Кара-Көл шаарында 27-январь күнү Боорукер бир туугандарыбыз тарабынан атайын "Балдарга кубаныч тартуулайбыз" акциясы уюштурулду. Аталган акцияда 5-15 жаштагы балдарды түштөндүрүп, андан соң коньки аянтчасына барып ойнотуп келдик. Балдардын кубанычына чек жок. Аларга дагы ушундай акцияларды өткөрүп турууга сөз бердик. Бул акциянын максаты балдардын маанайын бир аз да болсо көтөрүп, көңүлүн ачуу, балдар үчүн баардык керектүү шарттарды түзүп берүү, алардын ден-соолугуна, эс алуусуна, физикалык таза өсүүсүнө жана эс алуу убактыларын туура пайдаланышына түрткү болуу.
МҮРӨК-К коомдук бирикмеси. Жардам берүү жана кызматташуу тел: 0778 78 74 84