Бир балага апасы айтып жатат:
— Балам, калп айтпа! Жаман балдар калп айтат — деп.
Баласы:
— Макул апа — дейт.
Бир күнү үйүнөн уруш чыгып, апасы баласын жетелеп бара жатса, алдынан бир киши чыгып:
— Жакшысыңарбы? — десе.
— Жакшы, жакшы — деп, кете берет.
Анда баласы:
— Апа, калп айткан жаман дебедиңиз беле?! — десе.
— Үйдөгүнү сыртка чыгарбаш керек — деп коёт.
— Мм. — деп, баласы кала берет.
Дагы бир күнү атасы менен апасы катуу урушуп, соттошууга чейин барат. Сот учурунда, сот баладан сурайт:
— Балам, атаң - апаң кандай жашашчу эле?
— Жакшы, жакшы.
— Атаң апаңды урдубу?
— Жоок, урбайт, жакшы жашашат — дейт.
Анда апасы баласына жини келип:
— Качан, жакшы эле? Урбады беле?
Баласы айтат дейт:
— Апа, өзүңүз айтпадыныз беле, үйдөгүнү сыртка чыгарба — деп.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев