Кызыл-Кыя шаарына жанаша жайгашкан Жинжиген айылы көмүр шахтасына айланып баратканын жергиликтүү тургундар кабарлашты. Анда кадимки эле айылдын арасынан 20-30 метр тереңдикте забой казып, көмүр чыгарышууда. Иштетилгенден кийин орду ачык калган забойлордон кооптонгон тургундар Азаттыкка кайрылышкан. Кабарчыбыз Ыдырыс Исаков Жинжиген айылына барып, жеринен кабарлайт.
#БизЭлМенен