Ноокат районунун Ынтымак айыл өкмөтүндөгү Арык-Бою мектеби жабылып, балдарды мечитте, болбосо палаткаларда окутуу сунушу берилүүдө. Билим уя 1991-жылы фундаменти жок салынып, учурда авариялык абалда. ӨКМги Санэпидстанция тарабынан имаратты пайдалнууга болбойт деген кортундулар чыккан. Ушул тапта имараттын дубалдары чөгүп, атайын тирөөчтөр менен гана кармалып турат. Окуучулардын өмүрүнөн кооптонгон ата-энелер жаңы имарат салуу маселеси менен Президен Садыр Жапаровго кайрылышты