Сузакта 7 үй-бүлөнүн жер үйү бар бирок жери жок. Мындай учур Көк-Арт айыл өкмөтүнө караштуу Жерге-Тал айылында орун алган. Союз учурунда малчыларга деп салынган корпустарды 1990-жылдары жашап жаткандар жеке менчикке сатып алган. Корпустун алдындагы 14 сотих жер тилкени айыл өкмөт өз кармагына өткөрүп, учурда 7 үй-бүлөнүн үйү эле калган. Буга нааразы болгон жергиликтүү тургундар өлкө башчысына кайрылышты. Ал эми айыл өкмөт болсо мамлекеттин жерин жеке менчикке берүүгө мыйзам жол бербейт дейт.
https://t.me/trkregion