Өлкөдөгү энергетика таңкыстыгын азайтуу максатында кичи ГЭСтердин курулушуна артыкчылыктар берилүүдө. Баткен облусунун аймагында эле 5 чакан ГЭСтин курулушу жүрүп, мындан сырткары төртөөсүнүн долбоору даярдалууда. Кадамжай районунда кубаттуулугу 4 мегаватт, жалпы сметалык баасы 3 миллион АКШ долларын түзгөн чакан ГЭСтин курулушу жүрүп жатат. Ушул жылдын күз айларына курулуш иштерин бүткөрүү аракетин көрүшүүдө.