Заман талабына ылайык келип, азыр балдардын баары эле интернеттен кыз издеп, интернеттен таанышып калышты. Ошол интернетке киргиси келбеген, бирок, айласыздан кирген жашоо тууралуу жазгым келди. Кыздар түрлөп жасанышат, деги койчу кай бирин айтайын, өзүнө көңүл бурдуруш үчүн эмнени гана кылышпайт. Баары балдар үчүн. “Балдар үчүн жасанбайм, өзүм үчүн гана жасанам” - деген кыздар да, балдар үчүн жасанышат. Ошол “балдар үчүн жасанбайм” - деген кызды алып, эч ким жашабаган аралга таштап кеткилечи, ошондо жасанарын же жасанбасын көрөбүз.
21 кылым - виртуальный жашоого кош келиңиздер! Көп эле балдардын интернеттен кыз издегени жагымсыз. Анткени, кыздар балдардан эр жүрөктүүлүктү күтүшөт, мындайча айтканда, балдар экрандын ары жагына отуруп алып, достук жибербей, чыныгы жашоодо кыздын жанына келип, “Чоң кыз сизди мен бир жерден көргөндөймүн”, “Чоң кыз сиз менин болочоктогу жубайыма окшош экенсиз”, же башка сөз калбаса “Чоң кыз сиз менен таанышып алсам болобу?” – деген сөздөрдү айтып, кыздын жүрөгүн багындырганды самашат. Кыз киши “мен таанышпайм” - деп айткан күндө да, чындыгында ал сөздү айткысы келбегенин билгиле, кыз жөн гана “мындан да өжөр бол, дагы кадам кыл, бир сөзгө ишенип кетип калба, жакшылап аракеттен” - деп айтып жатканын билүү абзел. Интернеттен такыр эле таанышпагыла дебейм, таанышкыла. Бирок, ар бир кыз өзүнүн болочок күйөөсүн эч нерседен коркпогон, жоопкерчиликти көтөрө билген адам катары элестетет жана дагы ошол адамды жолуктуруш үчүн көпкө ар кандай тилектер, кыялдар менен жашашат. Эгер ал кыялдарына төп келбеген бала менен таанышып калышышса, анда ал баладан оолак болуп, андан качышат. Ошондуктан балдар, кыздар менен интернеттен таанышардан мурун жакшылап ойлонушса, бул нерсе артык болбойт.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев