Тартылган жылы: 2013
Жанр: Мелодрама
Алты студент университеттин жатаканасында чогуу жашап калышат. Башкы ролдогу биринчи курстун студенти, периштедей сулуу кыз Тахмина үчүнчү курста окуган Чыңгыз аттуу баланы жакшы көрүп калат. Төрт тарабы төп келген жигит ырдайт, гитарада ойнойт, дзюдо менен машыгат, жүрөгү деле бош, бирок кандайдыр бир себептер алардын бир болуусуна тоскоол боло берет.