УКМКнын спецназы менен Жалал-Абад облусунун жол милициясы автоунааларды мыйзамсыз жарыштырып жүргөндөрдүн ичинен 34 кишини кармады. Бул топ ири суммадагы акча сайып, мыйзамсыз көчө жарышын системалуу түрдө өткөрүп келишкен. Автоунаа бейбаштары коомдук тартипти жана жарандардын бейпилдигин одоно бузуп, жол кыймылына коркунуч туудурган көп кырдаалдарды жаратып, жол кырсыктар бир нече ирет катталган.
t.me/trkregion (
https://t.me/trkregion)