Сузак районунда уулуу заттар көмүлгөн жерлер талапка жооп бербегенине байланыштуу башка жакка которуу зарыл. Болбосо ал аймакты байырлаган мал-жандыктар менен адамдарга кооптулук жаратат. Кара-Алма токой чарбасынын Ак-Чабыр участкасында тыюу салынган уулуу химикаттарды көмүү иштери 1973-жылдан 1978-жылдарга чейин жүргүзүлгөн. 2009-жылдары белгисиз жарандар тарабынан ал жерлер казылган. Жыйынтыгында мал- жандык массалык түрдө кырылып, жакын жашаган айыл тургундарынан уулануу фактылары катталган. Учурда уулу заттар көмүлгөн жайдын абалы кандай?
https://t.me/trkregion