Аксы районундагы Үч-Коргон айыл аймагында алгачкы муниципалдык бизнес-борбор пайдаланууга берилди. Ачылыш аземине облу башчысы баштаган жетекчилер жана тургундар катышты. Бизнес борбор жергиликтүүлөрдүн жумушсуздук көйгөйүн чечип, Үч-Коргон айыл аймагынын казынасына киреше алып келери белгиленди. Ошондой эле, учурда борбордо ишин жүргүзүү үчүн 20 дан ашык ишкер арыз бергени маалым болду.