Жумушсуздуктун саны өткөн 2022-жылдын жыйынтыгы менен 2,5 пайызга кыскарган. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Ал эми, 2023-жылдын биринчи кварталында республика боюнча жалпы 2537,9 миң адам жумуш менен камсыз болгон. Учурда жумушсуздукту азайтуу максатында бир канча долбоорлор ишке ашып, натыйжада республикадагы расмий деңгээли экономикалык активдүү калктын 2,9 пайызын түзгөн.
t.me/trkregion (
https://t.me/trkregion)