Кадамжай шаарындагы орто мектептин 1-классынын окуучусу Ибрахим Авазовдун досунун өмүрүн сактап калган эрдиги коомчулукта жакшы жышаан катары талкууга алынууда. Бүгүн Баткен облустук Ички иштер башкармалыгынын башчысы кичинекей Ибрахимге ыраазачылык билдирип, велосипед белек кылды. Каарманыбыздын атасы дагы куткаруучу катары жакшы таанымал.