Кытайда 8-июнь күнү абдан кызыктуу окуя болду.
Анда университеттин чемпионаты болуп жаткан учурда, оператор керектүү кадрларды алуу үчүн мыкты физикалык даярдыкты жана ылдамдыктын кереметтерин көрсөтүп, спринтерлердин артында калбай, алардан алдында чуркады.
Шансиде болуп өткөн 100 метр аралык жарышынын эпизодунун видеосу TRT World твиттер каналында жарыяланды.
Ыкчам оператор жергиликтүү колледждин студенти болуп чыкты. Жигит чемпионатта иштеп, 8-июнда өткөн спринт жарышын тасмага тартып алган.
Жүз метр аралыктагы таймашта ал жарыштын катышуучуларынын алдында болжол менен 10 метр аралыкта турган. Ал "старт" сигналынан кийин спортчулар менен кошо чуркай баштаган.
Камеранын салмагы 4 кг ашык болгонуна карабастан, жигит спринтерлердин чуркашын эң жакшы тараптан видеого тартып алууга жетишти.
Видео тез арада көптөгөн кызуу комментарийлерге жана репостторго ээ болуп, тармакта "вирустук" болуп калды.
Ошондой эле, көпчүлүк колдонуучулар операторду жарыштын чыныгы жеңүүчүсү деп аташты.
<blockquote class="twitter-tweet"><p lang="en" dir="ltr">A college student serving as a cameraman during the 100-meter dash kept pace with sprinters despite the camera weighing over 4kg at the university sprint race in Shanxi, China <a href="https://t.co/0Nt8EyjsGx">pic.twitter.com/0Nt8EyjsGx</a></p>— TRT World (@trtworld) <a href=" https://twitter.com/trtworld/status/1402330082094424065 ...">June 8, 2021</a></blockquote> <script async src=" https://platform.twitter.com/widgets.js" charset="utf-8"></script>
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев