Башка аймактарда эгин эгүү эми гана башталып жатса, Сузак районунун дыйкандары талаадагы даяр түшүмдү базарга алып чыгуу алдында турушат. Бул жылкы жаз айынын жылуу болуп, эрте келиши аларга ыңгайлуу шарт түздү. Дыйкандар алган түшүмүн жергиликтүү базарга гана алып чыкпастан, чет жактарга экспорттоо аракетин көрүшүүдө. Деген менен, алар бир гектар жерден 30 тоннага чейин таза жашылчаларды өндүрүп, облус базарларында сатылып жаткан продукциянын 60 пайызын камсыз кылып турушат.