АРАВАНДАГЫ БАЗАР ТАЛАШ..
Жогорку Кеңештин депутаты Ильхом Маннановдун бир тууган агасы Бобур Маннанов Аравандагы Октябрь айылындагы ижарага алган базарды мөөнөтү бүткөнүнө карабай кайтарып бербей жатыптыр. Базардын бир бөлүгү өкмөттүкү болсо, негизги бөлүгү Маннановдун жеке менчик жери. Жеке ишкер айыл өкмөткө таандык деп эсептелген тегерек-четин ижарага алып өз базарына кошуп иштетип жүргөн. 2017-жылы ижаранын мөөнөтү бүткөн. Октябрь айылы базардын айылга таандык бөлүгүн бүгүнкү күнгө чейин кайтара албай убара. Бабур Маннанов ижара мөөнөтүн узартуу үчүн арыз жазганын жана айыл жетекчилиги макул болбогонун айтты. Мыйзам чегинде аукцион өткөрүүгө да макулдугун берген эмес. Эки тарап соттошуп маселени бир жаңсыл чече албай жүрүшөт.