Аскарды кең далылуу милиционер төшкө түрттү.
– Токто, сен кайда?
– Мен...
Аскар эч нерсени түшүнгөн жок. Көрсө, ошол түнү Аскарлар жүгүн ташып жаткан уйгурду кимдир бирөө бычактап өлтүрүп кеткен экен. Жөн эле сайып эмес, ичеги-кардын эшип таштаптыр. Анысы аз келгенсип, жүк ташуучу Кайыпты кошо өлтүрүшүптүр. Ал эми канга боёлгон бычакты Аскардын жаздыгынын алдынан табышты. Баарынан кызыгы, бычактагы колдун бармак издери Аскарга тиешелүү болуп чыкты.
Мариямдын абалы оор эле. Биринчиден, шаарда каралашар адамы жок болсо (Балдар үйүндө тарбияланган кыз болчу), экинчи жагынан, төрөтү жакындап калган.
Ал эми Аскар капысынан тигинтип түрмөгө түшүп калды. Эмне болуп кеткенин түшүнбөй, бир заматта дүйнөсү чаң-будуң түштү да калды. Күндө милиция бөлүмүнө барат. Бир жолу күйөөсү менен жолукканга уруксат алды. Көрөрү менен кучагына жыгылды. Аял байкуш кандай алсыз? Дирилдеп, күйөөсүнүн көкүрөгүнө башын катып алып бир топ ыйлады. Бир топто эсине келди.
– Кандай анан?
– Алынча эле. Мени кой, өзүң эми кантесиң? Апамдарга барасыңбы?
– Аскар, окуумду эми бүткөн жатсам... Анын үстүнө алар угуша элек. Бир жаңсыл болгончо айтпай эле турайын дегем. Апам байкуш күйүп кетет го.
– Мариям, бала менен эмне болосуң сен?
– Мен эч нерсе болбойм. Курбуларым, эжейлер жардам беришет. Азыр сенин абалыңды ойлоп жатып жинди болуп кетмей болдум. Деги бир аз үмүт барбы акталып чыгышыңа?..
Аскар башын чайкап алды.
– Менимче, жок. Көп жыл бериши да мүмкүн.
– Мариш...
– Оув.
– Сен мага ишенесиңби? Мен бул ишти кылбаганыма, ак жерден күнөөлүү болуп жатканыма ишенесиңби? Сенин ишенимиң мен үчүн баалуу.
– Аскар, мен сени жакшы билем, өзүңдөн да жакшы билем. Мындай иш сенин колуңдан келмек эмес. Мен сага өзүмө ишенгендей ишенем.
Алар бири-бирине чындап ишенишер эле. Аскар Мариямга зоодой жөлөк болсо, Мариям күйөөсү үчүн жайлуу мекен эле. Бул алардын акыркы жолугушуусу болду. Ошондон кийин Аскар канчалык аракет кылса да, аялы тууралуу кабар уга албады. Ал эми Мариям күйөөсүнүн акыркы сотуна да келген жок. Кумга сиңген суудай жоголду. Аскар үчүн бул жандырмагы жок табышмак болду, дал ушул күнгө чейин. Анын тагдыры не болду? Кандай жагдай Аскардан баш тартканга аргасыз кылды?
Аскар бейкүнөө жерден көп жылга кесилип кетти. Баары бир адилеттик болоруна ишенип жүргөн жаны 10 жылга кесилгенин укканда дендароо болуп туруп калды. “Өлдүм!” деген муздак ой дене боюн муздатып таштады. Ойлогону Мариям жана анын боюнда калган баласы. Бир оюнда жаш баласы менен ата-энесинин үстүнө эле барса дейт. Бирок ушунча жылдан бери бар-жокко, ач-токко түтүп окуп келе жаткан окуусун таштап басып кеткенин да туура көрбөйт.
Ал эми айы-күнү жетип турган Мариямдын абалы андан да оор болчу. Өзү дагы оор көтөрдү. Елена Петровна аттуу жалгыз бой аялдын үйүндө жашап жүргөн. Күйөөсү тигинтип ак жеринен күнөөлөнүп кеткен соң ал Мариямга боору ооруп, өзүнүн жанына алып алган эле. Анын үстүнө үлгүлүү окуган, адептүү кызды ичинен аяп турчу. Кезегинде өзү дагы Балдар үйүндө тарбияланып, эми өз күчү менен профессордукка жеткенин Мариямга көп айтар эле.
Аскардын акыркы соту болор күндөрү Мариям катуу ооруп калды. Бир чети санаадан да алдырып койду көрүнөт.
– Кызым, кайгыдан адам бир нерсе болсо, анда мен эбак өлмөкмүн. Адам өзүнө келген кыйынчылыкты жеңе билиш керек. Туура, абалың оор. Бирок жатып алуу менен эч нерсени жеңбейсиң,- деди бир күнү кабагы түшүп, соолуп жаткан Мариямга Елена Петровна.
– Достору Аскардын сотуна катышып келишиптир. 10 жыл берди дешти,- деди араң үн каткан Мариям. – Мен мындан ары кантип жашашымды да билбейм. Балам менен эми кандай күн болот? Мен го мен, өзү не болот? Кандай адам болуп чыгат?
Көмөкөйүндө буулуп, азыр баа деп ыйлап жиберчү абалда. Бирок көктүгүнө салып карманып жатты. Балким, Балдар үйүндө чоңойгондун таасири үчүнбү, Мариям көк, өтө намыскөй жан болчу. Тиштенип чыдап окуусун улантып, дагы бир ооруканада санитардык кызмат өтөп, айтор, жашоо менен айыгыша күрөшүп жатты. Ошол иштеп жүргөн кезинде толгоосу кармап калды.
Пол жууп жатып бели зыр дей түшкөн Мариям ичин кармалай чөгөлөп отура калды. “Башталды! ” деди үрөйү уча. Араң ордунан туруп баратып көзү ымыр-чымыр боло түштү. Ошол замат “Тез жардам” чакырылып, Мариямды төрөт үйүнө жеткиришти. Биринчи төрөт болгон үчүнбү же эгиз төрөп жаткандыктанбы, жаны көзүнө көрүнүп, кыйналып жатты. Адам канчалык кыйналса, ошончолук анын кайрымжысы да болот деген чын окшобойбу, таңга жуук бул ааламга эки перзент жарыша келип апасын бакытка бөлөдү.
– Мына сага, эки уул!
– Жигиттер төрөлдү!
Акушерка, врачтар кубана сүйлөнүп калышты. Мариям эки каруусуна экөөнү алып, болкулдап ыйлап жиберди.
– Эй, сага эмне болду?
– Сүйүнүш керек мындай ишке...- деп жатышты аны курчагандар.
Төрөт үйүнө аны тосуп келген Елена Петровна гана болду. Каатчылык элдин башына түшүп турганы менен, байкуш аял шаанисин кылам дегенби, бир аз стол жасап койгон экен, аны карап Мариям күлүмсүрөп алды. Мындан ары кандай болот? Эки бала менен аты-жыты тааныбаган орус аялдын үстүндө жашай бере албашы да чын. Колун байлаган экөө менен же бир иштей албаса. Алды туңгуюк, арты жар. Кандай кылуу керек? Ушундай кыжалат, кыйын күндөр түштү Мариямдын башына. Бир күнү Елена Петровна аны шашылыш ишке чакыртып калды.
– Кызым, тез келип кал. Сен керек болуп жатасың.
– Балдарды кайда таштайм?
– Коңшунун кызына табыштап келе кал. Ассистентим ооруп калыптыр. 15 минутадан кийин оор операция жасалганы турат. Сенин тажрыйбаң деле жетиштүү.
Мындай учурда көпкө ойлонуп туруу болбосун сезип, Мариям балдарын коңшуга табыштай салып ооруканага жөнөдү. Чындап эле оор операцияга даярданып жатышкан экен. Чет өлкөдөн илимий семинарга келген академик капысынан ооруп калгандыктан, тез операция жасоого мажбур болуп жатышыптыр.
– Келдиңби? Даярдан,- деген Елена Петровнанын буйругун угуп, шашып кирип кетти.
Дарыгерлик кесиптин өзгөчөлүгү ушунда. Ал өмүр менен өлүмдүн дарбазасында турганда баарын унутуп, ошол адамдын өмүрүн сактап калуу үчүн гана жашап жаткандай туюлат. Жүзүнөн тер төгүлгөн Мариям операция бүтүп, шалдырай отурганда гана балдары эсине түштү. Өзүнөн өтүп чарчаган устаты ага боору ооруй карады.
– Рахмат, Мариям, бүгүн ишке жарадык экөөбүз тең.
– Эч нерсе эмес, Елена Петровна, мен балдарга барайын...
Мариям үйүнө келсе, эки уулу тең бака-шака түшүп ыйлап жатышкан экен. Экөөнү уктатып, кирлерин жууп, адатынча түн бир оокумга чейин иш кылып жүргөн Мариям Елена Петровна келип, жанына отурганда байкады.
– Кел, чай ичели,- деди ал шашпай.
Узак сүйлөшүүнү каалаганда гана ушинтип калмайы бар. Кирлерин таштап, чай койгону жөнөгөн Мариям уулунун бири ойгонуп калгандыктан, ага чуркады. Аны уктатып коюп, ашканага кирди.
– Кел, кызым, экөөбүз сүйлөшөлүчү.
“Мына азыр айтат. “Канчага чейин үйүмдө жашай бересиң?” деп айтат” деп жүрөгү опколжуган Мариям орундукка коомай көчүк басты.
– Кандай пландарың бар?- деди тиги түз эле.
– Кечирип коюңуз, биз сизди жүдөтүп жибердик. Кылган мамилеңизге, жакшылыгыңызга, баарына рахмат. Мен эки өмүрдө сиздин жакшылыгыңыздан кутула албасмын. Бирок кам санабаңыз, жакында кетебиз.
– Кайда кетесиң?- деди тиги өкүм үн катып.
Мариям жооп ордуна эки ийинин куушурду. Чындап, кайда барат? Эки кичине баласы менен кайсы эшикти каккылайт? Заман болсо бул...
– Азыр кичине балдарың менен кимдикине батасың, кимге барасың?
– Аскардын ата-энесиникине барам. Балдар чоңойгончо. .. Калганын кийин көрө жатарбыз.
– А окууңчу, ишиңчи? Ушунча жыл окуп, анан бүтөйүн деп жатканда таштап коёсуңбу?
Көпкө кеңешип отурушту, бирок бир жыйынтык чыгара алышпады. Бир жумадан кийин жумуштан сүйүнүп келген Елена Петровна сумкасын таштай салып Мариямга сүйүнчүлөдү.
– Мариям, баягы биз операция жасаган академик айыгып калды. Бүгүн өзүнө чакырып алып, ыраазычылыгын билдирди. Анан сен тууралуу да сөз болуп кетип, сенин жагдайыңды айтып, түшүндүрдүм. “Таланттуу врач болуп чыгат, азыр эгерде баарын таштап айылга кетип калса, медицина эң мыкты дарыгеринен айрылат” дедим. Ал биздин жагдайды ойлонуп, сени илимий тажрыйба топтоо үчүн өз командасына кошуп алмай болду. Ошондо окууң да улантыла берет. Кандай, сонун жаңылык бекен?
– Ким билет, башкалар үчүн мындай ийгилик түшүнө да кирбесе керек эле. Бирок мен баш тартканга аргасызмын, - деди Мариям.
– Кандайча? Акылсызым, мындай ийгилик миңдин бирине келет. Эртең дүйнө эмне болуп кетерин билбей жатканда мындай нерсени коё бериш мүмкүн эмес.
– А балдарчы?
– Убактылуу Балдар үйүнө өткөрүп турсаң болот.
– Эмне-е?!
Келин көздөрү чанагынан чыга кыйкырып алды.
– Эч качан Балдар үйүнө өткөрбөйм. Боортоктоп темселеп калган күндө да мен балдарымды таштабайм. Билесиз го, мен өзүм ал жакта чоңойгом. Мен эч качан балдарымды ал жакка бербейм.
– Коё турчу, анда кандай кылсак?..- деди ойлонгон устаты. – Сен келечегиңди ойлобой жатасың. Азыр балдарың менен калып калдың дейли, анан кандай болот? Баса, сен балдарды чоң аталарына таштап турсаң кандай болот, ыя?
– Жок, мен өлүп калам буларсыз... Кантип түшүнбөйсүз? Мени жарыкка үндөгөн, жашоого аракет кылдырган ушул экөө. Буларсыз, балким, жанымдан деле кечип коёт белем. Ушулар менин тушоом, жарыксыз күндөрүмдү алдыга жетелеген үмүт да болуп жатпайбы?!
Мариям канчалык жан далбастаган сайын Елена Петровна аны академиктин командасына кошулуп кетишине шыкактай берди. Анын айтканы да бир четинен туура. Анткени эки баланы бирдей боорун жерден көтөртүп кетүү кыйын болчу. Ал эми мындай мүмкүнчүлүк чын эле миңдин бирине келчү нерсе эле. Акыры ойлонуп отуруп, баланын бирин Аскардын ата-энесине таштап келмей болду. Ал эми экинчисин карышкырча оозуна тиштеп болсо дагы багып кетет. Ага көзү жетет эле.
Мариям эки баланы тиктеп отурду. Чоңойгон сайын биринен бирин айрып алгыс. Бирок азыртадан эле мүнөздөрү байкалып..
Мариям колдорун эрбеңдете бири-бирине үн салып жаткан балдарын ичи элжиреп тиктеп отурду. Ал үчүн бардыгынан оору – экөөнү ажыратуу эле. Азыртадан эле экөө бири-бирине жакын, бирин алып башка жакка жаткырып койсо, экинчиси сөзсүз чукуранып ойгонуп кетет. Экөө эки жакта чоңоюп каларын ойлогондо көздөрүнөн жаш агып кетти. Жаагынан ылдый кулаган жашты сүртүп, башын чечкиндүү көтөрдү. “Болду, мындан ары ыйлабайм. Ыйлап отурушка убактым да жок. Тагдыр сыноону көтөрө ала турган адамга гана буюрат экен. Демек, мен баарын жеңип чыгышым керек” деп ойлоп жатты. Аскаты жоош, момойгон бала, ал эми Азирет шок, көбүрөөк Аскарга окшош. Чапчаң кыймылдап колдорун сереңдеткендери, чытылган кабагы, көжөлгөн көктүгү окшош.
Мариям Аскатын колуна алды.
– Уулум, мен сага ишенем. Сенде менин мүнөзүм көбүрөөк. Ал эми бөбөгүң (Азирет жарым саат кийин төрөлгөн) андай эмес. Ал шок баланын жанында дайыма жүрбөсөм болбойт го. А сен чоң ата-чоң энең менен... Кандай дейсиң, менин акылдуум?
Ал эми Аскат бир калыпта бармагын соруп, апасына жалжылдай карап жатты. Мариям үчүн бул кадам, албетте, оор болду. Дем алыш күндөрү бир уулун таштап, экинчисин колуна алып Ысык-Көлдүн алыскы айылын көздөй жөнөп калды. Чындыгында, кайын журтуна бир гана жолу келин болгондо келген. Аскар тигиндей ишке кириптер болуп, өзү ай күнүнө жетип турганда бир жолу издеп келип кетишкен. Алардын колунан не келмек, боздоп-какшап түйүнчөгүн артынып алып келишкен байкуштар кайра кетишкен эле. Кайнатасы Аскарга окшош бойлуу, кең далылуу адам. Келинин аяп тиктеп алып:
– Бекем бол, мүңкүрөбө. Кемпир экөөбүз турабыз го. Сени канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай багып алабыз. Окуйм деп жатасың. Эми аныңа деле жолтоо болбойлу. Бирок төрөгөн соң баланы бизге таштап кет, жалгыздын жалгызын эрмек кылып жашап туралы,- деп кеткен эле.
Келин күн кечтеп баратканда болжогон айылга жетти. Эки жагын элеңдей карап алды. Аскардын ата-энеси айылдан алыс, тоо этегиндеги кашарда жашачу. Ал жакка барууга да бир топ жол бар. Уулун бооруна кыса четки тамдын дарбазасын какты.
– Ким бул?
– Байке, саламатсызбы, мен силердин айылдык Токтосун деген адамдын үйүнө келе жаткам. Ал жакка жетпей...
Аңгыча эшик шарт ачылып, орто жаштагы адам чыга келип аны сынай тигилип калды.
– Саламатсызбы?
– Жакшы, айланайын. Токтосун абанын келини болосуң го дейм баамымда.
– Ооба, бүгүн шаардан чыгып келгиче ушул болуп кетти. Мүмкүн болсо, конуп алып эртең жетсемби деп сиздердикине кайрылгам.
– Кел, келе гой, айланайын. Эртең өзүм деле жеткирип коём. Мен дагы малды түшүргөнгө тоого барайын деп жаткам. Колуңдагы бала да үшүп кеткендир...
Мариямды өз кызындай тосуп алган үй-бүлө чындыгында меймандос адамдар экен. Аялы да кабагы жаркыган жакшы аял тура.
Баланы колдоруна алып, биринен өтүп бири эркелетип болбой калышты.
– Мына сага, бул жигит чоң атасынын өзү го, ыя? Тим эле Токтосун абамдын көчүрмөсү. Кемпири экөө жыргап калат экен да. Көпкө эле келдиңерби чоң атасыныкына?
Келин муңайым жылмайып койгону менен жооп узатпады.
– Аскардын башына түшкөн окуяны уктум. Акмактар, адамдын убалынан коркпогон немелер да. Болбосо биздин эң ишенген жигиттерибиздин бири Аскар болчу. Орто мектепти эң мыкты аяктаган...
Үй ээси көпкө күпүлдөдү. Мариям ошол түнү таң атканча уктаган жок. Уулун бооруна кысып, аны менен чоң адамдай сүйлөшүп, бирде кеңешип, бирде ыйлап, сооронуп жатты. Мемирей эмчек ээмп жаткан Аскат болпоюп энесинин кайсы түйшүктү тартып, кыйналып жатканын сезбеди.
Эртең менен эрте туруп, кайнатасыныкына тиги киши менен жөнөп калды. Эки бөлмөлүү үйдүн мору алыстан эле көрүнүп жатты. Сыртта от жагылып, кир жуулуп жаткан сыяктуу. Кайненеси бир нерселерди илип, кайнатасы ат байлаган мамыны жаңыртып жаткан экен.
– Токтосун аба, кандайсыз? Сизге конок алып келдим.
– Болсун, келгиле,- деп бүшүркөгөн Токтосун ат арабаны көздөй басып, бооруна баласын кыскан келинин көрүп шашып кетти.
– Аа, балам, сен белең? Кел, келе гой. Кемпир, балдар келиптир,- деп келиндин колунан баланы ала салды.
– Кагылып кетейин каралдым, келдиңби? Кыйналды го, жаш бала менен деп эле жаттым. Жок дегенде кабар алып келейин десем бул жөнөтпөйт,- деп ыйлап келип келинин басып жыгылды кайненеси.
Араң жарык берген чырактын алдында ошол күнү кечинде үчөө кеңешип отурушту.
– Апа, ата, мен эртең кайра шаарга кетишим керек. Окуумду улантпасам болбойт. Мени, балким, жаман көрүшүңөр мүмкүн, бир айлык наристени таштап басып кетти деп. Бирок...
Бирин-бири тиктеген абышка менен кемпир үн ката алышкан жок. Не дешмек? “Жок, сен 10 жыл бою түрмөдө жаткан адамды күт” деп кантип айта алышат? 10 жыл! Азыр сан менен гана айтылган мезгилдин ичинде дээрлик өмүр жатпайбы. Он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек жаш келинди кантип кармай алышат? Ошону таразалап отуруп, Токтосун ага сөз баштады.
– Балам, сенде не күнөө? Эң туура чечим кылдың. Сени Аскарды күт деп айта албайбыз. Жок дегенде жалгызымдын жалгызын колубузга таштап жатканың – акылдуулук. Эртең бактың ачылып турмушка чыксаң, бул баланы өгөйлөйт. А кемпир экөөбүздүн колубузда балага жакшы болот.
Ошентип, кичинекей Аскат чал-кемпирдин колунда калды. Ыйлап туруп батасын берип жөнөтүштү алар. Мариям болсо уулунун акыркы жолу бетинен өөп, көз жашын көрсөтпөскө бурула берди. Ат арабада өпкө-өпкөсүнө батпай ыйлап бараткан Мариямдын ичинде дагы бир сыр кеткенин эч ким билбеди. Мариям эгиздин түгөйү Азирет тууралуу аларга айткан жок.
Шаарга келип, тез эле еврей чалдын командасына кошулду. Илимий тажрыйба топтоочу топ менен алгач Алматы шаарына жөнөшкөн алар кийин көп өлкөлөргө барышты. Мариямдын жашоосу ошол боюнча дөңгөлөк үстүндө калды. Азирет менен алгач кыйналса, кийин топтогулар ага көнүп калышты.
Мариям экинчи уулу тууралуу унутуп калды деп ойлоп жатасызбы? Жок, ал унуткан жок. Бирок бир жылдан кийин эле түрмөдөн чыгып келген Аскар аны эч качан кечирбесин түшүнгөн соң артына кайрылып бара албады. Ал Аскарды жакшы биле турган. Бир айлык баланы таштап баса берген өзүн эч качан, эч убакта түшүнбөйт эле.
Аскардын түрмөдөн чыгып, бизнес чөйрөсүнө аралашып, ийгиликтүү ишкер болгонун көп жылдан кийин укту. Анда ал өзү менен чогуу иштеген казак жигитке турмушка чыккан эле. Аскардын алдына барып, сырды ачканга эч эле кайраты жетпей койду. Адамдарда жаман сапат бар эмеспи. Өзүбүздү аяп же бир калыптагы жашообузду нугунан бузгубуз келбей кийинкиге деп шылтап коюп, мезгилден уттуруп алабыз. Мариям да ошондой болду.
Баарынан жаманы – кийинки күйөөсүнөн балалуу болбоду. Көп жылдар чогуу жашап, көңүл калтырышпаганы менен, экөөнүн ортосунда бир дубал пайда болду.
– Мен сени кармай албайм, Даул,- деди бир күнү тамак ичип отуруп. – Эркек артында туяк калтырышы керек. Ансыз деле мага көп жардам кылдың. Азиретти өз балаңдай көрөсүң. Бирок билип турам, жүрөгүңдө өз балаңды эркелетип, өз ысымыңды сен да жер жүзүнө калтыргың келет. Ансыз да үйлөнбөй туруп, бир балалуу аял алып алганыңды ата-энең туура көрбөй жүрөт. Мындай абалга кийинки кездери сен эмес, мен чыдабай бара жатам. Ошондуктан сени бошоткум келет...
– Мариям, мен сага бир нерсе дедимби? Бизде баары жакшы го. Дагы күтөлү.
– Ошол эч нерсе дебегениң мага оор болуп кетти. Күнөөсүз күнөөлүү болуп, өзүмдү өзүм жек көрүп баратам. Бактылуу болушуңду каалайм,- деп ордунан туруп кеткен.
Күйөөсү анда деле кетип калбады. Үмүткө жетеленип жүргөнүн көрүп, Мариям эч чыдай албай койду. Малайзияда жакшы жумуш чыгып, баласын колунан жетелеп алып ошол жакка кетип калганга аргасыз болгон.
Ал эми 10 жылга кесилген Аскардын тагдырын, ал кандай күндөрдү башынан өткөрдү, кантип ушул даражага жетти билбейт эле. Ал да өзүнчө таржымал болчу.
Абал адамды өзгөртөт. Аскар эркиндикте жүргөндө дүйнөдө адилеттик жашаарына ишенчү. Соттун акыркы мүнөттөрүнө чейин ишенди. Ишеними сынган соң ошол күндөн тартып башкача адам болуп өзгөрүлдү. Түрмө аны таш боор, сак, кашкөй адамга айландырды. Бирок ошондо да адилет сүйлөп, ак иш кылгандан кайткан жок. Анын түз сөзүнө, тыкан жүрүш-турушуна, айрым жерлерден айткан акылына таң бергендер айланасына чогула баштады.
Тез эле ал тууралуу кептер түрмөдөгү авторитеттин кулагына жетти. Сыртынан байкап жүрүп, кийин өзүнө тарта баштады. Ага баарынан Аскардын түрмөдө жүрсө да чөкпөй, элге окшоп чефир ичип, нашаа тартпай жүргөнү жакчу. Ар дайым денесин машыктырып, эртең мененки көнүгүүлөрдү үзбөй жасап, колуна тийген китепти, гезитти жантыгынан жата калып окуп жүргөнүн байкачу. Бир күнү бул тууралуу сүйлөшүп калышты.
– Сен биз мененсиң. Бирок кылмышкерлер дүйнөсүнө таптакыр коошпой турасың. Же жалган айтамбы?- деди.
Аскар күлүп койду.
– Мен кылмыш кылган эмесмин,- деди жөн гана.
– Эркиндикке чыккың келеби?- тигинин үнү дагы деле эч нерсе болбогондой жай.
Аскардын жүрөгү дикилдей согуп, апкаарып кетти. Оюнда “эх, андай болсо кана?! Үй-бүлөмдүн маңдайына тирүү барсам... Ата-энемди тирүү көрсөм, Мариямдын алдынан өтүп бир кечирим сурасам... Баламдын жүзүнөн өпсөм... Ушул нерселерди кыла алсам, дүйнөдө мендей бактылуу жан болбос эле” деп жатты.
Кашка баш Самат анын жүзүн тиктеп туруп, кандай ойлор сапырылып кеткенин байкады.
– Сени эркиндикке чыгарып, келечегиңе кам көрүш, ишенимдүү адамдарга тапшырыш колумдан келет. Дагы айтам, сен кылмышкер дүйнөсүнө жат адамсың. Сени канчалык аракет кылсак да өзгөртө албайбыз. Сен бизге сырттан көбүрөөк пайда алып келишиң мүмкүн.
– Сиз чындап менин эркиндикке чыгышыма көмөк көрсөтө аласызбы?- деди Аскар. Үмүт оту жанып, не ишенерин, не ишенбесин билбей алдастап кетти.
– Мен кааласам баарын кыла алам. Бирок бир шарт менен... Сага жол көрсөтсөк, көп нерсеге жетишесиң. Бирок ошол учурда сени кимдин колу ал жакка алып барып отургузганын, ким сенин эркиндигиңе өбөлгө болгонун унутпашың керек. Бизге сыртта таасирдүү адам болушу керек. Мен азыр кийинки 5 жылдыктын камын көрүп жатам. Сенин мага ишенимдүү адам, экинчи кол боло турган учуруң керек. Кийин колду үзө турган болсоң, билесиң, биздин кол кандай узун экенин...- деп коркутуп бүтүрдү сөзүн.
– Эгерде мени бул тозоктун отунан куткарсаңыз, өмүр бою сиздин жардамыңызды унутпайм. Бул менин жигиттик сөзүм!- деди Аскар.
Ушул убаданы берип жатып, ал өмүр бою өзүн туткундап жатканын эч түшүнгөн эмес. Аты эркиндик болгону менен, өзүн андан жаман, андан да татаал, андан да тикенектүү капаска салып жатышканын түшүнгөн эмес эле. Бир билгени, бир сезгени үй-бүлөсүнүн маңдайында болуу бактысы эле. Аскар үчүн башынан эле эң ыйык, эң бийик нерсе – үй-бүлөсү болчу. Ошентип, бир жарым жылдан кийин Аскар түрмөдөн бошоп чыкты.
Уландысы бар...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1