Каракол шаарындагы чыккан массалык мушташка лыжа себеп болгон. Окуя 3-январда Каракол шаарында орун алган. Бул боюнча маалыматты бүгүн, 11-январда группага Ысык-Көл ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Каракол шаарынын жергиликтүү тургундардын ортосунда түшүнбөстүк орун алган. "3-январь күнү эс алуучулар 3 лыжаны ижарага алышып, 5-январда кайтарып беришмек. Бирок эки лыжанын таягын сындырып алышкандыктан ага 2 миӊ сом айып төлөшү керек болгон. Ошол учурда сөздөн сөз чыгып, ортодогу пикир келишпестиктен улам мушташ чыгып кеткен. Мушташкандар бири-бири менен тааныш болгондуктан, өз ара пикир табышып алышкан. Лыжанын таягын сындыргандар 2000 миӊ сом акча каражатын төлөп беришкен. Видеону ошол жерде иштеген адамдардын бири интернетке таратып жиберген. Бул окуяга тийиштүү делгендер суракка алынышты. Жабыркагандар жок. Аларга административдик чара колдонулат", - деп маалымдады Ысык-Көл ОИИБнин басма сөз кызматы