Бишкек-Балыкчы-Бишкек жүргүнчү поезди.
14-июнда көптөн күткөн Бишкек-Балыкчы-Бишкек багыты боюнча жүргүнчүлөрдү ташуу поезди каттап баштады. Жалпысынан поездде 232 жүргүнчү Балыкчыга чейин барышты. Курамда 9 вагон: 5 стандарттык, 1 люкс, 2 VIP жана 1 даана вагон-генератор камтылган.
Бул маанилүү иш-чарага карата “Тумар” радиосу “Кыргыз темир жолу” УК” мамлекеттик ишканасы менен биргеликте “Биринчи смена поездде” программасын түз уктуруу уюштурду. Бул уктуруунун алкагында чакырылган ата мекендик жылдыздар жүргүнчүлөрдү концерттик номерлери менен кубандырып, популярдуу ырларды аткарышты.
Буга чейин “Кыргыз темир жолу” УК” мамлекеттик ишканасы Бишкек-Балыкчы-Бишкек жүргүнчүлөр каттамы үчүн кезектеги VIP вагонун ишке киргизген. Жаңы VIP вагон мурунку вагонго окшоштурулуп жасалган, бирок саякатты мурункудан да ыңгайлуу жана жагымдуу кыла турган бир катар дизайнердик инновациялар жана жакшыртуулар менен толукталган:
• вагондо тамак-аш жана суусундуктар сактала турган муздаткыч функциясы менен заманбап бар-стол орнотулган;
• вагондо жүктөрдү сактоо үчүн ыңгайлуу чечим – отургучтардын астындагы орундук. Эми жүргүнчүлөр жүктөрүн отургучтардын астына сактай алышат;
• +40ка чейинки температурада дагы ыңгайлуулукту камсыз кылган панорамалык терезелер жана кубаттуу кондиционерлер жабдылган;
• жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн вагон видеобайкоо тутуму, ал эми жагымдуу саякат үчүн стереотутум жана телевизорлор менен жабдылган.
Бул жылы Бишкек-Балыкчы-Бишкек поездинин каттамынын айырмалоочу өзгөчөлүгү - анын курамына вагон-генераторду киргизүү болуп саналат. Бул вагон 600 кВт кубаттуулукка эсептелген 40 вагонго чейин электр энергиясы менен камсыздай алат (бир вагондун орточо керектөөсү болжол менен 10-15 кВт). Вагондо ар бири 300 кВт болгон эки даана генератор орнотулган. Эгерде бир генератор иштебей калса, экинчи генератор автоматтык түрдө электр энергиясын үзгүлтүксүз берүүнү камсыз кыла баштайт.
https://t.me/trkregion