Нарын облустук С.Орозбаков атындагы, Нарын шаардык Ж.Коңурбаева атындагы, Нарын райондук Э.Ибраев атындагы китепканалардын 23-апрель Бүткүл дүйнөлүк китеп күнү жана автордук укукту коргоо күнүнө карата "Китепстан" фестивалы өтүлдү. 2022-2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программаны ишке ашыруу максатында адабий иш чаралар, поэзиялык мүнөттөр, жомоктор, оюндар, китеп көргөзмөлөр, флешмобдор, концерттик программалар, китеп окууга арналаган акциялар уюштурулуп, Нарын шаарынын тургундарына ачык асман астында жагымдуу маанай тартууланды.
#Нарын_облустук_китепкана
#Нарын_шаардык_китепкана
#Нарын_райондук_китепкана