Жалал-Абадда Р. Абдыкадыровдун анфитеатры курулат. Этно-комплекс улуттук колоритте жасалып, 200 адамга ылайыкташат. Мында залкар инсандын эстелиги орнотулуп, чыгармалары жаңырып турмакчы. Аталган жайда коноктор үчүн эс алууга бүт шарттар түзүлөт. Бул үчүн Жалал-Абад курортунан жер ажыратылган. Каражат жагы чечилсе, Ы.Абдыкадыровдун көзү тирүү кезинде айтылган керээзи ишке ашмай болуп турат.
Ы. Абдыкадыровдун этно-комплексин куруу залкар инсандын атын алып жүргөн клуб мүчөлөрү тарабынан көтөрүлүп, каражатына депутат Шайырбек Ташиев көмөктөшмөй болду.
Ушул эле күну Шайырбек Ташиев Ы. Абдыкадыровдун биринчи даражадагы ардактуу ордени менен менен сыйланып, клубдун мүчөлүгүнө кабыл алынды. Белгилей кетсек, Ы.Абдыкадыров клубу 1994-жылы ачылып, 30 жылда Эл аралык деген макам алды. Бүгүнкү күндө анын 1300дөн ашык мүчөлөрү бар.
trkregion (
https://t.me/trkregion)