Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстанда 2800 стоматологиялык клиника лицензиясы жок иштеп жатканын айтып, бир айдын ичинде бул клиникалар текшерилип, жабыларын убадалады. Бул тууралуу министр Жогорку Кеңештин жыйынында маалымдады. Соңку учурларда орун алып жаткан медицина тармагындагы терс көрүнүштөр, жаш балдардын өлүмү боюнча эл өкүлдөрү министрликти сынга алып, дарыгерлердин ишин кайдыгерлик катары баалашты. Андыктан мындай көрүнүштөрдү бөгөттө чараларын күчөтүү зарылдыгы белгиленди.
trkregion (
https://t.me/trkregion)