Патрулдук милициянын кызматкерин унаасы менен сүзгөн айдоочуга кылмыш иши козголгон жок.
Бишкекте Патрулдук милициянын кызматкерин унаасы менен сүзгөн айдоочунун иши кыскартылды. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка караганда, ишти кыскартууга кылмыштын курамынын жоктугу негиз болгон. Бишкек ШИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз катчысы Таалай Бугубаевдин айтымында, жыл башынан бери Патрулдук милициянын кызматкерин сүзгөн 3 факты катталган. 18-апрелде болгон окуя төртүнчүсү. "Азыркы учурда бир иш боюнча соттук кароо жүрүп жатат. Ал эми бир айдоочу издөөдө, бирине болсо майда бейбаштык боюнча кылмыш иш козголгон", - дейт Бугубаев. Айта кетсек, окуя 18-апрель күнү Бишкек шаарынын Айтматов проспектиси менен М.Горький көчөсүнүн кесилишинен анча алыс эмес жерде орун алган. Анда жол коопсуздугу боюнча кызматтык милдетин аткарып турган Азамат Мукашовду айдоочу Мазда 6 үлгүсүндөгү унаасы менен сүзүп кеткен.