"Эгер дарыяга жакшылык кылсаң, сыйлыгыңды чөлдөн табасың". Дал ушундай лозунг менен Бишкектин Ленин райондук милициясы ролик тартты.
Анда жакшылык кылуу, жылмаюу жана кубаныч тартуулоо жагымдуу иш экени белгиленет.
"Бирөөгө жасаган жакшылыгың сага ийгилик катары кайтып келиши мүмкүн. Андыктан ар дайым адамдарга жакшылык кылуу, жардам берүү жана жөн гана өз милдетиңди аткаруу керек. Күндөр өтөт, бирок сен жакшылык кылган адам аны өмүр бою эстеп жүрөт. Ленин РИИБи бардык жарандарды жакшылык кылууга чакырат", — деп айтылат маалыматта.
Кадрдан кызынын туулган күнүнө баратып дүкөнгө кирген милиция кызматкерин көрүүгө болот. Аны менен кошо дагы бир киши кызына куурчак алып, бирок кассага келгенде акчасы жетпей калат. Мындан улам милиционер өзү алган куурчакты ага берүүнү туура көрөт. Андан чыгып баратканда улгайган аялдын баштыгы колунан түшүп чачылып кетет. Милиционер аны жыйноого да жардам берет, буга кубанган эне бир куурчак белек кылат.