Предыдущая публикация
Бөтөн үйдөн , апа таптым кубанам,
Эки апа, ыраазымын Кудайдан.
Кубанычтан толкуйт менин жүрөгүм,
Апа болду, жакшынакай бир адам.
Аппак жолук, мага салган ал апам,
Көп жашасын, өмүр тилеймин Кудайдан .
Жолун жолдоп,мен да сиздей болсом деп,
Жараткандан дууба кылам ар качан.
Жакшы жүрүңүз ,оорубаңыз эч качан,
Чайлар ичиң, чеберлер колунан .
Бул дүйнөдө ,чоңойттуңуз көп бала,
Сый көрөр ,он төртүнөн сиз апам.
Сизге берди, төрөп баккан өз апам,
Келин болуп ак кызматым аткарам.
Турмуштун , тура жолун көрсөтүп,
Үлгү алып, сиздей болуп карысам.
29.12.2019.
Автор.Мырзалиева Рахат.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1