ЭЛДИК ДАРЫГЕРЛЕР ЖАНА ЭЛДИК ДАРЫЛООНУН ТҮРЛӨРҮНӨН КАБАРДАР БОЛУП ТУРУУГА КАНАЛЫБЫЗГА ЖАЗЫЛЫҢЫЗ.
INSTAGRAM:
eldik_daryger
“Көчмөн дарыгерлиги” көрсөтүүбүз "NOMADMED ЭЛДИК ДАРЫГЕР" канылыбызга чыга баштагандан бери, Кыргызстандын жети облус, аймактарындагы элдик дарыгерлер тууралуу маалыматтар келе баштады. Алардын бири Ысык-Көлдүн, Кажы-Сайында жашаган, 1981-жылдан бери тамыр кармап, дары чөптөр менен элдердин ден соолугуна кам көрүп келген Калысбек Токтоналиев. Ал Тоң районунун Төрт-Күл айылында, тамыр кармап, элдик дарыгерликти аркалаган чоң энесинин колунда, кичинесинен ысык, сууктун тамыры кандай согоору тууралуу угуп чоңойгон. Тасмага тартылууга сейрек макул болгон, Калысбек Токтоналиевди, КР айыл-чарбасына чоң салым кошкон, легендарлуу парламенттин депутаты, айтылуу саяпкер Замирбек Мукашевдин көмөгү менен Ысык-Көлгө барып, тасмага тартып Сиздерге сунуштап жатабыз.