Бир жигит такваа бир кишинин кызына үйлөнмөкчү болуп атасынан кыздын колун сураптыр.
Ата, жигитти карап көрүп макулдугун бериптир. Өтө түшүнүктүү такваа киши болгондуктан кызынын калыңына бир кап өрүк алыптыр.
Ак батасын берип амаанат кызын жигитке тапшырыптыр.
Арадан бир, эки жыл өтүп кыз үйбүлөсүн сагынып күйөөсүнөн үйүнө алып барышын суранат. Жигит макул болуп жолго чыгат. Бирок келинчеги жалгыз эмес эле, кудайым буларга бир уул, наристе берген эле. Жолдо чоң бир дарыя бар эле аны кечип өтүш керек болот. Колуна уулун көтөрүп келинчегин жетелеп суудан кечип өтүп баратышса, келинчеги буту тайып сууга жыгылып түшөт. Күйөөсүнөн жардам сураса күйөөсү: "тур өзүң болгону бир кап өрүкө келгенсиң" деп басып кетет. Жараткан насип кылып ошол замат жардамчылар жетип келип келинди алып чыгып коюшат. Окуядан катуу таасир алган келин үйгө жетээри менен атасына айтып берет.
Кыздын атасы акылдуу инсан эле. Балага карап: "бул сенин балаң алгын дагы кет бул жерден, качан бир кап алтын алып келсең анан алып кетесиң аялыңды" деп көчөгө чыгарып коёт. Үйүнө келет, баланы карап өтө кыйналат. Үйлөнөйүн десе жакшы үйбүлөнүн кызын алып анан атасы алып калганын баары билет, эч ким макул болбой коёт. Келинчегин кайтарып алыш үчүн жигит иштеп баштайт. Арадан жылдар өтүп кетет. Акырындап бир кап алтын чогултат да кыздын атасына алып барат. Атасы ыраазы болуп "мына уулум эми жакшы иш кылдың" деп кызын кошуп берет. Үйгө кайтып келе жатып баягы дарыяга жеткенде, секирип түшүп: "Токто! Кел аркама! Сен мага баарынан кымбатсың, сенин калыңың деп төбө чачым суйулду" деп айтат.
Муну уккан кыздын атасы: "
--бизден болсун десек кыянат кылды,
--силерден болсун десек ардактады" деп күлүп коёт.
Ошондуктан акыл менен кылчап, ой менен байкап, улуулардан насаат сурап анан иш кылыш керек урматтуу жаштар.
АЛЛАХЫМым баарыбызды өзү колдоп, өзү туура жоЛго баштасын.
#19
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 9