Таттыбүбү Турсунбаева Кыргызстандын эл сүйгөн эң атактуу актрисасы болгон. Анын сулуулугу бүтүн кыргыз элин суктандырган. Кимден гана сурабаңыз, Таттыбүбү Турсунбаева абдан сулуу адам болгон дешет. Аны Кыргызстанда адамдар «сахнанын ханышасы» деп айтышат. Таттыбүбү Турсунбаева кыргыздын көп кинолоруна катышып, кызыктуу каармандарды жараткан. Ал «Ак Мөөр», олорунда башкы каармандардын, ал эми «Кызыл алма» фильминде Бейтааныш сулуунун ролун ойногон. "Ак Мөөр" фильминен соң Таттыбүбү Турсунбаеваны кыргыздар "Соң-Көл чүрөгү" деп аташкан. Тилекке каршы, анын өмүрү кыска болгон. Ал 37 жашында бул дүйнөдөн кайткан.