🇰🇬 1989-жылдын 23-сентябры Кыргыз ССРинин Жогорку Совети “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамды кабыл алып, андан соң кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамын берген.
🇰🇬 Ал эми 2004-жылы аталган мыйзам жаңыланып, кыргыз тил – Мамлекеттик тил болуп, ал эми орус тил расмий тил деп жарыяланган.
🇰🇬 Кыргыз тили - биздин улуттук сыймыгыбыз. Эне тилди сүйүү ар бир атуулдун адамдык парзы, эч нерсе менен алмаштыргыс ыйык дөөлөтү жана сыймыгы.
🇰🇬 Эне тилибиз эне сүтүбүздөй таза, чечендин таңдайын сайратып, баатырдын маңдайын жаркыратып, өнүгүп, ар бирибиздин биринчи улуттук белгибиз катары көөнөрбөй көкөлөп, кылымдарды бойлой берсин!
❤Ал эми дал ушул убакытта, биз менен Кыргыз Тил Гимнин угуп койунуздар)
#probationkg #probation #Kyrgyzstan #kyrgyz_language #ПробацияКГ #пробация
#Кыргызстан #кыргыз_тили
Министерство юстиции Кыргызской Республики