СЕНСИҢ ЖҮРӨГҮМДӨ.
Сүйүп караганың,
Күлүп жылмайганың
Башка көздөргө,
Таттуу сөздөргө,
Такыр алмашпаймын.
Сенин мүнөзүңдү,
Нурлуу көздөрүңдү,
Дүйнө кыдырып,
Кимди жактырып,
Кимден таба аламын?
Таза абадайым,
Сенсиз жашабаймын.
Мунун себебин
Кантип билбеймин,
Жипсиз байлаганың.
Мөлтүр карегиңди,
Сүйкүм келбетиңди
Айтып сөз менен,
Сага күндө мен,
Сүйүп бүтө албаймын.
КАЙЫРМА
Сезим багынткан менин ойлорум сен жөнүндө,
Сени эстей берем,
Сени эңсей берем.
Сенсиң жүрөгүмдө.
Текст: 13.08.2022 14.35
Мрз 19.08.22 19:36
Сөзү: Гүлзат Кудайбердиева
Обону: Ильяз Абдыразаков.