Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Баркталбастан баатыр наамын алганы,
Базарчыдан баркы жеңил салмагы.
Баатыр болбой Ошто жанын бергендер,
Ак үйдү алган баатырлары жайнады.
Кайсы жоону жеңгендерин билбеймин,
Бүтпөйт дагы салтанаты майрамы.
Баатырга эл маани бербей анчейин,
Эки адамдын бири баатыр кантейин.
Баатырлары урпактары мекендин,
Басып кетти колун шилтеп кантейин.
Баатыр экен бирге жүрүп билбеппиз,
Базардагы бозо саткан байкенин.
Бай адамды баатырлыка көргөзүп,
Бай болсо эле биз акылдуу деп сезип.
Баардык нерсе азыр жатат сатылып,
Баатыр даңкы акча менен өлчөнүп.
Баатыр боло калса койон жүрөктөр,
Бүт жүлүнүң, бүт жүрөгүң өрттөнүп.
Уга элекмин, көрө элекмин жүрөгүн,
Чолпонбайдай окко тоскон бирөөнүн.
Сан миңдеген баатырлардан ажалга,
Тике карап чыгаарына күмөнмүн.
Лөлүлөрдөй өз чатырын өрттөшүп,
Баатырлардын жүргөнүнө күлөмүн.
Баатырлар бар үйдүн чаңын сапырган,
Барырдыгы аша түшкөн катындан.
Баатыр барбай эл башына иш түшсө,
Баатырмын деп аялына бакырган.
Баатыр деген башты сайып эл үчүн,
Бала кезден милдет болот катылган.
Бирөө баатыр чыкпай жүрүп айылдан,
Бирөө баатыр капыстан ок жаңылган.
Бирөө жүрөт баатырмын деп төш кагып,
Бетин жуубай чимкиригин агызган.
Баатыр деп балдарды айтам Оштогу,
Башын сайып оттон өткөн жалындан."
Показать еще
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше интересных видео и найти новых друзей.