Предыдущая публикация
Бул оюндун шартын билбей кор болдум.
Тентип издеп, таалайыма кол сундум,
Суук кышка, борошого мен тоңдум.
Бакыт күлүп, карап турат алыстан,
Мына жетем - эки, үч кадам таштасам.
Жолдо калган бечара ит өңдөнүп,
Бул бакыттан улам - улам адашам.
Сүйүү сылайт чачтарымды акырын,
Көздөрүмдөн мончок жашты агыздым.
Жүрөгүм да көнүп бүттү жемеге,
Байкуш, эми жеңилеби эрте эле?
Бакытты таап, аны менен кетейин,
Сүйүү издеп, аны да таап келейин.
Жанталашып тагдыр менен күрөшүп,
Мен өзүмдү бактысызга бербеймин.
Айсулуу Эсенбаевна
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев