Азыркы заманда энелердин бир колунда ымыркайы болсо, экинчи колунда сөзсүз уюлдук телефон бар. Заманбап аялдардын мындай образы көнүмүш адатка айланып калган. Көпчүлүк энелер ар дайым байланышта болуп, уюлдук телефон аркылуу акыркы кабарлар менен таанышууга көнүп калгандыктан, ымыркайын эмизип жатып, атүгүл уктатуу учурунда дагы телефонун колунан түшүрбөйт. Уюлдук телефонду дайыма баланын жанында алып жүрүү, анын өсүп чоңоюшуна кандай таасир берет? Деги эле анын зыяндуулугу далилденгенби? Төмөнкү материалда кеңири айтып беребиз.
Уюлдук телефон чындап эле балдарга зыянбы же бул жөн гана ашыкча кабатырлануубу?
Бул тууралуу окумуштуулар ар кандай пикирлерди айтылып келет. Алардын изилдөөлөрүнө ылайык, электромагниттик нурлар баланын нерв, эндокриндик системасына терс таасирин тийгизет. Мээ клеткаларынын нормалдуу өсүүсүн жабыркатат. Уюлдук телефонду дайыма бала менен бирге алып жүрүү, ымыркайдын иммунитетин начарлатып, өтө активдүү болууга жана уйкунун качуусуна алып келет. Көптөгөн педиатрлар уюлдук телефонду баланы эмизип, уктатып же ойнотуп жатканда эле эмес, бала жаткан бөлмөгө алып кирбөө керектигин айтышат.
Медиктер электромагниттик нурлар баланын өсүү гормонунун бузулушуна, алсыз болуусуна, болбосо тескерисинче активдүүлүгү чектен ашып кетүүсүнө, эпилепсияга чалдыгып, өнөкөт ооруларга туш болуусуна алып келе тургандыгын айтып, коңгуроо уруп келишет. Балдардын организми чоң кишилердикине салыштырмалуу абдан сезгич болот. Андыктан ымыркайлар электромагниттик нурларды чоң кишиге караганда 2-4 эсеге көп кабыл алат дегенди түшүндүрөт. Мындай учурда электромагниттик нурлар башка приборлордон дагы бөлүнүп чыгат? Эмне үчүн алардын зыяндуулугу тууралуу кеп болбойт?,- деген суроо жаралышы мүмкүн. Албетте, мындай нурлар сыналгыдан, муздаткычтан, компьютерден жана башка ушул сыяктуу тиричилик техникаларынан дагы бөлүнүп чыгат. Бирок алардын ар бири өз ордунда тургандыктан зыяндуулугу аз болот. Ал эми уюлдук телефоду көпчүлүк учурда адамдар жандарында алып жүрүшөт.
Уюлдук телефондун зыяндуулугу тууралуу окумуштуулар эмне дейт?
Уюлдук телефон пайда болгондон тартип анын зыяндуулугу тууралуу ар кандай талаш-тартыш маселелер жаралып келет. Бул темада окумуштуулардын изилдөөлөрү дагы арбын. Улуу Британиядагы Warwick University окуу жайынын биофизиги Джеральд Хайленддин уюлдук телефондун балдардын ден-соолугуна зыяндуулугу боюнча изилдөөсү резонанс жараткан. 2001-жылы балдарга оюнчук уюлдук телефонду сатууга тыюу салынган. Ошондой эле жашы жетелектердин телефон көтөрүп жүрүүсүнө, аларга ылайыктуу телефондорду реклама кылдууга дагы чектөө коюлган. Америкалык окумуштуулардын айтымында, уюлдук телефон бөлүп чыгуучу нур кан клеткаларына терс таасирин тийгизет. 2006-жылы АКШнын өкмөттүк комиссиясы балдардын уюлдук телефон колдонуусуна чектөө киргизүүнү катуу сунуштаган. Европа окумуштуулары балдар арасында мээ шишик оорусунун күч алышын, уюлдук телефон менен байланыштырышкан. Айрыкча 8 жашка чейинки балдар арасында мындай илдетке кабылуу тобокелдиги арбын. Андыктан Европанын көп мамлекеттеринде 8 жашка чейин уюлдук телефон көтөрүүгө тыюу салынган.
#1
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1