Ош шаары менен Андижан облусу туризм тармагындагы кызматташтыкты арттырууда. Бул боюнча буга чейин бир катар келишимдерге кол коюлуп, туристтик сезондо тыгыз иштешүүнү улантууда. Акыркы учурларда өзбек жарандары Кыргызстанга байма-бай келип, Өзбекстан да көптөгөн кыргыз туристтерди өзүнө тарта баштады. Бир жыл ичинде Андижанга 95 миңден ашык чет элдик саякатчылар келсе, анын 56 миңин кыргыздар түзөрү маалымдалат.