"Сүйүктүүм бол жөн гана түшүмдөгү"
автору: Жумабек АКБАРОВ
Кереметти сезчүү элем өзүңдөгү,
Тартып турчу күлкүң сенин көзүңдөгү.
Болду эми арманым болгонуңча,
Бакытым бол жөн гана түшүмдөгү
Таптың окшойт адамыңды көңүлдөгү,
Эң бактылуу сүйүктүү бол өмүрдөгү.
А менин муң кайгым болгонуңча,
Ардагым бол жөн гана түшүмдөгү
Тагдыр деген бир кылбады сүйгөндөрдү,
Түш көргөндөй калтыралы өткөндөрдү.
Өмүрдөгү өкүнүчүм болгонуңча,
Сүйүктүүм бол жөн гана түшүмдөгү
Унуталы жылмайышып күлгөндөрдү,
Унуталы бактылуу биз жүргөндөрдү.
Жашоодогу жароокерим болгонуңча,
Сүйгөнүм бол жөн гана түшүмдөгү