Орусияда борбор азиялык мигранттар отурган социалдык топтордо 21-июлда боло турган жума намаздан кийин Новокузнецск метросунун аймагындагы мечиттин жанына митингге чыгууга үндөгөн чакырыктар тарап жатат. Укук коргоочу Валентина Чупик бул Орусиянын атайын кызматтары тарабынан жасалып жаткан провокация болушу мүмкүн экенин эскертип, мигранттарды мындай чогулуштарга барбоого чакырууда.