Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Уберите лишние метки и подтвердите оставшиеся, если они определены верно
Убраны из меток0
Подтвердить метки
Отмена
ТАК
Өзгөртүп сапардын агымын,
Өчүрүп жүрөктүн жарыгын.
Өгөйгө айланат көп балдар,
Өрттөнгөн өзөгү. Таңы муң.
Эми эле бирге баш кошушкан,
Эгиздей ар таңды тосушкан.
А түгүл, коштошот түгөйлөр,
Ажырап түптөгөн конуштан.
Бири айтат тагдырдын жазасы,
Бири айтат жаштыктын катасы.
Дегенден чачырап үй бүлө,
Дендароо калууда баласы.
Жашоону чүкөдөй калчаган,
Жеңил ой жаштар көп барбалаң.
Балага жете албай боз жолдо,
Бак тилеп жүрүүдө канча адам?
Жетимдин көздөрү жылтырап,
Басынып. Кыялдар кыркылат.
Билбейт го энеге зар болуп,
Бала ыйлайт түн ичи буркурап.
Чоңу айтчу "атамдай болом" - деп.
Чынында түгөнбөс собол көп...
А азыр, ай-жылда бир келсе,
Сүйлөшпөйт, жооп бербейт ороңдоп.
Ата-эне милдетиң аткарып,
Болгула бүлөөгө ак жарык.
Көп бала айланып жетимге,
Жашашат жүрөктө так калып...
Көп бала айланып жетимде,
Укташат күйүттү жазданып
На видео отмечены:
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше интересных видео и найти новых друзей.