Москва шаарында кыргыз тектүү Нурлан Муратов аттуу жаран полиция кызматкери Андрей Райскийди атып өлтүргөн эмес. Мындай билдирүүнү орусиялык ЖМКлар соттук-медициналык экспертизанын алдын ала жыйынтыктарына таянып жазышууда.
Маалыматка ылайык, полиция кызматкери башына белгисиз катуу буюм менен болгон соккудан улам көз жумган.
Тергөөчүлөр экспертизалардын алдын ала жыйынтыктарына таянып: "Полиция кызматкери Муратовду текшерүү үчүн токтоткон соң алар эмнегедир кызматтык дааратканага киришкен. Ал жерден экөөнүн ортосунда уруш чыккан. Мушташ учурунда Нурлан Муратов анын башына белгисиз катуу буюм менен бир нече жолу урган. Бул мезгилде полиция кызматкери тапанчасын алып чыгып, 2 жолу ок чыгарган, даараткананын аянты кичине болгондуктан ок кайтып келип Райскийдин өзүнүн көзүнө тийген. Тинтүү учурунда Муратовдон кастет табылган", - деген божомолдорду билдиришкен.
Ошондой эле тергөө органдары тапанчада Муратовдун манжа издери табылбаганын айтышкан.
Орусиялык ЖМКлар кырсык 3-сентябрга караган түнү "Курская" станциясында орун алганын, анда 23 жаштагы полиция кызматкерин Орусиянын 43 жаштагы жараны башка атып кеткендиги тууралуу жазышкан. Шектүү жаран Баткен согушуна катышканы боюнча да маалыматтарда тарап жаткан. Кийин Ош облусунун Кара-Кулжа райондук аскердик каттоо бөлүм башчылыгы кылмышка шектүү Баткен согушуна катышпагандыгын билдирген.
АКЫРКЫ КАБАРЛАР 2018
НУРЛАН МУРАТОВ
#ЧукулКабар.
#НурланМуратов,