Нарын облусунда кыш алты айга чейин созулат. Андыктан бул региондо кышкы туризмди өнүктүрүү пайдалуу багыт. Ат-Башы районуна караштуу Чар жайлоосуна лыжа базасын ачууну пландап жаткан Исабек Абдыгазиев, учурда кышкы эс алууну жактыргандарга мыкты шарттарды түзүптүр.