Сузак районунун тургуну 19 жаштагы Элдар Турдубаев Чечен Республикасынын биринчи президенти Ахмед ажы Кадыровдун жаркын элесине арналган мелдеште биринчи орунду багындырды. Аталган турнирге 17 мамлекеттин спортчулары катышып, Кыргызстандан 11 спортчу барган. Алардын арасынан Элдар 71 килограм салмакта спорттун бокс түрү боюнча беттешке чыгып, атаандаштарын чоюң айрым менен жеңип алган. Беттештен кийин Кыргызстандын капчыгына бир алтын, эки коло медаль кошулган.
t.me/trkregion (
https://t.me/trkregion)