"Молдокелердин" мушташы эмне себептен чыкканы, кайсы айылдагы мечитте орун алганы белгилүү болду
Сокулук районунун имамы Икрам Рысбаевдин айтымында, окуя бир ай мурун Чүй облусунун Сокулук районунун Новопавловка айылындагы мечитте орун алган. "Бул видео “якынчылар” менен болгон мушташта тартылган экен. Алар өз алдынча эл аралап даават жүргүзгөндөр. Мушташта да ошолорду мечитке уруксаты жок киргендиги үчүн сабашты болуш керек деп ойлойм. Уруш болгон мечит бизден каттодон өтө элек. Бул мечитти 2016-жылы жеке ишкер өз каражатына салдырып, уламалар кеңешинин мүчөсү Махбур дегенди имам кылып дайындаптыр. Мен бир ай мурда айткам “мечиттин документтерин алып келип, бизден каттодон өтүп койгула” деп, бирок ошондон бери келген жок”,- деди Рысбаев.
"Молдокелердин" мушташы бир ай мурун болгон. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда SUPER.KG порталына Кыргыз өлкөсүнүн муфтийи Максат Токтомушев билдирди.
"Мен бул видеону көргөм. Бул окуя боюнча иликтөөнү балдарга тапшыргам. Мага жеткен маалымат боюнча, мушташ бир ай мурун болгон. Мушташкандар кийин өз ара келишип алышкан экен. Чыр-чатак эмне себептен чыкканы жана кайсы аймакта болгону мага белгисиз", - деди муфтий.
Интернетте "ТАКСЫРЛАРдын" мушташып жаткан видеосу тарады. Видеодон бир "ТАКСЫР" башка "ТАКСЫРЛАРДЫ" сабап жатканын көрүүгө болотжатканын көрүүгө болот