Ажырашкан, жолу болбой турмушта.
Анча - мынча аны турам колдонуп.
Эркекчилик, туруш жок да урушта.
Сага жагат, өзү дагы керемет.
Маңдайынан нуру турат себелеп.
Жүрү барып, тааныштырып коёюн.
Таанышкандан тартынбайт ал келe деп.
Чындап эле укмушпу, э? Ой досум.
Анда кеттик, досун жыргап ойносун.
Нак эркекке аздык кылат бир аял.
Эркексиңби болуш керек ойношуң.
Досу менен унаасында сүйүнө.
Бара жатып, кабак калды түйүлө.
Себеби ал унаа барып токтоду.
Карындашынын бир тууган үйүнө.
Сулуу менен эми жыргайт экем да.
Деп ойлогон, бул күндөр да чекең да.
Көрсө досу, эрден чыккан бир тууган.
Карындашын айтып жаткан экен да.
Токто досум, башка күнү келели.
Зарыл ишти унутупмун себеби.
Унаасынан түшүп а бу дегиче.
Кетип калды, ашыкча сөз дебеди.
Көздөн жашы агып жатты, тиштенди.
Карындашы колго салды кишенди.
Өзү дагы канча келин ойноткон.
Кайтаар дүйнө деген сөзгө ишенди.
Үйгө келип бычак алып катыгүн.
Карындаштын беремин деп катыгын.
Бир тууганы жашап жаткан тарапка.
Ачууланып бара жатты катыгүн.
Бара жатып көзү түштү мечитке.
Шайтан айтты, барып өлтүр кечикпе.
Бирок Кудай колдодубу кир деди.
Ичте бир үн, шайтаныңды эшитпе
Арам иштин акырети убайда.
Туура жолго салчу дагы Кудай да.
Ал ошентип ийри жолго баспаймын
.
Деп сөз берип, тообо кылды Кудайга.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев