Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова брифинг учурунда быйыл окуучулар кандай форма киерин түшүндүрүп берди.
Анын айтымында, окуучулар пандемия убагындагыдай каалагандай кийинбейт. Башкача айтканда, спорттук бут кийим же жынсы шымдарга уруксат берилбейт. Мектеп формасы классикалык стилде болушу шарт.
"Бирдиктүү мектеп формасы боюнча 2015-жылы бекитилген өкмөттүн токтомунда окуучулар классикалык стилде кийиниши керек деп жазылып турат. Анын ичинде мектеп формасынын бир нече түсү көрсөтүлгөн. Ак көйнөк же кофта, кара шым, юбка да классикалык стилге кирет. Болгону окуучу мектепке спорттук же башка стилде кийинип келбеши керек. Мындан тышкары, бир дагы мектеп ата-эне, окуучуларга өзү тандаган форманы таңуулай албайт, ага укугу жок. Ар бир ата-эне мүмкүнчүлүгүнө жараша классикалык стилдеги каалаган кийимин баласына алып берсе болот", — деди министрдин орун басары.
Жусупбекова окшош форма кийүүгө мажбурлаган мектептердин жетекчилигине же мугалимдерге чара көрүлөрүн эскертти. Ошондой эле министрлик быйыл тиешелүү мекеме, адистер менен бирдиктүү форма маселесин чечерин кошумчалады.