Биздин сүйүү жалган болсо эгерде...
Алтыным деп жан элжиреп жаным деп,
От чачыштык махабаттан жалындап.
Биздин сүйүү жалган болсо эгерде,
Кудайдын да бар экени жалган кеп.
Анда жалган гүлдүн гүлдөп ачканы,
Анда калп го аппак таңдын атканы.
Бизди көргөн түн да жалган, күн жалган,
Асман эмес анда көктүн асманы,
Асман эмес анда көктүн асманы.
Анда жалган мөл булактын акканы,
Таңда куштун үн алышып жатканы.
Жалган анда нарестенин күлкүсү,
Жалбырактын бүр ачканы бактагы.
Булут жалган, булут баскан тоо жалган,
Жалган, жалган ушул аалам бүт жалган,
Бизге чейин сүйүшкөндөр калп анда,
Бизге дейре дүйнө алдамчы жаралган,
Бизге дейре дүйнө алдамчы жаралган.
Анда жалган чагылгандын түшкөнү,
Анда жалган каркыралар күздөгү,
Мейли баары жалган болсун өңүмдө,
Кантип кыйам сезимдерди түштөгү?
Анда жалпы көктөм жалган, жаз жалган,
Жалган жашоо бүтүрүлүп асмандан.
Мейли менин жалган болсо күлгөнүм,
Анда неге көздөрүмдөн жаш тамган?
Анда неге көздөрүмдөн жаш тамган?
Көлдөй чалкып, күндөй балкып сүйүүбүз,
Укмуш сүйдүк бирибизди бирибиз.
Экөөбүз тең кетсек болмок жазага,
Чыкынчылык кылсак эми кимибиз,
Чыкынчылык кылсак эми кимибиз.
Укмуш сүйдүк бирибизди бирибиз...
Сөзү: Каныбек Иманалиевдики
Обону: Айбек Карымовдуку
@bekjan.majitov.official