Дүйнөдө чөнтөк телефондордун жарылуулары 2009-жылдан бери көп катталууда. Албетте, уюлдук телефонсуз учурда жашоону элестетүү кыйын. Алыспы, жакынбы каалаган адамың менен баарлашуу оор эмес. Муну менен мындай аппарат чыгарган дүйнөгө белгилүү ишканалар бизнесин гүлдөтүүдө. Бирок чөнтөк телефондун пайдасынан зыяны көбөйдү. Уюлдук телефон аркылуу көпкө сүйлөшүү мүмкүн эмес. Анткени, телефондун электромагниттик толкундары нерв клеткаларынын бузулушуна жана шишиктердин пайда болушун жаратат. Ошентип майып болуу коркунучу бар, - экенин дарыгерлер айтат.
Дүйнөдө уюлдук телефондордун жарылуусунан адам өмүрү кыйылган учурлар көбөйдү. Кытайдан чыккан жөнөкөй эле телефон жарылбастан, дүйнөгө белгилүү фирмалардын уюлдук телефондору жарылууда. Ошондуктан телефон алаарда сатуучудан сертификат талап кылуу керек. Бирок соодагерлер кепилдик талонун гана берип кутулат. Эми сак болгула, чөнтөк телефондор жарылып, күйүп да кетүүдө. Телефон алардан мурда анын модасына же көркүнө карап эмес, колдонуу эрежелерин билүү керек.